Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:36

Тоодогу кырсык тик учак тартыштыгын көрсөттү


Ысык-Көлдө кырсыктаган тик учактагы альпинисттердин бирине операция жасалды.

Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапта кырсыкка кабылган тик учактагы чет элдик альпинисттердин бирине операция жасалды. Бишкектеги травматология-ортопедия илимий изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков азырынча анын абалы оор экенин билдирди:

- Бейтаптын абалы оор, бирок туруктуу. Бир колу сынган, бир колу чыгып кеткен, мээси чайкалган. Ал азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Альпинист жапон жараны экени такталды. Жабыр тарткандардын калгандары медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан чыгып кеткен.

Кырсыкка кабылган “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учактын абалы жана аны ким калыбына келтире турганы азырынча айтыла элек.

9-июлда тик учак альпинисттерди куткаруу учурунда катуу шамалдан улам капталы менен түшкөн.

Башкы штабдын маалыматына караганда, анда алты адам болгон жана төрт адам жабыркаган, курмандыктар жок. Жардамга барган башка тик учак кырсыктаган жарандарды Бишкек шаарына алып келген. Мындан сырткары Казакстандан да бир тик учак жардамга келген.

Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева тик учак кандай учурда куткарууга бара турганын "Азаттыкка" айтып берди:

- "Аксай тревел" деген компаниядан "бизге жардам керек, ал жакка дары-дармек жана тамак-аш жеткирүү зарыл" деген арыз түшкөн. Түшкөн арыздын баары эле канааттандырылат деп айта албайбыз. Арыз түшкөндө карап чыгабыз. Ошол убакта биздин мүмкүнчүлүгүбүз барбы, башка иш-чаралар жокпу дейбиз? Эгер биздин аскерий даярдыгыбызга таасирин тийгизбесе, биз ал ишке киришебиз. Арыз түшкөндө эле баары аткарылат деген туура эмес.

Тик учак
Тик учак

Түштүк Эңилчек мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Кан-Теңир тоо тоомунда жайгашкан, Теңир-Тоодогу эң чоң мөңгү болуп эсептелет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде куткаруу иштери үчүн тик учак жок болгондуктан Куралдуу күчтөрдүн учактары пайдаланылып келет. Буга чейин Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясы тик учактын жоктугунан Кыргызстанда быйылкы туризм сезону, өзгөчө альпинизм аброюн жоготушу мүмкүн экенин билдирген.

Ассоциациянын өкүлү Алтынай Мусабаева куткаруу операцияларын жүргүзүү мүмкүн болбой калганы туристтерди качырат деген пикирде:

- Кыргызстан тоолуу республика болгондуктан туристтик маршруттардын көбү тоолуу аймактардан өтөт. Азыр трекинг жана альпинизм багыттары жакшы өнүгүп, туристтер арасында популярдуу болуп келе жатат. Бирок Кыргызстан тоодо жүргөн туристтердин коопсуздугун камсыз кылышы керек. Тик учак, биринчиден, коопсуздукту камсыз кылуу, экинчиден туристтерди тоолуу аймактарга таштоо үчүн зарыл. Бир да жарактуу тик учак калбай калгандыктан Башкы штаб бизге быйыл техника бере албай калды. Азыр туристтик сезон ортолоду, бардык турпрограммалар сатылган. Эми келген туристтер "Кыргызстан коопсуздукту камсыз кыла албайт" деп, бизди "кара тизмеге" киргизип коюшу мүмкүн.

Мусабаеванын айтымында, туристтерди Хан-Теңири жана Жеңиш (Победа) чокуларына тик учак менен ташып келүүгө Казакстан макул болуп, бирок Башкы штаб "чет элдик учактар Кыргызстандын аймагына кирбеши керек" деп уруксат бербей койгон.

Куткаруу үчүн тик учактын кызматын колдонгондор бардык чыгымдарын төлөп берет. Мындан сырткары жөн гана тоо үстүндө айланып келүү кызматын сурангандар бар. Башкы штаб бир сезондо ушундай буюртмалар канча болорун жана акысы канча турарын айткан жок.

“Тоодо жөө жүрүүчүлөр” бирикмесинин жетекчиси Марат Данилов Кыргызстанда куткаруу иштери жөнгө салына электигин белгиледи:

- Быйыл жазында бизде дагы ушундай учур болду. Биздин тааныш турист, Швейцариянын жараны өз алдынча барып жараат алган. Аны эвакуация кылганга тик учак издегенбиз. Башкы штабга Туризм департаменти баш болгон мекемелер, "Ак сай тревел" компаниясы кайрылып кат жазышкан. Анын камсыздандыруусу деле бар экен, чыгымдын баарын төлөп бермек. Бир суткадай күткөндөн кийин жыйынтыгында "Агахандын" жеке учагы менен алып келгенбиз. Бир учканда жок эле дегенде 3-4 миң доллардан кем эмес акча төлөнөт.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Куралдуу күчтөрдүн учактары мындай иштерге пайдаланылбашы керектигин белгилеп жатат.

Абибилла Кудайбердиев
Абибилла Кудайбердиев

​Бирок адам өмүрү жана анын коопсуздугу коркунучта турган учурда өкмөттүн токтомунун негизинде тик учактарды куткаруу иштерине тарткан учурлар болгонун белгиледи. Анын айтымында, тик учак кымбат болгондуктан аны калыбына келтирүү боюнча атайын комиссия түзүү зарыл.

- Өзүнүн тарифи бар, мисалы бир саат учканда канча төлөйт деген. Тик учактын кызматы өтө кымбат. Аны ар бир эле фирма көтөрө албайт. Өзү негизи мындай тик учактар андай ишке колдонулбашы керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тик учактар жок болгондон кийин айла жок пайдаланылып келет. Чет өлкөдөн туристтер келсе, буларга жардам көрсөтпөсөк, каза болсо ал деле өлкөнүн аброю үчүн айласыздан жасалган иш. Аскерий эмес мобилдик, куткаруу иштерине пайдаланчу тик учактан төрт-бешти алып койсо ӨКМде маселе деле болбойт болчу.

Туроператорлор бирлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө чейин 18 өлкөдөн беш миңдей турист тоо программаларына кызыгып, арыз берди. Жыл сайын туристтик сезон учурунда дээрлик отузга чейин куткаруу операциялары жүргүзүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG