Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Бишкектеги Орозо айт намазы


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев айт намазга чогулгандардын алдында сөз сүйлөөдө, 30-август.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев айт намазга чогулгандардын алдында сөз сүйлөөдө, 30-август.

Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Рамазан айы бүтүшүнө байланыштуу Орозо айт белгиленүүдө.

Эртең менен өлкөнүн бардык аймактарында Орозо айт намазы окулду. Бишкектеги айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта өтүп, намазга чогулгандарды өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, муфтий Чубак ажы Жалилов Орозо айт менен куттуктады.

Орозо айт намазына келгендер, 30-август.


Быйылкы айт намазга келгендер жылдагыдан кыйла аз болгону айтылууда. Айрым байкоочулардын баамында, аг болжол менен он миңдин тегерегиндеги эл чогулду. Мурдагы айт намаздарга чогулгандардын саны 50 миң адамдан ашканы маалымдалып жүргөн. Бул жолу намазга киши аз келип калышы Орозо айт чукул жарыяланып, көптөр аны укпай калганы менен байланыштырылууда.

Орозо айт намазына келгендер, 30-август.


Айдын чыгышына ылайык Орозо айт 30-августка туура келерин, муну менен быйылкы жылы орозо 29 күн кармалганын муфтий Чубак ажы Жалилов кечээ түнү, он экилерге чукул коомдук телеканал аркылуу жарыя кылган.

Кыргызстанда Орозо айы 1-августта башталган.






Бишкектеги айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG