Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Уздардан ууч кур эмес


Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында мода жумалыгы өтүп жатат. Бир жума бою созулган бул иш-чарада жаш модельерлер ой чабытынан жаралган эмгектерин сынга коюуда.

Миң кырдуу, миң сырдуу аялзат. Өктөм, уяң, назик, албуут...

Дал ушул аялдын миң кубулма, миң кыял дүйнөсүнө таандык касиеттерди жаш модельер Жанара Чыңгышеванын ”Кыялкеч” коллекциясынан байкоого болот. Жанаранын баштапкы кесиби программист. Ушундан уламбы анын колунан жаралган улуттук кийимдер башкалардан бөтөнчө.

Ал кыргызды дал ушул стил менен дүйнөгө тааныткысы келген экен:

- Мен кыргызмын, мен патриотмун. Бул коллекция аркылуу кыргыз кийимдерин той-тамашада эле эмес, күнүмдүк турмушта да кийсе болорун көргөзгүм келет. “Кыялкечте” ар ким өз кийимин, өз жүзүн таба алат. Анткени аялдар ар кандай эмеспи.

Жанаранын узчулук өнөргө аралашканына 7 жылдай болуп калды. Ушул мезгил аралыгында кийим тигүүнүн сырларын кыйла өздөштүрүптүр:

- Жашыл өң көп аялдарга жарашат. Күрөң болсо тескерисинче. Биздин аялдар каратору келгендиктен, күрөң алардын ырайын ачпай калат. Ал эми караны түстөрдүн падышасы десем болот. Ар кандай оймо-чийме салып, каалагандай кийим жаратсаң болот. Азыр той-аштын мезгили эмеспи. Күйөөгө кетип жаткан кызга ак, күлгүн өңдөгү көйнөктөрдү сунуштайт элем. Мен кийим тигип баарын эске алам. Бирок кардардын кыялы чыргоо болсо, иштешүүдөн сылык баш тартам. Анткени кандай иш бүтүрбө ага жакпайт.

Кыргыз жыттанган эмгектер

Мода жумалыгына конок катары чакырылган элдик чебер Бурул Мамбетова жаштардын улуттук колоритке басым жасаганына кубанууда. Чебер мындай иш-чара биресе адамдын ички дүйнөсүн байытса, экинчиден бой-аягына карап жүргөнгө жардам берет деген пикирде:

- Билинбеген менен кол өнөрчүлүк жагы катуу өнүгүп баратат. Жаштардын эмгектеринде улуттук оймо-чиймелер көп кездеше баштады. Мурда аларды жалаң эле артисттердин көйнөктөрүнө колдонсок, азыр күнүмдүк кийимдерден да кезиктире баштадык. Жанара Чыңгышеванын ишинде да улуттук колорит басымдуу экен. Ушундай таланттуу жаштар өсүп жатканына сүйүнүп жатам. Дегеле мода жумалыгынын өтүп жатканынын өзү жакшы жөрөлгө. Келгендердин ички дүйнөсүн тазартып, келбетине кам урууга да жардам берет деп ойлойм.

Мода көргөзмөсүн “Витлайн” мода үйү жыл сайын өткөрүп келет. Анын жетекчиси Виталина Шевченконун айтымында, быйылкы жумалык мурдагыдан өзгөчө болмокчу.

- Канча деген коллекцияларды көрдүк. Карап отуруп, көз кубанат. Эмитен эле сатып алсакпы дегендер чыгууда. Баса, ушул сезондо атайын шоу жасайлы деп чечтик. Мода жумалыгы бүткөндөн кийин үч күн катары менен бул жакка чыккан кийимдердин көргөзмөсү өтөт. Каалоочулар келип жаккан кийимин заказ кылып же сатып алса болот.

Парламентте кыска юбка кийгендерге тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыккан ЖК депутаты Турсунбай Бакир да мода көргөнү келген экен:

- Бийик моданын көрүүчүсү катары келдим. Бирок келерден мурда сурадым, кыска көйнөктөр, купальниктер жокпу деп. "Жок" дегенди уккандан кийин келдим. Айткандай эле узун көйнөктөр чыгып атат. Негизи жаштар түнкү клубдарга баргандан көрө, ушундай маданий иш-чараларга келишсе болмок. Бул деген искусство да.

Мода жумалыгы Турсунбай Бакир уулуна жагып калганбы, өзү дагы жакын арада мусулман кийимдеринин көргөзмөсүн өткөрөөрүн кыйыта кетти:

- Мусулман модасынын көргөзмөсүн өткөрөйүн деп жатам. Кыргыздын, казактын биртоп модельерлери менен сүйлөшүп койгом. Анткени азыр көп кыздар кийингенди билбейт. Аз да болсо улуттук кийимге кызыгуу ойгонсун деген тилек да.

Ошентип Бишкек да провинциялык шаар атынан арылып, улуттук колориттеги мода көргөзмөсүн өткөрө баштады. Албетте Парижге жетүү кыйын, бирок жолду баскан арбытат эмеспи.
XS
SM
MD
LG