Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Тарыхтан ордун таба элек инсан


Дүйшөналы Бабаханов, мамлекеттик ишмер (1898-1938)
Дүйшөналы Бабаханов, мамлекеттик ишмер (1898-1938)

20-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү Дүйшөналы Бабаханов Сталиндик репрессияга кабылып, 1938-жылы түрмөдө көз жумган.

Учурда Дүйшөналы Бабаханов тууралуу тарыхчылардын ою эки ача. Бир тарабы “Рахманкул Кудайкулов баштаган солчулдар тарабында болгон, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы иштеген” десе, экинчи тарабы аны элине күйгөн инсан болгон деп сыпатташат. Дүйшөналы Бабаханов ким эле, кандай иштерди жасаган?

Дүйшөналы Бабаханов тууралуу радиоберүүнү ушул жерден угуңуз




Дүйшөналы Бабаханов ким болгон?

Өткөн кылымдын 1920-30-жылдары. Кыргыз мамлекети түптөлгөн доор. Аны түзүүдө ич ара бөлүнгөн улут каймактары. Абдыкерим Сыдыков башында турган оңчулдар жана Рахманкул Кудайкулов жетектеген солчулдар. Дүйшөналы Бабахановдун бейнесин ачуу үчүн тарыхтын ушул барагына азыноолак токтолууга туура келет.

Дүйшөналы Бабаханов 1918-жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1920-жылы орус кулактары тарабынан совет бийлигине каршы уюштурулган Нарын козголоңун басууга катышкан. 1920-22-жылдары Токмок шаардык аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, «Кошчу» союзунун Жети-Суу обкомунун төрагасынын орун басары, республикалык коммунисттик партиянын борбордук комитетинин Орто Азия бюросунун мүчөсү болгон. 1924-1926-жылдары Кара кыргыз автономиялуу облусунун ревкому жана партиянын уюштуруу бюросунун, партиянын Кыргыз облустук комитетинин жана кыргыз облустук аткаруу комитетинин мүчөсү, Пишпек жана Каракол округдук партия комитетинин катчысы, республикалык коммунисттик партиянын Кыробкомунун жооптуу катчысы, Кыргыз облустук жер башкармалыгынын башчысы, Кыробкомдун экинчи катчысы жана Кыргыз облустук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Бул Сталиндик репрессиянын курмандыгына чалынган Дүйшөналы Бабахановдун эмгек жолу. Кыска өмүрдө элине кылган кызматы. Тилекке каршы, бул инсан өмүр-таржымалы иликтенип, тарыхта өз ордун таба элек. Буга эмне себеп?

Кремлдин "шахмат оюну"

1922-жыл. 4-июнь. Кыргыз тарыхында бул датанын бараандуу орду бар. Дал ушул күнү Пишпекте Тоолуу кыргыз облусун түзүү тууралуу съезд өткөн. Бул жыйында оңчулдар менен солчулдар ортосунда кызуу талаш жаралган. Акыры Абдыкерим Сыдыковдор утуп, Тоолуу кыргыз облусу түзүлгөн. Ушундан кийин Рахманкул Кудайкулов Кремлге кат жолдоп, анын негизинде съезд чечими жокко чыккан. 1924-жылы бул маселе кайрадан көтөрүлүп, Кара кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Бул жерден да оңчулдар менен солчулдардын тирешин көрүүгө болот. Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөналы Бабаханов Кара кыргыз автономиялуу облусун Казак АССРинин, ал эми Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов баштаган топ РСФСРдин курамында болсун деп чыгышкан. Натыйжада жеңиш оңчулдарга оогон.

Дүйшөналы Бабаханов (ортодо) кызыл аскерлердин биринчи парадын кабыл алууда. 1925-жылдын ноябры.
Дүйшөналы Бабаханов (ортодо) кызыл аскерлердин биринчи парадын кабыл алууда. 1925-жылдын ноябры.
Тарыхка бир беткей кароого болбойт эмеспи. Ар кимдин өз чындыгы бар. Анткен менен эгемендик алган мезгилде да Рахманкул Кудайкулов башында турган солчулдарга терс мүнөздөмө берип келишти. Мамлекет тагдыры чечилип атканда аларды бул кадамга эмне түрткөн? Көздөгөндөрү эмне эле?

Бул суроого тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеевдин жообу мындай:

- Эки жак тең эле Кремлдин Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстанда жүргүзүп жаткан оюнунда так теке болуп калышкан. Тоолуу облус түзүүдө Рахманкул Кудайкуловдор “азырынча эрте” деп токтотуп калышса, 1924-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусун түзүүдө “РСФРдин курамында бололу” деп Абдыкерим Сыдыков баштаган топ Москвадан колдоо таап жатат. Ушундан кийин Рахманкул Кудайкулов менен Дүйшөналы Бабаханов четке сүрүлгөн.

Репрессия курмандыктарын изилдеген тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов дагы бул жүйөөгө макул. Анын айтымында, Кремль эки топ ортосунда атайлап атаандаштык түзгөн. Буга Дүйшөналы Бабаханов менен Жусуп Абдрахмановдун бир жерде иштегени мисал:

- Бул экөө 1924-26-жылдары бирге иштеген. Жусуп Абдрахманов Кыробкомдун экинчи катчысы, андан кийин Кыробкомдун төрагасынын орун басары болгон. Дүйшөналы Бабахановдун кызматы да ошондой даражада эле. Азыркы күндөн абай салып карасак, бул бекеринен болгон эмес. Анткени бардык бийликти Кремл көзөмөлдөгөн да. Ошон үчүн эки топту алып чыгып, таразанын бир жагына Жусуп Абдрахмановду, экинчи жагына Дүйшөналы Бабахановду коюп, кайраштырып койгон. Экөө тең өсүп бараткан кыргыздын билимдүү жаштары болчу.

Зайнидин Курманов муну менен катар солчулдардын иш-аракетинде Рахманкул Кудайкулов чечүүчү рол ойногонун айтып, ал эми Дүйшөнкул Бабаханов анын тилинен чыга албаса керек деген пикирде:

- Рахманкул Кудайкулов кыргыз революциясынын демону, бульдозери, локомативи болгон десек жарашат. Ал Дүйшөналы Бабахановду коркутуп койгонбу же башка себеби барбы, айтор эмне айтса ошону аткарчу экен. Бир чети жаштык кылса керек, соттолгон кезде араң эле 29 жашка чыгыптыр. Мен эмнеге минтип жатам? Анткени Бабахановдун ишине баа бере турган эч нерсе жок да. Съезддерде, жыйындарда чыгып сүйлөгөн сөзү же кол жазмалары болсо бир жөн. Балким мен жаңылып жатам. Бизге жетпей, катылып жүргөн кол жазмалары бардыр. Мисалы, Абдыкерим Сыдыковдун, Жусуп Абдрахмановдун, Ишеналы Арабаевдин кол жазмалары толтура. Алар аркылуу кылган иштерине саясий баа берсек болот. Ал эми Дүйшөналы Бабахановго андай баа бере албайбыз. Чоң кызматтарда олтуруп эмне кылган? Бул табышмак. Бирок солчулдардын кыргыз элинин саясый кызыкчылыгына каршы иштегени факт.

"Ур-токмок" иши же репрессиянын башталышы

1926-жылы Рахманкул Кудайкуловдун тобуна “Ур-токмок” террористтик тобун түзгөн деген айып коюлуп, бир даары камакка алынат. Дүйшөнкул Бабахановго “киши өлтүрдү” деген жалаа жабылган. Бул Кремлдин жаңы оюну болчу. Сталиндик бийлик акырындап улут лидерлерин четке сүрө баштаган. Ошондо бир кезде ыркка келе албаган тыңчыкмалар бири-бирине кол созгон.

Дүйшөналы Бабаханов тууралуу илимий иш жазып аткан тарыхчы Зуура Алтымышова буга далил катары Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн окуп берди:

- Абдрахмановдун 1928-жылы 13-октябрда жазган күндөлүгүндө: «Шубриков (В.П.Шубриков 1927-1929 жж. партиянын Кыргыз обкомунун биринчи катчысы) мени Кудайкулов жана Бабахановго баргандыгым үчүн жемеледи. Анын пикиринде, бул чоң саясий кылмыш жана бул маселени ал бюрого койгону жатат. Мен мындан саясий иш жасасаңар отставкага кетем деп айттым. Маселенин маани-мазмуну албетте менин баргандыгымда эмес, алардын бул сыяктуу майда кыйкым табуулардын жардамы менен мени унчукпай калууга мажбурлоодо жатат. Эчтеке чыкпайт, болжолдогондору туура эмес» - деген саптар жолугат. Кайра эле 3 күндөн кийин 16-октябрда: «Эртең менен областтык кеңештин бюросунун жабык заседаниеси болду. Саат 3.00гө чейин отурдук. Кудайкулов жана Бабахановго баргандыгым үчүн мага эскертүү беришти. Бул менин партиянын катарында турган 10 жыл ичиндеги биринчи партиялык жазам» - деп кагазга түшүргөн. Ал эми 1926-жылы ОГПУнун Кыргыз областтык бөлүмүнүн башчысы Ф.Кекин Кыробкомго, жеке Н.Узюковго өтө жашыруун билдирүүсүндө Бабахановдун тергөө учурунда ал жаатчылык күрөштө болгонун, Абдрахмановдун жолун жолдоочу экенин, бирок тескерисинче жаатчылык күрөшкө бай-манаптарды тартууда өзүн күнөөлүү деп эсептебегендигин, бул Абдрахмановдун иши деп айткандыгын көргөзгөн. Бул маалымат Кекин тарабынан ойдон чыгарылган жалаа болушу толук мүмкүн.


"Туранга" да, "Алашка" да кирген эмес...

Дүйшөналы Бабаханов 1898-жылы Чүйдүн азыркы Кант районунда туулган. 1937-жылы Кыргыз ССРинин НКВД кызматы тарабынан камакка алынган. Советтик режимге каршы улуттук көз караштагы иш жүргүзгөнү үчүн РСФСРдин Кылмыш жаза кодексинин 58-беренесинин 1-2-бөлүмдөрү боюнча жоопко тартылган. 1938-жылы 15-апрелде Фрунзе шаарынын түрмөсүндө көз жумган.

Бул Дүйшөналы Бабаханов тууралуу советтик архивдеги маалымат. Москвадагы Лефортово түрмөсүндө 3 жылга жакын жаткандан кийин бошоп, Казакстанга иштеп кетет. Сталиндик репрессия тузагына 1937-жылы чалынган экен. Бул учурда анын Арстанбек, Марат аттуу уулдары, Күлбара аттуу кызы болгон.

Учурда Күлбара Дүйшөналиева Бишкекте турат:

- Атам Пишпек уездинин Лебединов болуштугуна караштуу Ысык-Ата айылында төрөлгөн. 9 жашында ата-энеси чечектен өлүп, томолой жетим калат. Атасынын агасы бар экен Мамыт деген. Ал бага албай Канттын Дмитриевка деген жериндеги Потап жана Семен Мальцев деген орус бир туугандарга малайлыкка берет. Ошол жерден атам Андрей деген бала менен дос болот. Ал байдын баласы экен, кийин экөө чогуу орус-тузем мектебине кирет. Ал жерден орус тилин суудай үйрөнүп, окууну бүткөндө Байсейит болушунда катчы болуп иштей баштайт. Ошол жерден менин энеме үйлөнөт.

Күлбара Дүйшөналиева атасы камалган кезде экидеги кыз болуптур. Өзүнүн айтымында, ошол кезде апасы Машакан тырнактай кызды бооруна кысып, Москвада түрмөдө жаткан күйөөсүнө барып турган:

Кулбаранын апасы Машакан.
Кулбаранын апасы Машакан.
- 1926-жылы камалганда атууга кеткен экен. Кийин сот ишин карап 10 жыл бериптир. Андан соң Москвадагы Лефортово түрмөсүнө которушкан. Артынан биз да кеттик. Бул жерден Калининге арыз жазгыла деп кеңеш берген Жусуп Абдрахманов болгон. Кетерде Ишеналы Арабаевдикине кайрыла кетчүбүз. Москвага поезд менен 10 күн дегенде жетээр элек. Атам эки жыл дегенде колония-поселениеге чыкты. Анан Казакстанга жиберишти. Биз айылга көчүп кеттик. Атам Чымкентте жашады. Ал жакта заводдун деректири болгон дешет, Соода министрлигинде иштеген дешет.

Күлбара Дүйшөналиеванын атасынын кайда иштегени тууралуу билбей калышынын өз себеби бар. Биринчиден, ата-энеси ортодо эркек баласы жоктугунан ажырашып кеткен экен. Экинчиден, Дүйшөналы Бабахановдун Кыргызстанга келиши төбөлдөргө жакмак эмес. Ушундан улам ал 1937-жылга чейин Казакстанда туруп калат. Балким ошол бойдон келбей койгондо тагдыры башкача болот беле?

- Баялы Исакеев “Чатак болуп атат келбесин” деп айттырган экен. Сталиндик камоо күчөп турган кез эле да. Атам ага болбой эле 1937-жылы Кыргызстанга туугандары менен учурашуу үчүн келген. Бизге да келип жолугуп кетти. Ошондон кийин үстүнөн арыз жазышыптыр: “баланча үйгө түнөдү, түкүнчө конок кылды, Осмонкул ырдады” деп. Кетип баратканда Жамбылдан кармашып, бул жакка алып келишти. Апамды суракка алышып, “силер ажырашкан эмессиңер, анда эмнеге алимент албайсың?” - деп айласын кетиришкен.

Күлбара Дүйшөналиева атасынын өлгөнү тууралуу маалыматты 1956-жылдары алган экен. Буга Тазабек Саманчин жардам бергенин эскерип олтурду:

- Тазабек Саманчин абдан билимдүү киши эле. Өзү дагы көп жыл түрмөгө жатып чыккан. Ал киши “айланайын кызым, атаң жөн киши эмес эле, издесең боло” деп айтып калды. Билбей жатам десем, “Ворошиловго кат жаз” деп кеңеш берди. Ал жакка жазсам Исхак Раззаковго жиберген экен. Кун иретинде 300 рубль бермей болушту. Апам “андан көрө атаңды актаган деген кагаз эле алчы” деп көнбөй койду. Анан КГБга барып атамдын делосун окуп чыктым. “Өпкөсүнө кан толуп өлдү” - деп диагнозун жазып коюшкан экен. Ичимен аябай сабашканбы деп ойлой берем.

- Атаңыздын сөөгү кайда, Ата-Бейиттеби?

- Сөөгү бул жакта. Бирок кайсы мүрзөдө экени ушул кезге чейин белгисиз. Ата-Бейитке окшогон дагы бир жай бар деп жүрүшпөдү беле. Балким ошондо...

Дүйшөналы Бабахановдун экинчи жубайы орус улутунан болуптур. Андан Арстанбек, Марат деген уулдуу болгон экен. Күлбара Дүйшөналиева кийин бир инисин сураштырып таап, бирок жолуга албай калганына кейип олтурду:

- Апам раматылык “инилериңди билсең боло, жалгызсың” деп айтып калды. Бүткүл союздук издөөгө берип атып араң таптым. Атамдын экинчи аялы эки баласы менен бул эле Меркеде жашап жүрүп, кайтыш болуптур. Кичүү баласы Арстанбек Фрунзеде эки жыл иштеп кетиптир. Кыргыз болсо издейт эле да, “туугандарым бар” деп. Улуу баласы Марат дагы каза болуптур. Арстанбекти тапсам, “атабыздан эмне калды эле, үй барбы, дүнүйө барбы?” - деп сурады. "Силер калдыңар, биз туугандар салып берген үйдө жашадык"- дедим. Атын Лев кылып өзгөртүп алган экен. Телефондон сүйлөшүп, “кел” десем келбей койду.

Күлбара Дүйшөналиева 1924-жылы төрөлгөн. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, акырында "Кыргызэнергодо" 30 жылдай иштеп жүрүп, 1986-жылы пенсияга чыккан. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан эмес. Күлбара Дүйшөналиева ушул кезге чейин атасынын аты айрым тарыхчылар тарабынан караланып келгенине капа экенин жашырбады:

- Атам “Алаш ордого” да, “Туранга” да кирген эмес. Жаштайынан жетим өсүп, малай жүрүп жерден боорун көтөргөн экен. Болгону кыргыз мамлекети түзүлүп жатканда бир ооз “казактарга кошулалы” дептир. Ошол сөздөн жаңылып, төө бастыга калды да.

Тарыхчылардын айтымында, 1920-37-жылдар аралыгы бузула элек дың бойдон. Андыктан Рахманкул Кудайкуловдун да, Дүйшөнкул Бабахановдун да бейнесине саясий баа берүү эртелик кылат.

(Материалды даярдоодо көмөк көргөзгөнү үчүн Кыргыз-Түрк Манас университетинин проректору Анварбек Мокеевге ыраазычылык билдиребиз. Макаладагы айрым фактылар жана сүрөттөр Кыргыз-Түрк Манас университетинин ага окутуучусу, тарыхчы Зуура Алтымышованын илимий ишинен алынды)
XS
SM
MD
LG