Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Парламент акыйкатчыны шайлай алган жок


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Акыйкатчынын кызмат ордуна шайлоонун жүрүшүндө бир дагы талапкер жетиштүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу омбудсмен шайланган жок.

Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоонун үчүнчү туруна чыккан Атыр Абдрахматова жетиштүү добуш ала албай калды. Ага 69 депутат "каршы", 46 депутат "макул" деп добуш берди.

Экинчи турдун жыйынтыгы менен Атыр Абдрахматова 34 добуш, Гүлгакы Мамасалиева 28 добуш алган болчу. Ал эми 55 депутат экөөнө тең "каршы" добуш берген. Жыйынтыгында салыштырмалуу көбүрөөк добуш алган Абдырахматова үчүнчү турга өткөн.

Биринчи турда 113 депутаттын 28и "Интербилим" борборунун Оштогу өкүлү, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиеваны, 23ү аялдардын жана балдардын укугун коргоп келаткан жаш жарандык активист Атыр Абдрахматованы колдоп, экөө экинчи турга чыккан болчу.

Мамлекеттин башкы укук коргоочусунун ордуна сегиз адам ат салышкан.

Талапкерлердин арасынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду, Гүлгакы Мамасалиеваны жана Бакыт Рысбековду“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган. КСДП азыркы омбудсмендин милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиеваны, “Республика-Ата-Журт” Атыр Абдырахматованы, “Кыргызстан” фракциясы Канатбек Тургунбековду, “Бир Бол” Нурланбек Жээналиевди, “Өнүгүү-Прогресс” Мурат Жетимишбаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Акыйкатчынын орду экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев парламенттин чечими менен иштен четтетилгенден кийин бошогон. Анын кетишине отчету Жогорку Кеңештен өтпөй калышы себеп болгон.

Кыргызстанда Омбудсмен жөнүндөгү мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Ошол жылы шайлоо өтүп, 13-декабрда Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы кызматына киришкен. Андан соң Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев омбудсмен болушкан. 2015-жылдын июнь айынан тарта Гүлнара Жамгырчиева акыйкатчынын милдетин аткарып келди.

XS
SM
MD
LG