Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Германияга келип кымыз ичип кеткиле!


Германиядагы кымыз фестивалы, Мүлбэнн кыштагы. 2011-жылдын 15-майы.
Германиядагы кымыз фестивалы, Мүлбэнн кыштагы. 2011-жылдын 15-майы.

Германияда немис фермерлери бээнин сүтүнөн кымыз жасап сатат экен деп кулагыбыз чалып калчу эле. Жакында, 15-май күнү Германияда атайын кымыз-фестивалы өтүп, ага биздин айрым кабарчыларыбыз да катышып келишти.

Чынында Германияда кымыз-фестивалы өтөт деген кабарды алгач интернеттен окуганда, кымызды кантсе да ал жактагы борбор азиялык мигранттар, татар, же монгол бозгундар жасап атса керек деп ойлогонбуз.

Прагадан беш сааттай жол жүрүп, Германиядагы ири шаар Баден-Баденден анча алыс эмес чытырман токой арасындагы Мүлбэнн кыштагына барганыбызда, ал жердеги ири фермерлердин бири, кадимки немис улутундагы Ханц Цолман 400дөй бээни байлап, алардын 200дөйүн күнүнө 3 маал компьютерлешкен машине менен саадырып, био-кымыз чыгарып жатканын көрүп таң калдык.

Ханц Цолмандын бээлери

50нүн ортосуна келип калган шыңга бойлуу, буурул чач Ханц Цолман чогулган элге чакан бөтөлкөлөргө куюлган био-кымыздын дарылык касиетин даңазалап, андан башка бээнин сүтүнөн даярдалган бет май, лосьон, самын, косметикалык башка да буюмдарды сунуштап жатты.

Германиянын ар тарабынан чогулган кардарлар бээнин жаңыдан саалган сүтү куюлган бөтөлкөлөрдү, кымыз, а түгүл бээнин сүтүнөн даярдалган балмуздак жана коcметикалык заттарды кезекке туруп сатып алып атышты.


Ханц Цоллман бизге айтып бергендей, кымыз жасаганды убагында анын кайнатасы, доктор Шторк жолго койгон экен. Ал киши экинчи дүйнөлүк согуш маалында Советтер Союзунда туткундалып, Казакстандагы түрмөлөрдүн бирине камалып, катуу ооруганда бошотулат.

1949-жылы оору менен өлүмдүн ортосунда калган немис туткунун казак үй-бүлө бээнин кымызын берип айыктырат. Ошондо эле өлүмдөн аман калган Шторк мырза Германияга кайтып барганда жылкы багып, бээнин кымызын жасатам деп сөз берген экен.

1959-жылдан тарта ошентип, Германияда адегенде Шторктун үй-бүлөсү, кийин анын кызы жана күйөө баласы Ханц Цоллман бээнин сүтүн саадырып, кымыз жасатып, бул баалуу, дарылык касиети бар азыкты европалыктарга жайылтып келаткан экен.
Фестивалдын ачылышынан


15-май күнкү фестивалда Цолмандын фермасы дарбазасын кеңири ачып, Берлинден бери келген саясатчы, жергиликтүү жетекчилерди да коноктоп жатты. Меймандар арасында убагында Казакстан, Кыргызстандан түпкү мекенине көчүп кеткен немистер бизди көрө калып, орусча баарлашып, кымыздан татып, өткөн-кеткенди сөз кылып черин жазып жатышты.

Бул фестивалга көптөн бери жыл сайын келип жүргөн германиялык казактарга да учурадык. Мюнхендеги казак диаспорасынын жетекчиси Сулейман Шаткам Ханц Цолманды көп жылдан бери таанып, бул иш-чараны Европада жашаган борбор азиялыктарга жайылтууга көмөктөшүп келаткан экен. Дагы бир казак тууган Саида Цурер дал ушул кымыз-фестивалында тарыхый мекенине болгон сагынычын жазып кайтаарын айтат.


Балдар үчүн атайын астына саман төгүлгөн оюн аянтчасы жасалган, ал жерде оюнчук аттарга минип, желим аспапта машыгып, бээни сааганды үйрөнсөңүз да болот экен.

Германияда жасалган кымыз, албетте, чаначка куюлган биздин жайлоонун кымызынан даамы башкачараак экен, жеңилирээк, биздегидей күчтүү ачытылган эмес. Ошентсе да, улам сатып иче берип, коноктордун беттери тамылжып, үйлөрүнө да коробкалап алып кетип атышты.
Фестивалга барган кыргыздар Ханц Цолманга калпак кийгизди.


Бээнин сүтүн жана кымызын даңазалап келаткан Цолман мырзага аябай ыраазы болгон биз ага кыргыздын калпагын белекке берип, жыл сайын келип турабыз деп убадалашып алып жолго түштүк.

Цолман мырзанын айтымында, ал 200дөй бээнин сүтүн жана кымызын ушу тапта Германиядан башка 3 европалык өлкөгө экспорттой баштаптыр, анын бизнеси андан да өркүндөп, кардарлар көбөйө беришин кааладык!
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG