Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Доордун добушун тыңшаган Калыгул олуя


Калыгул олуя Кочкордо туулса да өмүрүнүн көбүн Ысык-Көл кылаасында өткөргөн.
Калыгул олуя Кочкордо туулса да өмүрүнүн көбүн Ысык-Көл кылаасында өткөргөн.
Дүйнөдө турмуштун талуун жана татаал маселелерин талдай билип, башкалар көрбөгөндү көрө билген, доордун добушун тыңшап, тамырын кармаган нечен бир акылгөйлөр өткөн. Бирок ошол орошон ойчулдар менен даркан даанышмандардын арасында да алыскы келечектин кебетесин байкап, турмуштун кай жакты көздөй бет буруп, тарых кай жакты көздөй сүрдүгүп баратканын алдын ала сезген философтор, акылмандар менен көзү ачыктар өтө деле көп эмес.

Кыргыз тарыхындагы ошондой көрөгөчтүк, олуялык касиети бар сейрек инсандардын бири, ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы тар заманды, башкача айтканда колониалдык оор заманды жана кийинки кылымдагы Үркүн баштаган зар заманды алдын ала билген акылгөйлөрдүн бири - айтылуу Калыгул олуя болгон экен.

Калыгул Бай уулу тууралуу, анын баскан жолу, кишичилик сыпаттары жөнүндө илимий адабиятта андай деле көп маалыматтар жок. Эл оозунда сакталып калган чыгармалары да аз эле санда. Бирок анын кыргыз тарыхына, улуттук аң-сезимге тийгизген таасири абдан эле олуттуу десек эч бир жаңылышпайбыз. Кыргыз адабиятынын белгилүү изилдөөчүсү Шаршенбек Үмөталиевдин, Ыбрай молдо Абдрахмановдун жазгандарына таянсак, Калыгул Бай уулу 1785-жылы Кочкор өрөөнүндө туулуп, бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн көл жээгинде, азыркы Чолпон-Атанын тегерек четинде, атап айтканда Кара-Ой айылында өткөргөн экен.

Түп бабалары сарбагыш уруусунан чыккан Надырбек деген манаптын тукумдарынан болсо да, өз атасы Дөөлөт катардагы көп кыргыздын бири экен. Оң жак бетиндеги чоң калы үчүн бала кезинен Калыгул атанып, жаштайынан калыс жашап, калыс жүрүп, ошол калыстыгы, кара кылды как жарган чечендиги үчүн, жорго сөздүн чебери эмес, орошон ойдун дарканы болгону үчүн атагы эрте чыгыптыр. Ошол касиети үчүн короо-короо кою, үйүр-үйүр жылкысы болбосо да менмин деген байлар менен бийлерден адам катары, инсан катары аброю алда канча бийик болуптур. Укурукту алыс таштаган кеп-кеңешин эч кимден аябаганы үчүн, ар качан калыс сөзүн айтып, таза жүргөнү үчүн акын катары эмес, аяр катары, көзү ачык даанышман катары элге бат таанылыптыр Калыгул бабабыз.

Анын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү - салттагы ырчы-төкмөчүлөрдөй абан салып, ыр ырдабай, журт көңүлүн улап, күү күүлөбөй, кээ-кээде гана айта турган оюн, бере турган кеңешин эл алдында кыска, бирок нуска кылып төгүп койгонунда болгон. Сүйлөгөндө да ар бир сөзүн элдин эсинде кала тургандай афоризм катары айтып, айланасындагы эл менен эле эмес, келечек заман менен, доор менен пикирлешкендей, тилинде мөөрү бардай кылып маселе айтчу дешет көрүп-билип калган замандаштары.

Калыгулдун ошондой алдын ала айткан бир олуялыгы - Кыргызстандын көркү көз тайгылткан жерине Орусия көз артып, качып кутулууга болбой турган тагдыр сыяктуу жаңы заман, жаңы тарых улам жакындап келатканын көрө билгендиги болгон.

Биз жашаган - тар заман,
Кийин келээр зар заман, -
деп көп нерсени алдын ала сезип, өз жеринде ээн-эркин жашап, эч кимге күнкор болбой жашап келген кыргыздардын башына түшчү чыныгы оор күн эми келатканын, дагы көп кыйынчылыктар алдыда турганын бир да орусту же орус аскерин көрбөй туруп айтып кеткен экен Калыгул көзү ачык.

Орус алаар жериңди,
Сындыраар сенин белиңди..
Келип калса кокустан,
Сактайсың сары талааны,
Солдаттыкка бересиң,
Ичиңен чыккан баланы, -
деп санат айткан Калыгул.

Калыгулду Заман агымынын негиз салуучусу жана таасирдүү идеологу, философиялык көз караштары боюнча чыныгы агностик, ошону менен бирге кыргыз тарыхындагы эң алгачкы агартуучу десек туура болот. Элдин илим-билимден кур калып, доор талабынан четте турганы Калыгул бабабыздын тынчын кетирип, муну зор өкүнүч катары, арман катары ырга салган.

Жакшы чыккан азамат
Элин билээр,
Элин билген ал адам
Билим билээр.
Окуп карап ойлонуп,
Илим билээр,
Эчен түрлүү адамдын
Тилин билээр,-
деп айткан бул олуя адам.

Чыгармалары аздыр-көптүр сакталып, аты бизге жеткен акылгөйлөрдүн ичинен жалпы кыргыздын масштабында ой жүгүртө билген, өз уруусунун же өз колотунун гана кызыкчылыгын эмес, жалпы кыргыз улутунун тилегин тилеген эң биринчи ойчул жана эң эски даанышман да Калыгул деп билишибиз керек.

Алтын ээр ак кабак
Атка тынчы болбосо,
Алтынын алып отко жак.
Күмүш ээр ак кабак,
Күлүккө тынчы болбосо,
Күмүшүн алып отко жак.
Ырыс алды - ынтымак.
Ынтымагы болбосо,
Алдыңан тайаар алтын так, -
деп айткан экен Калыгул олуя ХIХ кылымдын биринчи жарымында.

Колониалдык доор жакындап, оруска күнкор болоор заман жакындаганын сезген Калыгул кантсе да элди, жерди сактоо керектигин улам-улам айтып, айрыкча жанындай көргөн Ысык-Көлдү аябагандай аздек тутуптур. Көлдү карап ойго батып, сулуулугуна миң мертебе суктанып, ошону менен кыргыздын байыртан ээн-эркин жашаган доору бүтүп, Ысык-Көл сыяктуу керемет орус бийлигинин колуна өтөөрүн жаны кейип ойлончу экен Калыгул көзү ачык.

Кыш болуп кашкая суугу жок,
Жай болуп катыра ысыгы жок,
Ат жеткен жерде
Мындан кызыгы жок...
Мактанып жер жетеби,
Ысык-Көлдөн чыкпагыла, балдар! -
деп осуят калтырган экен.

Ошон үчүн кокус көзү өтсө сөөгүн Чолпон-Атанын кире беришине коюшун керээз кылып айтып, акыры 70 жаш курагында көл башындагы Ак-Cууну көздөй жол тартып баратып, 1855-жылы ат үстүндө каза тапкан экен атактуу Калыгул олуя.

XS
SM
MD
LG