Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Кыргызстан - “жарым-жартылай эркин"


Эл аралык "Фридом Хаус" уюму "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган кезектеги жылдык баяндамасын жарыялады. Анда өткөн жылы саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча Кыргызстан артка чегингени айтылат.

Баяндамада Россия былтыркыдай эле "эркин эмес" өлкө деп табылып, Борбор Азиядан Казакстан менен катар Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мурдагыдай эле "эркин эмес" деген рейтингин сактап калышкан. Ал эми КМШдан Украина эле "эркин" өлкөлөрдүн тизмесинде болсо, Грузия, Армения, Молдова, "жарым-жартылай эркин", Азербайжан, Беларус "эркин эместердин" ичинде. Баяндамага ылайык, Кыргызстан мурдагы беделин сактап, "жарым-жартылай" эркин өлкөлөрдүн катарына кирген менен серепчилер өткөн жылдарга салыштырмалуу абал кыйла артка кеткенин айтып жатышат.

Акыйткатчы Турсунбек Акун өлкөдөгү адам укуктары жаатында жыл жыйынтыгын чыгарып жатып саясий жана жарандык укуктар тарабынан алганда былтыркы жылдарга салыштармалуу артка кеткенин ырастады.

- Бул маселелер блюнча "Фридом Хаустун" отчетунун жыйынтыгына негизинен кошулам. Анктени, Ишенбей Кадырбеков камалып турат тогуз айдан бери. Анын күнөөсү барбы, жокпу аны сот чечет. Бирок, 21-октябрдан сот башталганга чейин мыйзамсыз түрдө түрмөдө кармалды. Андан сырткары айрым адамдарга мурда министр же дагы башка кызматта турган учурда эмес кызматтан кетип, оппозицияга кошулгандан кийин кылмыш иши козголууда. Бул да жакшы көрүнүш эмес.

Ал эми “Таза табигат” уюмунун төрайымы Анара Дауталиева "Фридом Хаус" чыгарган жыйынтыкка кошуларын жана чын эле акыркы кезде абал бир топ татаалдашып кеткенин белгиледи:

- Мен ушул уюмдун чыгарган отчетуна кошулам. Анткени акыркы бир жылда жарандарга абдан татаал болду. Куралдуу күчтөр да митингдерге катышкандыгы жаман көрүнүш. Негизгиси эл аралык уюмдан ушундай объективдүү жыйынтык уккандыгыбыз кубандырат. Мамлекеттин ушундай мамилеси эмнеге алып келет, мен билбейм.

Оппозициядагы бир катар саясатчылар авторитардык бийлик барган сайын күч алып, соңку күндөрү аларга карата куугунтук, коркутуп-үркүтүү күч алганын айтышууда. Муну алар 1936-жыл менен салыштырып жатышат. Деген менен айрым саясатчылар Фридом Хаусту Кыргызстанды чөгөлөткүсү келген уюм катары баалашат. “Ак жол” партиясынан шайланган депутат Ажыбай Калмаматов аталган уюмдун отчетунун жыйынтыгы менен макул эмес.

- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жарандык эркиндик жок деп белгиленсе анда таптакыр эле эркиндик жок деп эсепетйм. Ал эми саясий укуктар, куугунтуктар деп атышат. Албетте жылдын жыйынтыгы боюнча эсеп палатасы текшерет. Аны саясатка айландырып алса бул саясий шоу деп олойм. Фридом Хаус дагы ошол эле бей өкмөт уюмдарды баштаган, Батыш, Европанын саясатын колдогон Кыргызстанды чөгөлөткүсү келген уюм деп эмептейм.

Укук коргоочулардын айтымында мурда бийликтин айрым чечимдерине же болбосо жүргүзгөн саясатына макул болбой тынч нааразылык акция өткөргөндөргө токтомдун негизинде гана тыюу салынып келсе, эми мыйзамдын негизинде тыюу салына баштады.Акыйкатчы институнун адам укуктары боюнча эксперти Тимир Шайхуддинов Кыргызстанда саясий жана жарандык эркиндиктер артка кеткендигин ырастады:

- Жарандык эркиндик жана саясий укук жаатында Кыргызстандагы абал башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшыраак болушу мүмкүн. Бирок, 2005-жылга салыштырмалуу азыр бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбой, ага карата акцияларды өткөрүү алда канча кыйын, дээрлик мүмкүн эмес болуп калды. Акцияга чыккандарды дароо кармап кетишет, айып төлөтүп же камап салышат. Мен жаштардын укугу менен алектенген адам катары айткым келет. Азыр студенттер ректораттан көз карандысыз болгон коомдук жарандык иш жүргүзүү өтө кыйын болуп калганын айтышат. Мындай учурда студенттерди басмырлашат. Студенттер каалаганы менен ректорат ага каршы пикирин билдирип келет.

Укук коргоочулар 2009-жыл эркиндик жаатындагы абал жакшы жагына бурулушуна көп ишене беришпейт. Алар абал жакшырышы үчүн азыркы бийликке чоң эрк керек, болбосо система толугу менен өзгөрүшү зарыл деп ойлошот.

XS
SM
MD
LG