Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:07

Эгемендик таржымалы: 22-август, 1991-жыл


СССРдин президенти Михаил Горбачев 72 саат обочо кармалуудан кийин Москванын Внуково аэропортуна түшкөн учур. 1991-жылдын 22-августу.
СССРдин президенти Михаил Горбачев 72 саат обочо кармалуудан кийин Москванын Внуково аэропортуна түшкөн учур. 1991-жылдын 22-августу.

Бул күнү Кыргызстандын эгемендик жарыялаарына тогуз гана күн калган эле.

Бүгүндөн тарта Эгемендик таржымалы баптемасы астында көз карандысыздыкка саналуу күндөрү кандай окуялар өткөнү тууралуу баяндап турмакчыбыз.

Бул күнү ГКЧП деген ат менен белгилүү мамлекеттик төңкөрүш аракетин кыргызстандыктар катуу айыптап жатышкан. ГКЧПны колдойт деген саясый айып менен бир топ адамдар кызматынан бошотулган.

22-августта бүткүл советтер өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда 19-21 август күндөрү уюштурулган мамлекеттик төңкөрүштү кызуу талкуулап, анын жетекчилерин катуу айыптап жатышты. Бул күнү ГКЧП же болбосо, СССРге өзгөчө абал киргизүү аракетинин башында тургандарга кылмыш иши козголуп, кызматтарынан бошотулган.

Ал учурдагы Кыргызстандагы абалга тереңирек назар таштоо үчүн ошол күндөрү чыгып жаткан басылмаларга кайрылууга туура келет. “Кыргыз руху” гезитинин август айынын акырындагы санында журналист Айбек Түмөнбаев 19-21 август күндөрү Бишкектин көчөлөрүндөгү адамдар бир гана ГКЧП туралуу сүйлөшүп калгандарын мындайча сүрөттөйт:

“Жолдон “Известия”, “Правда”, “Слово Кыргызстана” жана “Кыргызстан туусу” гезиттерин сатып алдым. Киоскодо катарда тургандар арбын экен. Мурда эл минтип үйүлчү эмес. Москвада эмне болуп жатат. Жүрөк түпөйүл.
- Павлов инфаркт болуптур, уктуңбу.
- Жок... Качан айтты?
- Эртең менен.
- Горбачев кайда экен?
- Билбейм...
- Буш эмне дептир?
- Акаев элине эмне кылып жатты экен?
- Бизди ушинтип талаага таштап койосуңарбы? Деп ООНго кайрылыптыр...
- Ельцин аман-эсен турса экен”.


Ал эми учурда “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде иштеген Амирбек Азам уулу да “Кыргыз руху” басылмасынын ошол эле санына мамлекеттик төңкөрүштүн башында турган Янаевдин кандайча кызматка келгендигин айтып, аны ишеничти актабаган адам катары сыпаттап, макала жазган.

- Янаев өлкөнүн вице-президенттигине үчүнчү жолку колго салуу менен гана араң өткөн. Анда Михаил Горбачев өз кадыр-баркын, болгон күч-аракетин салып жатып, араң өткөрбөдүбү?! Янаев вице-президент болуп шайланган СССРдин эл депутаттарынын съездинде мен кыргыз телесинин атайын кабарчысы катары катыштым эле.


Ал эми 1991-жылдын 22-августунда СССРдин президенти Михаил Горбачев өлкөгө билдирүү менен чыккан. Анда 19-21- август күндөрү советтер өлкөсүндө болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетин айыптап, кыйын күндөрдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн совет элине ыраазычылыгын айткан. Ошондой эле ал 72 саат кармалып турганын оор үшкүрүнүү менен билдирген.

- 72 саат туташ обочолонуу, бардыгы президентти психологиялык жактан моюн сундуруу үчүн жасалды деп ойлойм. Эмнесин айтайын, бул өтө оор болду....
Республикалар туура позицияны ээлешти. Бул жерде мен Орусия парламентинин, депутаттарынын, Орусия өкмөтүнүн принциптүү позициясынын жана Орусиянын президенти Борис Николаевич Ельциндин эң көрүнүктүү ролуна тиешелүү баа берүүүгө жана биринчи орунга коюуга тийишмин.


Ошондой эле президент Горбачев 22-августта СССРдин Коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Крючковду, СССРдин премьер-министри Валентин Павловду жана башкаларды кызматтарынан бошоткон указга кол койгон. Аларга ошонун алдында эле Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстанда да президент Аскар Акаевдин буйругу менен 22-августта Улуттук коопсуздук кызматынын орун басарлары кызматынан четтетилген. Аларды өлкөдөгү төңкөрүштүн шартында тийиштүү чараларды көргөн эмес деген негизде бошоткон.

Андан бир күн мурда болсо президент Аскар Акаев мамлекеттик төңкөрүш башталгандан кийинки экинчи билдирүүсү менен чыгып, ГКЧПнын уюштуруучуларын катуу айыптаган.

Акын жана диломат, ошол күндөрү президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп турган Акбар Рыскулов мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийинки өлкөдөгү абалды мындайча эскерди:

- Элдин маанайында, албетте чочулоо сезими бар болчу. Анткени, жыйырмасында ГКЧПнын мизи кайтарылганда, ошонун уюштуруучулары Кыргызстанды көздөй учту деген кабар тарады Москвадан. Биз аны жокко чыгардык. Эгер бул жакты карай бет алган күндө дагы аларды киргизбейбиз деген билдирүү менен чыктык.

Саат сайын орошон окуяларга бай, Кыргызстандын эгемен өлкө болушун эртелеткен кырдаал акыры өлкөнүн көз карандысыздык алышына негиз берди. 1991-жылы 22-августта Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна тогуз гана күн калган эле...
XS
SM
MD
LG