Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Жанна Фео де ла Кроа: Кыргызстанды сагынам


Европалык этнограф жана социолог Жанна Фео де ла Кроа Кыргызстандын жаратылышы, эли, салт-санаасы туурасында "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстанга качан, кантип, кандай максатта келип калдыңыз?

Жанна Фео де ла Кроа: Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Алгач бул өлкө тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Тилекке каршы Европада эл Орто Азия жөнүндө өтө аз билишет.

Мен көчмөн жашоого, тоолорго абдан кызыктым. Союз убагында деле кызыгып жүрчүмүн, бирок Батыш үчүн Кансыз согуш маалында бул өлкөлөр абдан алыс болчу. Биз аз билгенбиз, саякаттар үчүн уруксат жок болчу.

Сураштырып көрсөм Орто Азия жөнүндө эч ким билбейт. Ошондуктан Кыргызстанга алгачкы жолу 2005-жылы келдим. Токтогулдун Совет деген айылында эки жыл жашадым, бир топ темаларды изилдедим. Мисалы, Токтогул ГЭСинин курулушу, көчмөн жашоосун, мазарлар, Токтогул шаарынын курулушу туурасында изилдедим. Бул изилдөөлөр чет жакта жарыяланды.

Ошондой эле жумуш жөнүндө макала жаздым. Кээ бир келиндер бар, беш балалуу, балдары кичинекей. Алар күнүнө 16 сааттай иштешет, бирок биз жумушсузбуз деп айтышат. Ушундай сөздөрдү кандай түшүнөм?

Кыргыз тилиндеги маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Изилдөө маалында, деги эле Кыргызстанга келгенде таң калтырган эмне болду? Салт-санаасы, тамак ашы да башкача болдубу?

Жанна Фео де ла Кроа: Ооба, таң калган көп нерселер болду. Мисалы, элдин чогуу турушу, бири-бири менен байланышы. Бизде тууганчылык такыр башкача. Тамактары да мен үчүн жаңылык болду. Мен алгач келгенде тамактан да кыйналдым. Анткени мен кыргызча да, орусча да жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Айылда жашагандыктан көп кыдырчумун, чакыруулар көп болчу.

Кыргыздар эгер конок келсе, дасторконду жакшы жайып, абдан көп тамак жасайт. Анан "же-же", "ич-ич" дешет. Мен алгач жакшы түшүнгөн жокмун. Эгер жебей койсом таарынат деп корктум. Ошондуктан абдан көп жедим, анан оорудум. Кийин анан үйрөнүп, “мен токмун, рахмат, абдан жакшы болуптур” деп айтканды түшүндүм.

Кыргызстанда эң жакшы көргөнүм – бул жер-жемиш, мөмөлөр. Абдан даамдуу, мисалы, жайында коон, өрүк болсо абдан жакшы экен. Эгер мен Кыргызстандан кете турган болсом буларды абдан сагынам. Токтогул районунда абдан жакшы бал бар. Аны да сагынам. Кымыз абдан жагат.

Экинчиден, маданияты абдан жагат. Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да маданият бир эмес. Көп тил, көп салт, ар кандай ырчылар бар. Тарыхы ар түрдүү. Бул менимче эң чоң байлык. Муну сактап калыш керек. "Кыргызстан жалаң кыргыздар үчүн, Өзбекстан өзбектер үчүн" деген өтө өкүнүчтүү.
XS
SM
MD
LG