Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

Жалал-Абад: мечитке эмес, мектепке...


Намаз окуп жаткан балдар. Нарын, Кыргызстан.
Намаз окуп жаткан балдар. Нарын, Кыргызстан.

Жалал-Абад облусунда сабак учурунда жума намазга барган окуучуларга карата чара көрүлөт. Облус бийлиги намазды шылтоолоп, кызмат орундарын иш учурунда таштап кеткен кызматкерлерди да көзөмөлдөгөнү жатат.

Мындай чечимди облустук бийлик жаш муунду ар кандай диний-экстремисттик маанайдагы тобокелдиктен коргоо максаты менен байланыштырууда.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиеванын билдиргенине караганда, окуучулардын сабакка үзгүлтүксүз катышуусу рейд аркылуу көзөмөлгө алынмакчы:

- Мектептерде рейд өткөрөбүз, себеби жума күнү окуучулар сабактан калбашы керек. Эч ким исламга жана мусулманчылыкка каршы эмес, бирок жаштардын туура эмес агымдарга кетип калуусунун алдын алышыбыз абзел.

Бул демилгени казыят да колдоп жатканын облус казысы Абдулазиз Закиров ырастады:

- Мечитке келген адамдардын баары эле туура жолдо деп айтуу кыйын. Анын ичинде туура эмес багытта жүргөн адамдар да келет. Биз алардын баарын тескеп, иргей албайбыз. Ошол себептүү туура эмес жүргөн жарандардан жана жамааттардан сактап калуу максатында ушул маселе каралып жатат. Анан коомчулук да муну туура кабыл алып, туура түшүнүшү керек. Демек, бул жаш балдарды мечитке киргизбөө эмес, аларды туура эмес жолдон сактап калуу максатында уюштурулуп жатат.

Облус казысы бул демилге намазды шылтоолоп окуудан качкан балдарды да тартипке чакырууга жардамы тиерин белгиледи. Анткени, ата-энеси чет өлкөгө иштеп кеткен балдар арасында же мектепте, же мечитте жок балдар да жолугат.

Коомчулукта жаңы демилгеге мамиле ар кыл. Мамлекет милдеттүү билим берүү менен бирге жеке адамдын диний ишенимине да сый-урмат менен мамиле кылуусу керек. Ошондуктан, балдарга чектөөлөрдү коюу аркылуу эмес, алардын ата-энелерин алдын ала ынандыруу аркылуу максатты ишке ашыруу алда канча ийкемдүү болоруна ишенгендер арбын.

Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну Икрам Апапов 12 жашка чейинки балдардын мечитке барып намаз окушуна таптакыр тыюу салуу керек дегендердин бири:

- Айылда 1-класска барган балдар да мечитке барышат жана кыздары жоолук оронушат. Шариятта кыздар тогуз ал эми балдар 12 жаштан кийин намазга жыгылууга милдеттүү деп айтылган. Туура, бирок билим албай коюуга да болбойт да. Ошол үчүн балдар биринчи кезекте билим алышы керек. Ал эми онунчу класстын балдары сабагы 13:00дө аяктаса, андан чыгып мечиттерге барса болот. Илими жок жаштар туура эмес түшүнүктөн улам жаман агымдарга азгырылып жатышат. Бул демилгени өкмөт катуу көзөмөлгө алышы керек.

Облус аймагында 469 жалпы билим берүүчү мектептерде 210 минден ашык окуучу билим алат. Жалал-Абад шаарындагы билим уяларында өткөн жылы окуучулар жума намазга кетип, сабак катышпаган жагдайлар арбын орун алган. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Азимжан Абдрашев:

- Былтыркы жылы бизде кээ бир мектептерде ушундай фактылар катталган. Ошол учурда биз мектеп администрациясы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын баруусуна тыюу салганбыз. Бирок ал ишке ашкан эмес. Бул демилге азыр колдоого аларлык. Анткени балдар мектепке барган соң окуш керек. Ал эми диний билимди алар мектептен кийин алса болот.

Окуучулардан сырткары жума намазды шылтоолоп, жумушун үзгүлтүккө учураткан мамлекеттик жетекчилер да соңку учурда сынга алынууда. Эми мындай көзөмөлдөр аларга карата да жүргүзүлүшү мүмкүн. Аларга да азыр эскертүүлөр берилип жатат, дейт облус жетекчиси Жумагүл Эгембердиева.

- Азыр бизге көп суроолор болуп жатат. Жума күнү намаздан кийин мамлекеттик кызматкерлерди иш ордунан таба албай калып жатабыз деп. Алар намаздын шылтоосу менен ар жакка чыгып кетип жатышат. Биз буга тыюу салган жокпуз, болгону намаз 10-15 мүнөт окулса, түшкү тамактануусун ошол убакка жылдырып алгыла, деп жатабыз. Аларга да көзөмөл болот.

Жалал-Абад облусунан Сирияга 72 жаран кеткен. Салттуу эмес дин агымдарынын үгүттөөлөрү менен акыркы алты айда Сирияга аттанган жаштардын саны облуста эки эсеге өскөн. Ошол себептүү жаштарды туура эмес жолдон токтотуу үчүн бул иш-чара демилгеленип, учурда атайын ар тармактын адистеринен куралган комиссия түзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG