Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Кыргызстандык өзбектер бийликке ишенбейби?


Оштогу айрым активисттер өзбек жарандар кысмакка алынууда деп, БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдарга, Кыргызстан бийликтерине, маалымат каражаттарына даттанышты. Ал ортодо эл аралык миссиялар Кыргызстанда тынчтык орнотууга көмөктөшүү иш-чарасын баштады.

Ушуга байланыштуу “Азаттык” улут аралык мамиледеги айрым өксүктөрдү арай көз чарай талкуулады.

Талкууга Ошто өзбек тектүү жарандардын тынчсыздануусуна жүйөлүү себептер барбы, эмне үчүн өзбек жарандар өз укуктарын ачык коргоодон тайсалдашат, этнос аралык жаңжалдын алдын алуу боюнча өкмөттүн, эл аралык жана жергиликтүү коомчулуктун аракеттери жетиштүүбү деген өңдүү суроолор коюлду жана ага Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин башчысы Накен Касиев, "Борбор Азия - Азаттык үнү" порталынын редактору Абдымомун Мамараимов жана угармандар катышты.

“Азаттык”: Улуттар ортосуна чок таштаган июнь окуясынан кийинки жашоо негизинен нугуна түшүп калды деген менен, анын терс таасири дагы эле жашап жаткан сыяктуу. Өткөн айда АКШ Мамдепартаментинин ушул нуктагы баяндамасы чыкты. Укуктарын коргойбуз деп айрым жарандар Бириккен улуттар уюмуна чейин кайрылып жатышат. Чын эле өзбек жарандар жергиликтүү бийликке ишенбей жатышабы? Эгер ошондой болсо ага кандай себептер түрткү болууда?

Накен Касиев: Жакында өкмөтүбүз улут аралык мамилени бекемдеш үчүн, чечиш үчүн атайын агенттик уюштурган. Мына ушул убактарда мен да Ош жергесинде, Жалал-Абадда, түштүк региондордо болдум. Чынында бул маселелер толук чечилди дегенден алысмын.

Мен барганда бүгүнкү акыбалды билишке аракет кылдым. Айрыкча кыргыз-өзбек жарандарынын бүгүнкү нугун, чечилбеген маселелерин өзбек, кыргыз, башка улуттагы адамдар менен да жекеме-жеке сүйлөшүп, бир топ нерселерди билгенге аракет кылдым. Андан тышкары Консультативдик кеңешти да уюштурдук.

Бирок, ошол эле убакта ачык, жанагыдай нерселердин болуп аткандыгын билдирүүлөр аз болду. Жокко эсе болду. Ошондуктан кандай болсо дагы кооптонуу, чегинүү маселелери болуп атканбы деп ойлойм.

Ачык айтканда БУУ же башка уюмдар бул маселени чечпеш керек. Биз бир үй-бүлөдө, бир өлкөдө жашап жаткандан кийин ички маселелерди өзүбүз менен өзүбүз иргештирсек. Мына бизде агенттик түзүлүп атат. Иштерибиз пайда болуп атат. Ушул маселени өзүбүз бир ич ара калыптандырып, чечишке аракет кылышыбыз керек. Кандай болсо да эртели-кеч ачык процесске барышыбыз керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Абдымомун Мамараимов: Жанараак адвокат мамлекеттик уюмга кайрылгандан майнап чыкпагандан эл аралык уюмдарга кайрылып атышат деп атпайбы. Ошондой кайрылуулар биздин редакциянын почтасына да көп келип түшөт. Алар биринчи кезекте президенттен, Жогорку Кеңештен баштап жазышат да, анын көчүрмөсүн анан эл аралык уюмдарга жөнөтүшөт.

Бул жерде бир нерсени айтып коюш керек, “Азаттыктагы” кесиптештер да айтып атышат, журналист катары ошол авторлорго кайрылып, байланышканга аракет кылабыз. Алар, бирок, жазганын тактап айтып бергенден коркушат. Ошонун айынан мен, мисалы, он чакты кайрылуунун бирөөнү гана сайтыбызга бердим. Бирок авторлордон комментарий ала алган жокпуз. Коркуу бар. Ошондой эле мамлекеттик органдарга ишеним жакшы деп айта албайм.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG