Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Маданий мурасты сактап келаткан эне-келин


Келини Асылкан Өмүркулова (солдо) жана кызы Гүлкайыр Кулкишиева.
Келини Асылкан Өмүркулова (солдо) жана кызы Гүлкайыр Кулкишиева.

Көз жоосун алган улуттук кийим-буюмдарды тиккен аксылык Уулжан Матанованын көргөзмөсү облус аймагынан ары чыга элек. Чебер байбиче өз өнөрүн кыз-келиндерине үйрөтүүдө.

Келини Асылкан Өмүркулова биз барганда Бишкекке кеткен Уулжан эненин колунан жаралып, бир бөлмөгө ирети менен коюлган бир нече кийим-буюмдарды көрсөттү. Ал өзү да, кесиби медициналык кызматкер болгон кайненеси да кол өнөрчүлүктүн атайын окуусун бүтпөгөнүн айтты:

- Чеберчиликти кайненемден 21 жашымда келин болуп келгенде үйрөндүм. Бул - аялдардын тебетейи, мунусу – суусар тебетей. Бул – кыздардын той көйнөгү, колдо тигилген, үстүндөгү чапаны менен. Бул – шөкүлө. Той кийимди мен ушу шөкүлө менен өзүмдүн тоюмда кийип чыккам. Ушулардын баарын кайненем өзү тиккен. Үй жасалгалары баары өзүбүздүн колубуздан чыгат, пардаларга оюм-чийимдерди түшүрөбүз. Буйрутма беришет. Материалдардын түрүнө, тигилишине карап, баасын бычып, кардар болгондорго да тигип беребиз. Өзүм мончок менен шөкөттөп, саймалуу чапандарды тигем.

Асылкан эмчектеги эгиз кыздары уктаганда гана кайненесинин өнөрүн улантат. Жасалгалуу кийимди каалагандар жана уулун үйлөндүргөн, кыздарын турмушка узаткан адамдар аларга кардар.

Энеси экөө кыздардын себин, камыштан бойро, килем-килче менен үй жасап, улуттук кийимдерди келиштире тигет экен. Ошондуктанбы, булардын чыгармачылыгын көргөн чет элдиктер таңданып, Уулжандын үйүн улуттук кийим-буюмдарды тигүү мектебине айландыруу, бул жерде өзүнчө ишкана ачуу жагын сунуштаптыр:

- Эмгегибиз акталат. Керектүү жип-шуу, кездеме, баркыттарды Кара-Суунун базарынан сатып алабыз.

Бирок меймандардын сунушу сөз жүзүндө калууда. Анткени уз аялдын кызы Гүлкайыр Кулкишиева энесинин өнөрүн кубаттаган сүрөөнчү, же кандайдыр өкмөттүк мекеме болбогондугун айтууда. "Эгер каражат табылса, апамдын эмгектери кайсы көргөзмөгө болсо да катышмак. Кечээ жакында аяктаган “Оймо” фестивалына деле буюмдарын койсо болмок. Андай көргөзмө-сынактарга бараар-койорун сураган, Аксынын Кара-Жыгач айылында уз чебер бар экенин эстеген мамлекеттик мекеме болгон жок", - дейт ырчы Гүлкайыр:

- Апам өзү да, сиңдиси да чебер. Алардан үйрөнүп, кичинемден бери эле айрыкча кыздарга тиешелүү курактарды курап, саймаларды сайып келатам. Апам бардык нерселерди тигет, төшөктөрдү кабып, шырдак жасайт. Боз үйдүн ичи-сыртын жасалгалайт. Улуттук кийимдерди, азыркы убакта кимге да болсо, куюп койгондой жарашар саймалуу чапандарды тигип атат. Кээде райондон Ардак грамота берип калышат. Андан ашыкча баалай деле беришпейт. Бул жакка караганда Ысык-Көл, Талас, Чүй, Бишкек жактарда жакшы баалашат го, кол өнөрчүлөрдү. Бизде андай эмес. Көргөзмөлөрүн чет элге деле жайылтса болот. Мамлекеттен колдоо болсо көргөзмөсү коюлмак.

Эл ичинде не бир өнөрлүү адамдар катылуу. Улуттун өзүнө таандык өзгөчө өнөр, каада-салт, маданий мурастарды көрөңгөлүү адамдар сактайт тура.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG