Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:57

Караңгыда калгандар жол тосту


Бишкектин борбордук Манас көчөсүндөгү чырактар да кечинде ушинтип үрүл-бүрүл гана жанып калат. 25-декабрь.
Бишкектин борбордук Манас көчөсүндөгү чырактар да кечинде ушинтип үрүл-бүрүл гана жанып калат. 25-декабрь.

Бишкекте үч күн бою электр жарыгысыз калган тургундар шаар көчөлөрүн тосуп, тез арада электр энергиясы берилишин талап кылды.

Бишкектеги Кыргыз техникалык университетинин айланасындагы Тынчтык, Ахунбаев, Токтоналиев, Айни, Сухомлинский көчөлөрүндө жашаган тургундар үч күндөн бери электр жарыгысыз отурат.


Маселе жол тоскондо гана чечилеби?


Кыштын кыраан чилдесинде жарыксыз калгандар 24-декабрда Тынчтык проспектисин тосуп, нааразычылык билдирип чыкты.
Ата-энелер балдарына азыр Аяз ата келип, жарыкты күйгүзөт деген жомокторду айта баштады. ХXI кылымда ушундай шылтоону айтуу күлкү келтирет да...
Гүлнара, Бишкектин тургуну


Жол тоскондордун бири Таалай Абдраманов "Азаттыкка" бүгүн (25-декабрда) да жарык жок экенин кабарлады:

- Биз 3 күндөн бери жарыксыз отурабыз. Адегенде улам-улам үзгүлтүккө учурап берилип жаткан. Жалпысынан 6 күндөн бери жарык өчүп жатат. Жарыктын өчүшүн билели деп РЭСке чалсак, диспетчерлери оң жооп бербейт. Мына ушундай маалымат жок, эч нерсе түшүнүксүз. Анан эл көчөгө чыгып, жол бууп жатпайбы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарык менен кошо ысык жана муздак суунун берилиши да үзгүлтүккө учурап жатат. Үйдөгү кары-картаң, жаш балдар сыркоолоп, жаңы жыл алдында эл бөтөнчө убайымга түшүүдө.

Президенттик жол делген Тынчтык проспектисиндеги жол чырактар иштебей, унаалардын кыймылы да кыйындоодо.

Аталган райондун дагы бир тургуну Гүлнардын айтымында, жаңы жыл алдында жарык берилбесе, жашоочулар президенттин жолун тосууга аргасыз болушат:

- Биз бийлик төбөлдөрүнөн жумуш сураган жокпуз. Биз ар бир үйдү жарык, жылуулук менен камсыз кылууну гана суранабыз. Ар бир үйдө жылуулук болсо, балдарыбыз өздөрү каалаган мультфильмин көрө алса деген гана тилек бар. Болбосо азыркы абалды сөз менен түшүндүрүү кыйын. Нан бышыргычты ачып коюп, ымыркайларды жылытып¸ ата-энелер балдарына азыр Аяз ата келип, жарык күйгүзөт деген жомокторду айтып баштады. ХXI кылымда ушундай шылтоону айтуу күлкүнү келтирет да. Чынын айтсак, бүгүн министр менен жолукпасак, дүйшөмбү күнү президент өткөн жолду тосмокпуз.


Эскини эптей албай...

Мунун баары акыркы күндөрдөгү катуу сууктан жана Өзбекстан Казакстанга газды аз берип, алардан биз андан да аз газ алып жаткандын кесепетинен чыккан маселелер.
Аскарбек Шадиев

Шаар тургундарына мындай ыңгайсыздык жаралганын Энергетика министрлиги моюнуна алып жатат. Министрликтин жүйөөсү боюнча, шаардын айрым бөлүктөрүнүн жарыксыз калышына акыркы эки күн ичинде жер астындагы өткөркүчтөрдүн чыңалууну көтөрө албай, иштен чыгышы себеп болгон.

Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин билдиришинче, жарактан чыккан электр өткөргүчтөрү темир жолдун алдында жайгашканынан улам аларды алмаштырууда кыйынчылыктар жаралууда:

- Түнү менен бир бригада иштеди. Эртең менен дагы бир бригада иштеп жатат. Кудай буюрса, бүгүн түштөн кийин кече чейин бүтүрүп беришибиз керек. Биздин башка аргабыз жок. Муну менен катар шаардагы Ата-Түрк паркынын алдандагы бир нече үйдө, Чыгыш-5 кичи районунда жарык жок болуп жатат. Аларды бүтүрүп жатабыз, бизде мындай маселелер бар. Мунун баары акыркы күндөрдөгү катуу сууктан жана Өзбекстан Казакстанга газды аз берип, алардан биз андан да аз газ алып жаткандын кесепетинен чыккан маселелер.

Министр белгилегендей, акыркы күндөрдөгү сууктан улам Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө кескин жогорулаган. Маселен, борбор калаа былтыр ушул маалда суткасына 9 миллион килловатт саат энергия колдонгон болсо, быйыл бул сан 15 миллион килловатт сааттан ашып кетти. Ошондуктан энергетиктер шаар тургундарын жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда

“Мындай оор абалдан чыгыш үчүн шаардын айрым райондорунда 1-2 сааттык өчүрүүлөр болушу мүмкүн”- дейт Аскарбек Шадиев.


Энергетикадагы шалаакылыкпы?

Чын-чынына келгенде отун-энергетикалык системанын кышка даярдыгы болгон эмес.
Расул Умбеталиев

Энергетика министрлиги жарыктын тез-тез өчүшүнө шаардыктардын жапырт электр жылыткычтарга өтүшү себеп болгонун айтканы менен энергетика тармагындагы адис Расул Умбеталиев маселенин түйүнү башкада экенин айтат. Ал абалдын жарга такалышын энергетиктердин шалаакылыгы менен байланыштырууда:

- Азыр энерго компаниялардын жетекчилери эл кышка даяр болгон эмес, көмүр сатып албай, жарыкка күч келтирүүдө деп элге күнөөнү оодарууда. Ал эми 3-ноябрда энергетика министри Аскарбек Шадиев “кышка биз толугу менен даярбыз, көмүр сатып алдык, газ боюнча келишим түздүк, Токтогул суу сактагычында суу батпай турат, биз электр энергиясын үзгүлтүксүз беребиз” деп убада берген. Эл анын сөзүнө ишенип, көмүр алган эмес. Чын-чынына келгенде отун-энергетикалык системанын кышка даярдыгы болгон эмес.

Энергетика министри Аскарбек Шадиев болсо мындай дооматтарга макул эмес. Министр быйыл кыштын мынчалык суук болоорун күтүшпөгөндүгүн айтат. Анын үстүнө 20 жылдан бери алмаштырылбай эскилиги жеткен өткөргүчтөр акыркы убакта жапырт иштен чыга баштады. Энергетика министри жакынкы эки-үч жылдын ичинде германиялык KSW аттуу банктан кредит алып, ордо калаадагы электр өткөргүчтөрүн алмаштыруу көздөлүп жатканын да кошумчалады.


Тасмада: Бишкектин жака белиндеги жаңы конуштагылардын кыш менен күрөшү

Ичики-и-й... Үшүп атабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG