Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Бишкек шаарынын мэри шайланды


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

4-февралда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Иса Өмүркуловду мэр кылып шайлашты. Шаар башчысына шайлоо өткөрүү 2-февралдагы президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык ишке ашты.

Бирок парламенттин айрым депутаттары президенттин мындай буйрук чыгарууга укугу жок экендигин, натыйжада шайлоо мыйзамсыз өткөнүн жар салышууда. Ал эми адистер шаар мэрин шайлоонун айланасындагы соңку кырдаалды саясий кызыкчылыктар катары баалап жатышат.

Шаардык кеңеш Өмүркуловду колдоду


Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4-февралдагы отурумунда апрель окуяларынан бери мэрдин милдетин аткарып келген Иса Өмүркулов жана вице-мэр Вячеслав Красиенконун талапкерлигин шаар мэринин кызматына көрсөтүштү. Бирок Красиенко Өмүркулов канааттандырарлык иштеп жатканын кабарлап, өз демилгеси менен шайлоого катышуудан баш тартты.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлоого киришүү алдында
Натыйжада шаардык кеңештин депутаттары бир талапкер үчүн жашыруун добуш берип, 40 депутаттын ичинен 39 депутат Иса Өмүркуловду колдоду. Отурумга төрагалык кылган кеңештин депутаты Валентина Лисниченко шайлоо кайсы жоболорго ылайык ишке ашканын ачыктап берди:

- “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” мыйзамдын 38-беренесине ылайык, 2-февралдагы президенттин буйругу менен, кеңештин регламентине жана БШКнын протоколуна ылайык, мэр катары Иса Өмүркуловдун шайланганы тууралуу Бишкек шаардык кеңеши деп токтом кылат.

Депутаттар президентин жардыгын мыйзамсыз деп эсептешүүдө

2-февраль күнү мамлекет башчы Роза Отунбаева Бишкек шаар мэрин шайлоону 4-февралда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койгон. Бул буйрук чыгаары менен коомчулукта түрдүү пикирлер жаралып, Жогорку Кеңештин депутаттары бул буйрукту мыйзамсыз деп сыпаттап чыгышты. Алардын бири депутат Равшан Жээнбеков өткөн жылдын 27-июнунда кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, президент мэрди шайлоону дайындоого ыйгарым укугу жоктугун билдирди:

Равшан Жээнбеков
- Конституциянын 64-беренесине ылайык, президенттин ыйгарым укуктары жазылып турат. Президент шайлоо тууралуу буйрукту эки гана учурда чыгара алат: биринчиси, Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт. Экинчиси, жергиликтүү кеңештерге шайлоо жарыялайт. Бул жерде мэр жөнүндө эч кандай сөз айтылган эмес. Бул буйрук мыйзамсыз.


Натыйжада 3-февралда Жогорку Кеңештин 74 депутаты Бишкек шаарынын мэрин шайлоону токтото туруу тууралуу президентке кайрылуу жолдошкон. Эл өкүлдөрүнүн мындай билдирүүлөрүнө президент дароо жооп кайтарып, басма сөз кызматы аркылуу мэрди шайлоо тууралуу чыгарган буйругуна түшүндүрмө берди.

Анда “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” мыйзам иштеп жатканы, мына ушул мыйзамга таянып, өлкөнүн президенти жана мамлекеттин башчысы Бишкек шаар мэрин шайлоону 4-февралга дайындаганы кабарланды. Роза Отунбаева муну менен мамлекеттик кызыкчылыкты жана борбор калаанын, шаардыктардын кызыкчылыгын көздөгөнүн белгилеген. Бул ойго мэрди шайлоонун тартибин көзөмөлгө алган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов да кошулду:

Жеңиш Акматов
- Мэрди же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоону даярдоо президенттин да, Жогорку Кеңештин да, өкмөттүн да ыйгарым укуктарына кирбей калган. Азыр "Конституция бузулуп жатат" деп айтып жатышат. Бирок ошол Конституциянын 112-беренесинин 2-пунктунда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчылары мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте шайланат деп жазылып турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары деген мыйзам бар. Президент ошол мыйзамдын пунктунда Бишкек шаардык мэрин шайлоо процедурасын дайындады.


“Мунун артында бир топ саясий иштер жатат”

Шаардык кеңештин көпчүлүк добушу менен шайланган мэр Иса Өмүркулов болсо бул кырдаалга толук баа берген жок. Ал тек гана шаардык кеңештин чечимин аткараарын билдирди:

- Мен ойлойм, мунун баары тең мыйзам чегинде болду окшойт. Бул маселени мен чечпейм. Бул маселени шаардык кеңештин депутаттары чечет.

Валентин Богатырев
Бул кырдаалга байкоо салган серепчилер мэрди шайлоого байланыштуу соңку кырдаалды жакындап келе жаткан президенттик шайлоого байланыштырышууда. Алардын бири, “Перспектива" аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев мындай пикири менен бөлүштү:

- Мунун артында бир топ саясий иштер жатат. Эл президенттик шайлоого камынып жатканы түшүнүктүү болууда. Мындан улам жараянды ылдамдатып, өз адамдарын алып келүү аракеттери жүрүп жатат.

Ошентип Бишкек шаарынын мэрин шайлоо коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып жиберди. Айрым укук коргоочулар кээ бир Батыш өлкөлөрүндөгүдөй, мэр шаар тургундарынын добушу менен шайланса деген пикирлерин билдиришти. Кантсе да 4-февралдагы шаар кеңешинин чечими менен Иса Өмүркулов Бишкек шаар башчылыгына төрт жылдык мөөнөт менен шайланганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG