Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

Эгемендик маанайы


Бишкекте жана Кыргызстандын аймагында өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата маданий иш-чаралар өттү.

Мурдагы бийлик тушунда Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда милиция кызматкерлери каз-катар тизилишип, карапайым элди өткөрүшпөй, жолдуу буушуп, аянтка атайын чакыруу барагы менен тандап чакырылган адамдар келер эле деген шаар тургуну Шайыргүл Арипжанова быйылкы майрамдын өзгөчөлүгүнө токтолду.

- Мурдагы майрамдарда биз аянтка кире албай эле убара болчубуз. Бүгүн эл ээн-эркин, каалаганындай майрамдап жатышат. Жол тоскон милициялар жок, жакшы шарт түзүлүптүр. Эл көп. Бардыгы кубанычта, жакшы маанайда.

Ал эми атайын Жалал-Абаддан Бишкекке майрамдаганы келген Манас Таалаев аянтта парад болбой калганына өкүндү.

- Биз Жалал-Абаддан атайын парад көрөбүз деп келгенбиз. Тилекке каршы парад болбой калды. Бирок концерт болуп атат. Анан ар бир облустун гимни бар, ошону да концертке кошуп коюшса болмок.

Манас Таалаевдин пикиринде, бүгүн кыргызстандыктар үчүн өзгөчө күн.

- Жаңы жыл, 9-май, 8-мартка караганда кыргыз эли бүгүнкү майрамды өзгөчө белгилешет. Себеби кыргыз эли эч кимге көз каранды эмес, эркин, өз алдынча эгемен мамлекети бар улутпуз.


please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00
Түз линк



Жапониядан келген таанымал ырчы Мита Ре болсо эгемендик адам баласынын зор бактысы экенин белгилеп, жалпы кыргызстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, кыргыз кызга болгон сүйүүсүн арнаган “Сүйүүгө мас болгон жолоочу” деген ырын аткарып берди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Эгемендик күнү жылдагыдан башкача өткөрүлүп жатканын белгилеп, маданий иш-чаралар, улуттук жана спорттук оюндар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп жатканын айтты.

- Качан гана адамдын жан дүйнөсүндө эркиндик болсо, мамлекетибизде да эркиндик болот. Ошон үчүн бүгүнкү күнү бардык эшиктер ачык болуп, эл каалагандай эс алсын деген максатта уюштурдук.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кийинки учурда шаардыктарга жана меймандарга жакшы шарт түзүп, баш калаанын инфраструктурасын, социалдык абалын жакшыртуу багытында алгылыктуу иш-чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү майрамдык маданий иш-чараларды өткөрүүгө Бишкек шаардык маданият башкармалыгы зор салым кошту.

Бишкектин эски аянтында улуттук жана спорт оюндары уюштурулуп, жаңы конуштарда, эс алуу парктарында да маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев массалык маалымат каражаттары аркылуу куттуктоосунда 22 жыл мурда өлкөбүз өз алдынча түндүк көтөрүп, эгемендикке ээ болгону менен бул жол ушунчалык кыйын болоорун күткөн эместигин белгиледи:

- Экономика кыйрап, элдин башына жокчулук, жакырчылык түшөт деп ойлонгон эмес экенбиз. Жарандык согушту, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу аракеттерине туш болобуз, мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучуна учурайбыз деп элестеткен эмеспиз. Биз тирешүүлөргө, саясий талаш-тартыштарга көп убакыт коротуп койдук. Эми болсо иштей турган мезгил келди. Мамлекетибиз эми гана чыныгы көз карандысыздыкка багыт алды. Бүгүнкү күндө алгачкы, бирок абдан маанилүү кадамдарды жасап жатабыз. Биз максатыбызды ишке ашырышыбыз керек. Биз урпактар сыймыктана турган өлкөнү курууга милдеттүүбүз.

Президент Атамбаев ошондой эле кыргызстандыктар өз өлкөсүндө гана бактылуу боло алат деген ишенимде экенин айтты.

XS
SM
MD
LG