Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:56

БШК кол тамгаларды кайра саноодо


БШК мүчөлөрү президент болгусу келгендер топтогон кол тамгаларды текшерүүдө.
БШК мүчөлөрү президент болгусу келгендер топтогон кол тамгаларды текшерүүдө.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы соттон утуп, тил сынактан өткөн сегиз талапкердин кол тамгаларын кайра санай баштады.

Ал арада бир катар жаштар уюмдары болочок президентке суроо-талаптарды даярдап жатат.


Кол тамга саноого - үч күн


Эгер текшерилген кол тамгалардын баары жайында болсо, сөз жок, катталат. Туура эмес болсо анда каттабай коёбуз.


Боршайком соттошуудан уткан сегиз талапкердин кол тамгаларын үч жумушчу күндүн ичинде санап бүткөнү жатат. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова талапкерлерди жарыштан чыгаруу боюнча токтом жокко чыкканы менен, мыйзамга ылайык кол тамгалар кайрадан саналышы керектигин “Азаттыкка”билдири:

- Соттун чечиминде буларды каттап койгула деп жазылган жок. Алар “силер мурунку токтомду туура эмес чыгарыпсыңар, аны алгыла, башка иштердин баарын мыйзам чегинде жүргүзгүлө”, деп айтышты. Кол тамгаларды текшербей туруп эч ким катталбайт. Бүгүн эртең менен чүчү кулак кармап, кол тамгалар бар кайсы папкаларды текшере турганыбызды аныктадык. Анын баарын кайтадан текшерип жатабыз. Эгер ал папкалардын баары жайында болсо, сөз жок, биз аларды каттап коёбуз. Жетпей калса анда каттабай коёбуз.

Боршайком тогуз адамды жетиштүү анык кол топтой алган эмес деп жарыштан четтеткен болчу. Бирок алардын баары соттон утуп алышкан. Жогорку Кеңеш да жарыштан четтетилгендердин шайлоо укугун калыбына келтирүү тууралуу токтом кабыл алган.

Талапкерлердин пайдасына, бирок ар башкача чыгарылган сот чечиминен улам БШК Биринчи май райондук соттон түшүндүрмө алган соң кол тамгаларды кайра саноону чечти.

Кол тамгалары кайра саналып жаткан талапкерлер арасында Нариман Түлеев да бар. Түлеев БШКдан расмий каттала электе эле өзүн өзү көрсөткөн Марат Султанов анын пайдасына президенттик жарыштан чыкканын жарыялады.


Жаштардын болочок президентке суроо-талабы

Биз - жаштар өзүбүз чыгып, өзүбүздүн позициябызды, талаптарыбызды айтпасак, биз тууралуу ким ойлойт?..

Ал арада бир катар жаштар “Ойлоном. Тандайм. Келечек бар” деген кампаниянын алкагында болочок президентке сунуш-талаптарды даярдап бүтүп калышты. Иш-чараны уюштуруучулардын бири Айсулуу Сартбаева жер-жерлерде миңден ашуун анткета толтурулганын, алардын баары иргелип бүткөн соң документ түрүндө президенттик жарышка катышып жаткандардын ар биринин колдоруна тапшырыларын айтты:

- Көбүнчө жаштар эмнегедир азыркы саясатчыларга ишенбейт экен. “Биз эмне жазсак эле, алар угуп калышабы?” - деп аябай таң калышты. Биз - жаштар өзүбүз чыгып, өзүбүздүн позициябызды, талаптарыбызды айтпасак, биз тууралуу ким ойлойт? Бүгүнкү жаштар активдүү болуп, өзүбүз да көзөмөлдөп карап турбасак, талаптарыбызды айтып турбасак, биздин ордубузга ким кылат? Ошондуктан айткыла, дегиле. Бизди уксун деп аракет кылып жатабыз, деп ар бирине түшүндүрүп жаттык.
Көпчүлүк жакшы хан, баягы Манас атабыздай бирөө келсе, биздин көйгөйлөрүбүздү чечсе, деп ушундай мистикалуу адамдарды күтөт. Ушундай нерселерди президент чечет деп күтүп отурушат...


Жаштардын суроо-талаптары арасында коррупцияны жоюу, билим деңгээлин көтөрүү сыяктуу көлөмдүү маселелер болгону менен, басымдуу бөлүгү таза суу, көпүрө салуу өңдүү турмуштук көйгөйлөрдү чечүүгө байланыштуу экен:

- Аймактардагылар өздөрүнүн жергиликтүү проблемаларын көп айтып жатышты. Мисалы Ош жакта көбүнчө таза суу боюнча проблемаларын айтышса, Бишкекте спорттук жактан өнүктүрүүнү суранышты. “Саясатчылар спортко такыр эле көңүл бурушпайт, баары эле чоң саясатка кирип кетишкен, ал эми жаштардын бүгүнкү күндө кылаарга иш жок. Дене тарбия жагына да көңүл бурушса”, - деп айтып жатышты. Андан сырткары жогорку окуу жайлардагы коррупция менен күрөш боюнча иш алып баруусун талап кылышты.

“Перемена” инновациялык билим берүү борборунун деректири Алмаз Тажыбай жергиликтүү бийликтегилер ишин тыңдап алып бара албай жаткандыктан жана кыргыз коомчулугундагы баарын президент чечет деп калыптанып калган түшүнүктөн улам ушундай сунуш-талаптар айтылып жатат деген ойдо.

- Биздин элибиздин тарыхында ушундай болуп калды да. Бул иштер жергиликтүү бийликтин колунан келбейт. Жаңы Конституция боюнча бийлик бөлүштүрүлгөн. Мисалы президентке тышкы саясат, коопсуздук маселелери калган. Ал эми көпүрө, жол салуу, суу проблемаларын премьер-министр аткарат. Эл муну кеңири билбей жатпайбы. Экинчи жактан, биздин эл “жакшы ханга” ишенет. Жакшы хан, баягы Манас атабыздай бирөө келсе, биздин көйгөйлөрүбүздү чечсе, деп ушундай мистикалуу адамдарды күтөт. Ушундай нерселерди президент чечет деп күтүп отурушат.

Кыргызстанда ошентип үгүт өнөктүгүнүн экинчи аптасы башталды. Бирок жүрүш кызый элек. Азыр Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров өңдүү талапкерлер гана жер кыдырып эл менен жолугушууларды баштады. Ал эми негизги оюнчу саналган дагы башка талапкерлердин дүбүртү көп чыга элек.

БШК буга чейин президенттикке жыйырма талапкерди каттаган эле. Кол тамгалар текшерилип бүтсө эми талапкерлердин саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG