Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

FH: Кыргызстан Орусиянын жолуна түшөбү?


Freedom House уюму Кыргызстан да Орусиянын жолоюна түшүп, бейөкмөт уюмдарды ооздукташы мүмкүн деген чочулоосун билдирди. Мындай чочулоого парламентте талкуулаган бейөкмөт уюмдардын каражат булактарын ачыкка чыгаруу боюнча мыйзам долбоору негиз болду.

Freedom House уюму учурда Жогорку Кеңештин талкуусундагы “Кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу жана террористтик, экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо жөнүндө" мыйзам долбооруна жана депутат Турсунбай Бакир уулунун бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча демилгесине камтама болууда. Аталган мыйзам долбоордун 12-беренесинде бейөкмөт уюмдар каржылык булактарын милдеттүү түрдө ачыктоосу каралган.

Уюмдун өкүлү Алмаз Эсенгелдиевдин оюнча, мындай өзгөртүү менен Кыргызстанда да Орусияга окшоп бейөкмөт уюмдарды негизсиз текшерүүгө шарт түзүлүшү мүмкүн:

- Албетте биз Кыргызстан да Орусиянын жолоюна түшүп, учурда ал жакта болуп жаткандай бейөкмөт уюмдарды текшерүү, кысым көрсөтүү кайталанбасын деп чочулап жатабыз. Кыргызстанда болуп өткөн эки ыңкылаптын башкы максаттары дал ушундай куугунтоолорду болтурбай, ачык коом куруу болбоду беле... Ошондуктан биз коңшу өлкөлөр кетирип жаткан каталарды Кыргызстан кайталабасын деп, өз чочулообузду билдирип жатабыз.

Мамдуманын алдында жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциясынан бир көрүнүш
Мамдуманын алдында жаңы мыйзамга каршы нааразылык акциясынан бир көрүнүш
Орусияда быйыл жыл башынан тарта өлкө аймагындагы бейөкмөт уюмдар жапырт текшериле баштаган. Буга былтыр кабыл алынган чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардан “чет өлкөлүк агент” катары кайра каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамы жол ачкан.

Орусиядагыдай бейөкмөт уюмдардын каржы булактарын текшерүүнү колдоп жаткан Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, көпчүлүк бейөкмөт уюмдар чет өлкөлөрдөн опсуз көп акча алып, аны Кыргызстанды жаманатты кылууга жумшап атышат:

- Мен мындай маселени көп жылдан бери көтөрүп келем. Анткени саясатчы, окумуштуу катары Кыргызстандагы чыр-чатактардын, төңкөрүштөрдүн, жаңжалдардын себебин изилдеп келип, ушундай жаңжалдарды чыгарууда курал катары бейөкмөт уюмдар болуп жатканын түшүнөм. Ошондуктан бейөкмөт уюмдардын каржы булактарын текшерүү маселесин көтөрүп жатам. Аларды ким каржылап жатат, кандай максатты көздөшөт деген суроолорго жооп табуу керек. Бул багытта Орусияда жүргүзүлүп жаткан саясатты туура деп эсептейм.

Бакир уулу айтылып жаткан мыйзам долбоорунан башка да бейөкмөт уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын кошумчалады. Ал долбоору быйыл май айына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталмакчы. Депутат ошондой эле Финансылык чалгындоо кызматына бейөкмөт уюмдарды текшерүүнү суранып, кайрылганын да билдирди.

Бирок аталган кызматтын маалымат кызматынан мындай кайрылуу болбогонун, болгон күндө да бейөкмөт уюмдарды негизсиз эле текшерүүгө мыйзам жол бербей турганын кабарлашты.

Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болсо, каржылык булактарды текшерүү демилгесин жарандык коомду өкмөттүн көзөмөлүнө салып берүү аракети катары баалашууда. Алар бул демилгеге каршы атайын жумушчу топ түзүп, мамлекеттик чалгындоо кызматы менен биргеликте иш алпарууда.

Бул топтун мүчөсү “Биздин укук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, азыркы учурда деле бейөкмөт уюмдардын каржы булактарын мамлекеттик органдар текшеришет:

- Азыр деле ошондой мыйзам бар. Ошол грантты алып келген уюмдар, мисалы, Соцфондго салыкты төлөгөндө дайыма өздөрүнүн отчетторун берип турушат. Эгерде парламенттеги депутаттарга ошонун баары кызык болсо, Салык кызматына, Соцфондго же Юстиция министрлигине кайрылып, каттоолорун, уставдарын алып, эмне боюнча иштеп, кайсы жерден акча алып келип атканын билсе болот. Экинчиден, бул эл аралык уюмдардын бардыгы тең Кыргызстанда катталган, мамлекет чакырып, аккредитация берген. Турсунбай Бакир уулу сыяктуу эле айрым депутаттар мындай демилгени көтөрүп чыккандан башка эч бир жүйөлүү негиздерди көрө албай турам.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 16 миңден ашуун бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар катталган. Булардын көпчүлүгү каттоодон өткөнү менен толук кандуу иштебей турганы айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG