Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Орунбеков: Келдибековдун камалышына саясий түс берүү эрте


Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун УКМК тарабынан камалышы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Укук коргоо органдары аны коррупцияга каршы күрөштүн негизинде камалганын айтса, оппозиция муну саясий буйрук катары баалады. Келдибековдун камалышынын артында эмне турат жана ал өлкөнүн саясий турмушуна кандай таасирин тийгизет. Бул суроолорго саясий илимдердин кандидаты, журналист Бакыт Орунбеков жооп берди.

"Азаттык": Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышы коомчулукта кызуу талкууланууда. Укук коргоо органдары муну коррупцияга каршы күрөштүн кызышы менен байланыштырса, оппозиция саясий куугунтук катары баалап жатат. Келдибековдун камалышы өткөндө Коргоо кеңешинде кабыл алынган саясий коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү кадамыбы же атаандаштарды саясий майдандан четтетүү аракетиби?

Орунбеков: Кыргызстан мындан 22 жыл мурун укуктук, демократиялык мамлекет курабыз деп декларация кабыл алган. Бирок иш жүзүндө мыйзамды сыйлабай, саясий конъюктура, саясий эсептешүүнүн тар чеңгелинен чыга албай келе жатабыз. Бул жагынан алганда, мен азыр эки тараптын тең жүйөлөрүн туура же туура эмес деп айта албайм. Себеби, муну тийиштүү органдар териштирген соң гана баа берүү оң болот. Ошентсе да, оппозициячыл маанайдагы саясатчыны коррупцияга байланышкан эң оор айыптар менен күнөөлөгөн соң укук коргоо органдары аны толугу менен далилдеп бериши керек деп ойлойм. Айтылган далил ынанымдуу болуп, коомчулукка тегиз жетиши керек. Ошол эле учурда Кыргызстанда саясий майданда жүргөн адамдарды кылтыкка илгенде аны саясат менен байланыштырып, саясий түс кошууга аракет кылган жагдайлар арбын.

Келдибековго келгенде да дал ушундай дооматтар күч албашы үчүн президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөшкөнү чын болсо, оппозицияда жүргөндөргө да, өз айланасында жүргөндөргө да тегиз мамиле кылышы керек.

"Азаттык": Дал ушундай эле жүйөнү Акматбек Келдибеков баштаган оппозиция өкүлдөрү да келтирип жатат. Алар бийлик өз тегерегинде жүргөндөргө тийишпей, президентке сын айткандарды камай баштады деп билдиришүүдө. Демек, бул сөздүн жөнү бар деп ойлойсузбу?

Орунбеков: Ооба, президент Атамбаев ар дайым “мыйзам алдында баарыбыз жоопкербиз, эч ким жоопкерчиликтен качып кутулбайт” деп айтып келет. Бул жагынан алганда, президент айланасында жүргөн, коомчулукта күмөн суроолорду жараткан адамдардан күрөштү баштаса эң туура болмок. Мындай жол менен башкаларга үлгү көрсөтмөк. Анткени, учурда расмий бийликте турган көпчүлүк адамдардын айланасында да көптөгөн түйүндүү маселелер жатат. Кыргызстанда бийликте турган учурда эч ким жооп бербейт, бийликтен кетип, сын айткан соң гана кылмыш иши козголгону адатка айланган. Мындай учурда оппозициячыл саясатчынын камалышы көптөгөн күмөн ойлорду жаратаары бышык.

"Азаттык": Учурда укук коргоо органдары Келдибековду ири коррупциялык иштерге шектүү десе, оппозиция өлкө кызыкчылыгын коргогон позициясы үчүн куугунтукталган ишмер катары мүнөздөп жатат. Дегеле Келдибековдун саясий портретин кандай тартсак болот?

Орунбеков: Коомчулукта Акматбек Келдибеков тууралуу бир жактуу пикир айтуу кыйын. Анткени бул кишинин депутат болгонго чейинки саясий ишмердүүлүгүндө, бир топ талаш-тартыш жараткан, күмөн санаткан маселелер абдан көп. Ал боюнча бир катар маалымат каражаттары да жазып келет, бирок ачык жооп боло элек. Анын үстүнө учурда тагылган айыптар мурдатан эле коомчулукта айтылып келген. Келдибеков өзүнүн камалышын оппозициялык маанайдагы позициясы, Кумтөр маселеси, “Кыргызгаздын” айланасындагы абал себеп болгонун айтып жатат. Бирок парламентте бул маселелер боюнча Келдибековдон да курч айткан депутаттарды көрүп жатабыз. Ошол эле коалициялык көпчүлүктө турган, КСДПнын мүчөсү болгон айрым депутаттар Келдибековдон да катуу, курч, таасирлүү айткан учурлар болду. Андыктан Келдибековду оппозициялык позициясы үчүн гана жазалап жатат деп саясий боёк берүү азырынча эрте деп ойлойм.

"Азаттык": Адатта Кыргызстанда кайсы бир кылмышка шектелген саясатчыларга кылмыш иш козголсо, анын тарапташтары митинг, пикет, жол тосуу сыяктуу нааразылык акцияларын уюштурат. Учурда “Ата-Журт” партиясы Келдибековдун камалышы бийлик үчүн оор сокку болот, мунун арты жаман бүтөт деп эскертүүгө өтүштү. Бул окуя коомдук-саясий абалга канчалык таасирин тийгизиши мүмкүн?

Орунбеков: Ооба, ар кыл күтүлбөгөн акциялар, жүрүштөр болушу мүмкүн. Анткени оппозиция буга чейин деле бийликке ар кандай катуу сындарды айтып келген. Бул өңүттөн алганда Келдибековдун камалышы оппозицияга жем таштаган, чырагына май тамызган окуя болушу мүмкүн. Себеби анын арты менен элди көчө алып чыгып, бийликке өз сүрүн көрсөткөнгө шарт түзүлдү. Ошондуктан бийлик буга өзүнүн ынанымдуу аргументтерин камдап, даяр болушу керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG