Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Кырсык сактанганды кыйгап өтөбү?


Ош облусу, 2012-жыл
Ош облусу, 2012-жыл

"Азаттыктын" апта темасы жаратылыш кырсыктары жана андан сактануу жол-жоболору тууралуу болмокчу.

Лейлектеги сел он айылдын көптөгөн турак үйлөрүн, айдоо жерлерин, жолдорду, каналдарды керектен чыгарды. Баткен аймагында мындай кырсыктардын алдын алууга багытталган үлгү долбоорлордун пайдасы тиер бекен? Аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров ушул темага токтолду.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
Түз линк

Ак-Суунун сырт өрөөнүндөгү Эңилчек аймагында жай саратанда бир метрге жакын кар жаап, төрт түлүк малга зыяны тийди. Жаратылышы катаал аймактарда жашаган адамдарга ар кандай ыктымал кырсыктарды эскертүү иштери жүргүзүлөбү? Бул тууралуу кабарчыбыз Самат Асиповдун макаласында.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00
Түз линк

Нарында ыктымал көчкү, сел өңдүү жаратылыш кырсыктарын эске албай, кокту-колотторго үй салып, отурукташып алгандар көбөйүүдө. Өкмөттүн компенсациясын алып, бирок коркунучтуу жерлерден көчпөй отургандары да аз эмес. Кооптуу аймакта жашагандардын турмушу менен Мирлан Кадыров таанышып келди. ​

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00
Түз линк

Чүй боорунда болгон бороондон бак кулап, эки киши мерт кетти, көптөгөн автоунаалар керектен чыкты. Аймактарда көптөгөн мамлекеттик жана менчик курулуштарды бүлүндүрүп, олуттуу зыян тарттырды. Мындай чыгымдарды болтурбоонун аргасы барбы? Тиешелүү мекеме-ишканалар, менчик ээлери бак-дарактарды көзөмөлдөөдө, курулуштарда ыктымал жаратылыш кырсыктарын канчалык деңгээлде эске алышат? Бул суроого Зайырбек Ажыматов жооп издеди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00
Түз линк

Кыргызстандагы кооптуу аймактарды, анда жашаган адамдарды алдын ала аныктоо (мониторинг) канчалык деңгээлде таамай жүргүзүлүп, эскертүү, түшүндүрүү иштери өзүн актап жатат? Бул тууралуу кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев менен маектешти.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG