Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:50

Тарыхка катылган тагдырлар


Журналист Амирбек Усманов менен Чех илимпозу Петр Кокайслдын “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” деген китеби жарык көрдү.

Kyrgyz Concept туристтик компаниянын демөөрчүлүгү менен орус тилинде чыккан “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” (ХХ кылымдын башталышы) деген аталыштагы китепте XVIII - XX кылымдагы Орто Азиядагы саясий-экономикалык, географиялык, социалдык абал архивдик документтер, карта, фото-сүрөттөр менен таасын чагылдырылган. Ошондой эле орус падышачылыгынын тымызын баскынчылык саясаты, Кыргызстандын аймагына орустардын отурукташуусу, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себептери камтылган.

Өзгөчө октябрь ыңкылабынан кийинки кыргыз жергесиндеги коллективдештирүү саясаты, бай-манаптарды кулакка тартуу, басмачылар менен кызыл аскерлерден жабыр тарткан карапайым калктын турмушу, сталиндик репрессия, чехтердин “Интергельпо” кооперативинин өткөн кылымдын 20-30-жылдары Кыргызстанда жүргүзгөн иши, ошо окуяларга күбө болгон адамдардын жана алардын урпактарынын эскерүүлөрү өтө жандуу баяндалат.

Амирбек Азам уулу Усманов
Амирбек Азам уулу Усманов
Тарых илимдеринин кандидаты Кубат Иманкулов китептин авторлору чех илимпозу Петр Кокайсл жана “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Амирбек Азам уулу Усмановдун эмгегин Кыргызстандагы тарых илиминдеги жаңылык катары бааларын айтты.

- Cовет мезгилиндеги тарых бул – инсаны жок тарых. Бүтүндөй саясий окуяларды сүрөттөп мынчанчы жылы мындай болгон, андай болгон деп цифралар менен көрсөтүлгөн. Бирок конкреттүү адамдардын тагдыры менен байланышпайт. Ал эми бул китептеги жаңылык ошол конкреттүү адамдардын тагдырына тигил же бул окуя кандайдыр бир таасир эткен. Ошол окуяны ал адамдар кандай кабыл алган, кандай баалаган деген нерселер бар. Ошондуктан бүгүнкү күндө жандуу тарых деп айтууга болот. Мунун жакшы жагы - учурда тарыхты жазууга жаңы нерсени киргизди. Келечекте тарыхты жазып аткан адамдар мына ушундай маселелерге көңүл буруп, адамдардын тагдыры аркылуу жазса, ал тарых элге сиңимдүү болот.

Жазуучу Абибилла Пазылов болсо бул китеп менен катардагы эле кызматкерлер эмес, саясатчылар, мамлекет башындагылар дагы таанышып чыгуусу зарылдыгын белгиледи.

- Китептин чыгышы тарых эле эмес, бүгүнкү биздин учурду дагы эске салат. Себеби бардык эле учурда кандайдыр бир режимдер турганда ал режимдер тууралуу учурунда көп нерселер айтылбайт экен. Беш-он жыл өткөндөн кийин баа берилип көп нерселер жарыкка чыгат. Ошон үчүн бул китепти бийликтеги адамдар, инсандардын тагдырын чечип жиберүүчү адамдар, деги эле тарыхты башка жакка буруп жиберүүчү адамдар, кандайдыр бир күч мененби же башка бир айла-амалдар мененби окуп чыкса сабак болот эле.

Абибилла Пазылов китепти кыргыз тилине которуп, жогорку окуу жайларына, жалпы эле коомчулукка таратуу зарылдыгын кошумчалады.

“Интергельпо” кооперативинин 2-эшелонунун Кыргызстанга келиши. 1926-жыл.
“Интергельпо” кооперативинин 2-эшелонунун Кыргызстанга келиши. 1926-жыл.
Буга чейин “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” деген аталыштагы китеп жыл башында Прагада чех жана орус тилинде жарык көргөн. Кыргызстанда басмаканадан чыгаруу демилгесин көтөргөн Kyrgyz Concept туристтик компаниянын жетекчиси Эмил Үмөталиев китеп бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу деп эсептейт.

- Азыр коомчулукта Бажы биримдигине киребизби же кирбейбизби деп талкуу кызуу жүрүп турган мезгилде, уюмга кирбейбиз деген адамдар аз болуп турат. Калгандары сырттан байкап унчукпай турушат. Бажы биримдигине кирсек биз колониялаштыруунун жаңы толкунунун астында каларыбызга менин көзүм жетип турат. Ушундай учурда бул китеп бизге айбалтадай керек деп эсептейм. Эмне үчүн айбалтага салыштырып жатам? Аткени бул китеп тарых жөнүндө эмес, менин көз карашымда экономика, экономиканын ток этер жери жөнүндө таасын чагылдырган. Себеби орус падышачылыгы XIX кылымда саясатын биздин жерибизди тартып алуу менен баштаган. Муну менен мүлккө тиешелүү чарбачылыктан, эгемендүүлүктөн, эркиндиктен, өз оокатынан өз ыктыяры менен баш тарттырган. Ошону кыргыз дале толук бойдон түшүнө албай жатат. Себеби мээбизден советизм идеялары чыга элек же болбосо бүгүнкү күндөгү расмий авторитардуу режимдер бизди багындыруу максатында ошол түшүнүктөн бизди баш тарттырып турат. Бул китепте ошол маселе абдан таасын көрсөтүлгөн.

Чех илимпозу Петр Кокайсл менен “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Амирбек Азам уулу Усмановдун “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” деген китебин окуп чыккан тарыхчы-адистердин баамында, китеп жаңы багытта тарыхый окуяларды күбөлөрдүн айтуусунда жандуу чагылдыргандыгы, архивдик документтер, фото-сүрөттөрдү колдонгондугу менен өзгөчө. Китеп 1000 нускада чыгарылып, окурмандардын кызыгуусун жаратууда.

XS
SM
MD
LG