Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Өкмөт көтөргөн тарифти сот кайтарды


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган Ошту электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу иши менен таанышууда. Ош шаары, 18-июль, 2014.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган Ошту электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу иши менен таанышууда. Ош шаары, 18-июль, 2014.

Бишкектеги райондор аралык сот электр энергиясына жана жылуулукка баанын көтөрүлүшүн мыйзамсыз деп тапты.

Жарандык активисттер Нурбек Токтакунов жана Манасбек Султанов өкмөт тарифтерди коомчулук менен жетиштүү талкуулаган жок деген негизде сотко кайрылган эле. Энергетика жана өнөр жай министри райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирүүдө.

Талаш көпкө созулчудай

Кыргызстанда жылуулукка жана жылуу сууга тарифтер 1-июлдан тарта 30 пайызга жакын көтөрүлгөн. Буга ылайык, эгерде батириңиздин аянты социалдык нормадан кең болсо, анда мына ошол бөлүгүнө жылуулукка эки эсе төлөйсүз.

Электр энергиясына тарифтер болсо 1-сентябрдан тарта өзгөрүп, үч фазага 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарифтерди көтөрүүнү тармактагы 7 млрд. сомдун тегерегинде тартыштык менен негиздеп, тарифтерди көтөрбөө тармакты катастрофага алып келерин эскерткен.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

Бирок жарандык активисттер Нурбек Токтакунов жана Манасбек Султанов өкмөт тарифтерди коомдук талкуу өткөрбөй туруп көтөрдү, бул мыйзамга каршы келет деп сотко кайрылган. Активисттердин арызын караган Бишкектеги райондор аралык соттун судьясы Бермет Карагулова тарифтер мыйзамсыз көтөрүлдү деген чечимин 29-сентябрда чыгарды.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, министрлик райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко кайрылат. Ал жарандык активисттердин тарифтер коомдук талкуусуз көтөрүлдү дегени негизсиз дейт:

- Негизинен баары эле талкууланды. Парламентте дагы, коомдо дагы, облустарга чейин, айылдарга чейин барып, бүт кыдырып келишти. Бардык жерлерде угуулар болду. Ошолордун протоколдору бар. Бизде толукталып сакталып турат.

Осмонбек Артыкбаев райондор аралык сотто министрликтин кызыкчылыгын коргогон адис сотко даярдыксыз барганын моюнга алды. Белгилүү болгондой, министрликтин адиси соттун жүрүшүндө электр энергиясынын өздүк наркы жана Бишкек жылуулук борбору иштеп чыккан жылуулук, жылуу суу жана электр энергиясына байланыштуу суроолорго негиздүү жооп бере алган эмес.

Райондор аралык сотко катышкан энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев министрликте адистердин жетишсиздигинен баалардын көтөрүлүшүн сотто негиздеп бере алган жок дейт:

- Бул эмнеден кабар берет? Энергетика жана өнөр жай министрлигинде өкмөттүн кызыкчылыгын коргоп, мыйзам чегинде иштей турган мамлекеттик кызматкерлердин жоктугунан ушундай абал түзүлүүдө.

Калк кайсы тариф менен төлөйт?

Энергетикалык дагы бир эксперт Николай Кравцов өкмөт мыйзамдарды бузбай, тарифтерди көтөрүүгө жетишиш керек дейт:

- Өкмөт мыйзамдын алкагында варианттарды издесин. Мыйзамга ылайык тарифтерди көтөрсүн. Мыйзам кандай талап коёт? Ага ылайык угуу эмес, талкуу болуш керек. Негиздемелер, жүйөлөр келтирилиш керек. Ушуларды жасаса, анда маселе чечилет. Эгерде жүйөсү жок болсо, негиздемеси болбосо, мыйзам талап кылгандай талкуу болбосо, анда кантип тариф өзгөрсүн?

Райондор аралык соттун чечиминен кийин калк кайсы тариф менен электр энергиясын төлөйт деген суроо пайда болууда.

Министрликтин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент мыйзамга ылайык соттун чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирерин, ошондуктан ага чейин калк бекитилген тариф менен төлөй берерин эскертти. Бекитилген тариф болсо 1-июлда жана 1-сентябрда көтөрүлгөн тарифтер. Андан сырткары Энергетика жана өнөр жай министрлиги райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко кайрыларын билдирген. Демек, тарифтер үчүн соттук кармаштар алдыда.

Бирок соттун чечими тарифтердин көтөрүлүшүнө нааразы болуп жаткан калк ичинде түшүнбөстүктөрдү жана ар кандай талкууларды күчөтөт деген пикирлер айтылууда. Белгилүү болгондой, үч фазаны кыркууда энергетиктер керектөөчүлөрдүн ар кандай каршылыктарына кабылып келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG