Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Ош: Имамдар диний агымдарды айырмалоону үйрөнүүдө


Имамдар окууда, Ош. 9-январь, 2012
Имамдар окууда, Ош. 9-январь, 2012

Ошто имамдар билимин өркүндөтүү үчүн 20 күндүк окууга киришти. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан чогулган 60тай диниятчы диний экстремизм, салттуу ислам жана динге байланышкан мыйзамдык актылар жөнүндө сабак алышмакчы.

Ош облус казысы Ниязалы ажы Ариповдун пикиринче, мечит имамдарын окуудан өткөрүү учур зарылчылыгынан пайда болду. Ал өзгөчө радикализм жана экстремизм маселелери курчуп жаткан мезгилде ар бир диниятчы бул жаатта терең билимге ээ болушу зарылдыгын айтат:

- Кыргызстанда ар кандай диний агымдар, диний жамааттар чыгып жатат. Кээде биздин салттуу ислам динине туура келбеген диний кыймылдар да жок эмес. Так ошолорду таанып билүү, айырмалай билүү сыяктуу маалыматтарды окуулукта үйрөтөбүз. Муфтият, казыят жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жаткан бул курстун башкы максаты ушул.
Учурдагы динге байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде комплекстүү программа иштелип чыгышы керек. Ошонун негизинде жасалган бирдиктүү саясат гана бизди сактап кала алат. Тимур Козукулов

Ариповдун белгилешинче, бул окуулук мечит имамдарынын тажрыйба алмашуусуна да өбөлгө түзүп бермекчи:

- Намаз окууда, мечиттердеги диний иштерди жүргүзүүдө имамдарда айырмачылыктар болуп келгенин моюнга алабыз. Ал жетишсиздиктерди жоюу үчүн 20 күндүк окууда алар толук билим ала алат деп айта албайбыз. Бул жерде болгону көз караштардын түздөлүүсү жана негизги, туура багыттарда жүрүү үчүн болуп жаткан аракет. Бир эсе бул чогулуу аймактагы мечит имамдарынын бири-бири менен тажрыйба алмашып, бири-биринен жакшы нерселерди үйрөнүү жагынан да өз жемишин берет.

ОшМУнун теология факультетинин базасында өтүп жаткан окуулук 20 күнгө созулмакчы. 8 жылдан бери уюштурулуп келаткан иш-чараны Түркиянын «Дианет» коому каржылоодо.

Кара-Суу районунан келген имам Асаттилла ажы Нурматов алардын ишинде жаңы усулдар зарыл болуп калганын ачыктады:

- Негизи илим ар бир күнү жаңыланып турат. Биз мына 50дөн ашып калдык, бардык нерсени билебиз деп олтура берген менен болбойт. Күндөн күнгө жаралып жаткан жаңы усулдарды үйрөнүү азыр бизге абадай зарыл болуп турат. Анткени кээде биз түшүнбөгөн, же билбеген жагдайларда кыйналган учурлар бар. А өзүбүз билбесек, карапайым элди да адаштырып коюушубуз мүмкүн. Ошон үчүн илимди жаңыртуу ар бир имамдын милдети.

Баткен облусунун Кадамжай районунан келген диниятчы Айбек Нурмаматов болсо, диний жогорку билимдүү адистер имамдык кызматты аркалоодон баш тартып жатканына токтолду:

- Чынын айтайын, мына биздин Охна деген айылыбыздагы мечит азыр имамсыз турат. Мурда иштеген имамыбыз өзү жогорку билимге ээ болуп туруп иштебей койду. Ошол себептен райондун казысы бизди окууга жиберген. Буюрса бул жерден илимимди кеңейтсем, барып иштөөг укук алам.

Нурмаматов ошондой эле карапайым калк арасындагы диний сабатсыздыкты жоюу бир гана диниятчылардын иши эмес экендигин кошумчалады:

- Негизи адамдардын ар кандай багыттарга кирип кетүүсүнө бир эле имамдар күнөөлүү эмес. Биз имамдык кылсак мечитке келген кишилерге имамдык кыла алабыз. Үйүнө барып айтайын десең, ар ким өз билгениндей жашай турган заман азыр. Ошол себептүү диний билимдин тайкылыгынан, же акча деп атып ар кандай радикалдык кыймылдарга мүчө болуп кеткендерди да угуп жатабыз. Бирок бул процесстин алдын алууга коомчулук өзү күрөшүүсү керек.

Ал эми жергиликтүү талдоочу Тимур Козукулов имамдардын курстан өткөрүү менен гана диний маселелерди чечип коюу мүмкүн эмес деп эсептейт:

- 20 күндүк курс менен эле имамдар бардык нерсени үйрөнө алышпайт. Анан ошо менен маселенин баарын чечип жиберебиз дегенге да мен көп кошула албайм. Учурдагы динге байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде комплекстүү программа иштелип чыгышы керек. Ошонун негизинде жасалган бирдиктүү саясат гана бизди сактап кала алат.

Маалым болгондой, буга чейин аймактагы имамдардын 60-70 пайыздан ашыгы атайын диний билим албагандыгы сынга кабылып келген. Эми соңку аракеттер диниятчылардын сабатын жоюуга аз болсо да салым кошо алаарына үмүт арткандар арбын.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG