Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Грузия Кыргызстанды реформага үндөйт


Грузин полициясы
Грузин полициясы

Коррупцияны дээрлик жок кылууга жетишкен Грузия Кыргызстан тартип коргоо, экономика өңдүү тармактарды реформалоону кечеңдетпеши керек дейт.

Грузия бийлигинин айтымында, реформа жасоо үчүн күчтүү саясий эрк зарыл. Грузиянын тажрыйбасы менен таанышып жүргөн Жогорку Кеңештин айрым депутаттары реформа үчүн Кыргызстан күчтүү командага да муктаж деген ойдо. Грузиндер Кыргызстандагы реформалоо аракеттерине кандай баа берип, кандай кеңештерин айтат?

Грузия парламентинин төрага орун басары Михаил Мачавариани Кыргызстан укук коргоо, экономика, сот системасы багытындагы реформаларын кечеңдетпеши керектигин "Азаттыкка" билдирди. Вице-спикер реформаларды жүргүзүүнүн ыкмаларын издеп гана жүрө бербестен, аларды жасай баштоо зарылчылыгын белгиледи:

- Грузияда реформаны баштаар алдында чечилиши керек болгон көп маселе бар эле. Маселен, полиция, саламаттыкты сактоо, билим берүү өңдүү тармактар реформага муктаж болчу. Биз бул өзгөрүүлөрдү дароо баштоо керектигин, эл реформаны сезе билүү зарылдыгын көрдүк. Менимче, Кыргызстан да кайсы бир тармактагы реформасын аздан болсо да башташы керек. Күтүп отурганга караганда реформанын алгачкы кадамдары да элге пайда, ишеним алып келет.
Буларда реформа, коррупцияга каршы күрөш кеминде беш жыл мурда башталган. Азыр да күрөш уланып жатканын айтышты.


2004-жылдан тарта Грузия бийликтин дээрлик бардык бутагын реформалап, коррупцияны жок кылууга жетишкен. Маселен, эл аралык сурамжылоолордун жыйынтыгында Грузиядагы революцияга чейин калктын полицияга болгон ишеними 10 пайыз гана болсо, азыр 90 пайызды түзөт. Сот системасын түптөөдө да бийликтин түздөн түз кийлигишүүсү азайып, калктын сотко болгон ишеними 50 пайыздан ашкан. Мындан тышкары Грузияда салыктын төрт түрү гана калып, бизнесмендерге ылайыктуу шарт түзүлгөн. Азыр 10-15 мүнөттүн ичинде кайсы бир мүлктү каттатып, же бизнес ачууга мүмкүн.

"Азаттыкка" Грузин парламентинин экономикалык комитетинин төрагасы Георгий Меладзе:

- Бир катар абройлуу компаниялардын иликтөөсүнө ылайык, дүйнөдө Грузия бизнес ачуудагы эркиндик боюнча жетинчи орунда, мүлктү каттоо боюнча биринчи орунда турат. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты. 2003-жылдан тарта бара-бара реформа жүргүзүп, бул жыйынтыктарга жетиштик.

Грузиянын тажрыйбасы менен учурда Жогорку Кеңештин он депутаты таанышып жүрөт. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов баштаган топ Грузия парламентинин сот, экономика, укук коргоо багытындагы адистери менен жолугушуп, көйгөйлөрдү ортого салууда. Депутаттардын бири Равшан Жээнбеков:

- Жалпысынан грузиндер айткан реформалардын бардыгын эле аткарса болот. Бардыгы айланып келип эле күчтүү саясий эрк менен аны ишке ашыра турган күчтүү командага барып такалат. Тилекке каршы бизде бул экөөнө байланыштуу кыйынчылык пайда болуп жатат. Мурда реформа жүргүзүү үчүн бизге сөзсүз чоң ресурстар керек деп ойлоп жүргөм. Грузиндер маалымат каражаттарына жазылгандай чоң акчаны эч ким деле берген жок деп айтып жатышат. Реформа башталгандан кийин ишеним, каражаттар келе баштады деп белгилешти.

Кыргызстанда 7-апрель окуяларынан кийин сот системасын, тартип коргоо органдарын реформалоо аракеттери башталган. Бирок алардан жыйынтык чыкпай, маселен Сотторду тандоо кеңеши толук кандуу иштебей турат. Жаңы түзүлгөн өкмөт да экономика, ишкерчилик тармактарында өзгөрүүлөрдү алып келүүнү көздөп, президент да коррупцияга каршы күрөшөм деп белсенип турат. "Бирок бул максаттар аягына чыгарылышы керек", - деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков.

- Буларда реформа, коррупцияга каршы күрөш кеминде беш жыл мурда башталган. Азыр да күрөш уланып жатканын айтышты. Бизде деле коррупцияга каршы күрөш башталып, төрт чиновник кармалбадыбы. Булар беш жыл мурда беш сот жана депутаттар жоопко тартылганын айтып, андан соң коррупция токтогонун айтып жатышат. Биз да күрөштү улантышыбыз керек.

Жогорку Кеңештин депутаттары 11-февралга чейин Грузияда болуп, реформалар менен таанышууну көздөөдө. Алдыңкы күндөрү алар менен президент Михаил Саакашвили жолукмакчы.

XS
SM
MD
LG