Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Премьер Атамбаевди ажолукка аттантышты


Бийликтеги Социал-демократтар партиясы 14-августта лидери, өлкө премьер-министри Алмазбек Атамбаевди президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.

Былтыркы элдик ыңкылаптан кийин бийликке келгендердин бири, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев партиянын 14-августтагы курултайында өлкөдөгү кырдаалды татаал деп сыпаттады.

Анда Кыргызстанды ыдыратууга кызыкдар ичте да, тышта да күчтөр бар деп билдирди. Биримдикке данакер болуу үчүн президенттикке аттанып жатканын айтты:

- Бул жолу биздин максат бир эле болуш керек: ушул шайлоодо Кыргызстан биригип, ата-бабаларын, Манас атабызды эстеп, аны ураан кылып башкача чыгыш керек.

Атамбаев мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү айрымдар популисттик кадам деп жактаны негизсиз деди жана коррупцияны тыйып, криминалды баш көтөргүс кылуу аракети улантыларын белгиледи.

Өкмөт башчы “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, шайлоо өнөктүгүнүн алдында кызматын тапшырарын шардана кылды.

Ал ошондой эле шайлоодо административдик ресурс колдонулбасын белгиледи:


- Бир топ саясатчылар “Атамбаев премьерлик жүктөн качып, бюджет аткарылбаганы үчүн барып жатат” деп айтышууда. Ошондуктан мен премьерлик кызматымды шайлоо бүткөнчө бир жарым айга токтотом. Шайлоо бүткөндөн кийин он күндөн кийин жыйынтыгы чыгат. Келип, жаңы президенттин ант берүү аземине чейин премьер катары иштейм.

Мен бюджетке керт башым менен жооп берем. Өткөн жылы көрдүңөр, эч кандай административдик ресурс болгон жок. Өткөн жылы, ачык айтайын, кылмыш ресурсу иштеген. Биз быйыл мындай ресурсту токтотобуз. Муну бир топ күчтөр элди коркутуп колдонгон. Мына азыр да элден арыз түшүп жатат. Биз аларга чара көрөбүз.


Антсе да бийлик колундагы болгон күчтү пайдаланышы ыктымал экени айтылууда. Коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков ушундай ойдо, бирок, административдик ресурс мурункудай даражага жетпейт деди:

- Административдик ресурс, баягы эле финансы (каржы), кыргыздардын баягы эле жер-жерлерге бөлүнүүсү, тууган-уругун колдошу сыяктуу факторлордун баары кала берет. Эми муну тыюуга азырынча айла жок.

Алмаз Атамбаевдин оппоненттери азыркы өкмөттүн бюджети күзгө барып какшыйт деп сындап келишет.

Серепчи Аскарбек Мамбеталиев бийликте тургандыктан, Алмазбек Атамбаевдин мүмкүнчүлүктөрү салыштырмалуу чоң деп айтты:

- Атамбаев конуштарды колдоо керек деп жаңы демилге көтөрүп жатат. Ушул жактан да упай топтосо керек. Анткени, конуштар көп, ал жакта активдүү, мобилдүү адамдар жашайт. Анан алар добушун, балким, Атамбаевге берет.

Бийлик жоопкерчилигинен уламбы, айтор, Атамбаевдин Социал-демократтар партиясында ич ара ыйкы-тыйкысы байкала элек.

Атамбаев ушуну менен экинчи ирээт өкмөт башкарып жатат.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда эл көтөрүлүп, экиге бөлүнүп турганда премьерликке барып, ууланганы көпчүлүктүн эсинде.

Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоодо оппозициянын атынан бирдиктүү талапкер болуп чыккан. Бирок шайлоодо добуш берүү өнөктүгү бүтөөрүнө бир нече саат калганда, ал "оюндан чыгаарын" капысынан жарыялаган да, расмий жыйынтык боюнча Бакиевге утулуп калган.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке келген беш партиянын ичинен Социал-демократтар экинчи болгон.

XS
SM
MD
LG