Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Ынтымакташуу кезеги мектептерге жетти


Ломоносов атындагы мектептин окуучулары. Ош, 17-октябрь.
Ломоносов атындагы мектептин окуучулары. Ош, 17-октябрь.

Ошто түрдүү улуттагы окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо боюнча долбоор ишке киришти. «Аялзат» коомдук уюму аткарып жаткан долбоордун алкагында Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 50 мультиэтникалык мектепте балдарды бири-бири менен достоштуруу иштери жүрмөкчү.

Оштогу «Аялзат» коомдук уюмунун «түрдүү улуттагы окуучулардын мамилелерин чыңдоо» долбоору Ош шаарынан жана облус райондорунан 50 мектепти жөндөн-жөн тандап алган жок. Былтыркы кандуу окуялардан бери бир жыл убакыт өтсө да, бир мектепте окуган ар кайсы этностогу балдардын ынтымагы эмдигиче жакшырбай жаткан экен.

Уюмдун жетекчиси Наргиза Эштаеванын баамында, өзгөчө капсалаңга түз же, кыйыр аралашып, жапа чеккен өспүрүмдөр бири-бирине болгон жаман сезимдеринен арыла албай жатат:

- Мектептерде проблема жүз пайыз ордуна келди деп айта албайм. Балдар бирге окуп атышат, бирге сабак өтүп атышат. Бирок көп балдардын ичинде негативдүү сезимдер бар, стресстен чыга албай жаткандары көп. Айрыкча 7-11-класстагылар, же башкача айтканда өспүрүм курактагы балдар бири-бирине түшүнүксүз мамиле жасап, уруп-сөгүп, де улутуна карап дискриминация кылган учурлар бар.

Оштогу Ломоносов атындагы мектептин окуучулары.
Оштогу Ломоносов атындагы мектептин окуучулары.
Эштаеванын белгилешинче, мектепте психологдордун жоктугунан балдардын ой-сезимин калыбына келтирүү акырындык менен жүрүүдө. Алар уюштуруп жаткан долбоор так ушул процессти тездетүүгө көмөкчү болот экен:

- Психологиялык жабыр тарткан балдарды көп убакыт дарылоого туура келет. Аны бир жылда эле ордуна келтирип жиберүү мүмкүн эмес. Бул көйгөй менен аябай көп иштешке тура келет. Ата-энеси, мектеп мугалимдери, бизге окшогон бейөкмөт уюмдар кайра-кайра аракет кылып атып ордуна келтирсек болот. Биздин бул долбоорубуздун да башкы максаты - ушу балдардын көкүрөгүндөгү жашырынган жаман сезимдерин, жек көрүү, же өч алуу сыяктуу ойлорун жок кылуу.

Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин жана миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосунда аткарылып жаткан долбоордун алкагында тандалып алынган мультиэтникалык мектептерден 15тен окуучуга ар кандай семинар-тренингдер өткөрүлмөкчү.

Долбоордун психологу Алимбай Сатыбаев алар үйрөнгөн нерселерин кийин өз досторуна үйрөтүшөөрүн айтат:

- Жөн эле сабак өтүп коюу менен чектелбейбиз. Балдардын өзүн сүйлөтөбүз, өз көйгөйлөрүн чечүүгө өздөрүнүн демилгелерин колдонобуз. Анан оюндарды баары ушул жакка багытталган. Маселен, «чынжыр» деген оюн. Балдар жаман сөздөрдү айтышканда колдорун бири-бирине кармаштырып туруп, байлай беребиз. Чырмалып бүткөндөн кийин кана эми кыймылдап көргүлөчү дейбиз. Өздөрүн жаман сезишет. Анан кайра жакшы сөздөрдү айтканда чечебиз да, экөөнү салыштырып маансин түшүндүрөбүз. Демек, биз канчалык жаман сөздөрдү айткан сайын абалыбыз начарлай берет, мамилебиз начарлай берет дегенге алып келебиз.

Ош шаарындагы Ломоносов атындагы гимназия-мектеби окуучулардын ынтымагын сактоо үчүн так ушул долбоор менен иштешүүдө. Мындагы окуучулардын бири Жылдыз Сайпидинова балдар арасында улутуна карап мамиле кылуу жок экенин айтууда:

- «Жаман улут жок, жаман адамдар бар» дегендей биз эч кимге улутуна карап мамиле кылбайбыз. Биздин класста 5-6 улуттун өкүлдөрү окуйт. Баарыбыз ынтымактабыз. Орус болобу, кытай болобу, татар болобу эч кандай маселе жок. Июнь окуясына карабай достугубуз мурдагы боюнча кала берди.

Ал эми 11-класстын окуучулары Бексултан менен Арапбай, алардын ынак достугуна өткөн жылкы кандуу окуялар кымындай да таасир этпегенин белгилешүүдө.

Оштогу Ломоносов мектебинин окуучулары
Оштогу Ломоносов мектебинин окуучулары
- Бизде өзбек-кыргыз, же татар-орус болуп бөлүнүү жок. Бир мектепте окуп, бир жүргөндөн кийин талаша турган нерсебиз жок. Маселен, бул досум Арапбай өзбек улутунан. Экөөбүз 2-3-классыбыздан бери ынак достордонбуз.

- Бексултан менин эң жакын досум. Экөөбүз жаман окуяларды эстебейбиз. Улут маселесин сөз да кылбайбыз. Доспузбу, дос боюнча калабыз. Бири-бирибизди сен өзбексиң, же сен кыргызсың деп бөлбөйбүз.

Деген менен алар айрым окуучулардын бири-бирине карата ишенбөөчүлүк же жек көрүү сыяктуу сезимдери пайда болуп калгандыгын айтышат. Ал эмес этникалык белгисине карап мамиле кылгандыктан сабакты таштап койгон окуучулар да бар дешет өспүрүмдөр.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG