Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Шайлоо: үлгү көрсөтчү мезгил


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоону ачык жана адилет өткөрөрүн убада кылды.

Президент Роза Отунбаева 12-июлдагы БШКнын жаңы курамы менен жолугушуусунда Кыргызстанда биринчи жолу бийликти тынч, шайлоо жолу менен алмаштыруу салтына из салалы деп чакырык таштады.

Президент тагдыры - БШКда

Өлкө башчысы Роза Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы менен жолугушуу учурунда "Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен ачык жана айкын шайлоо өткөрүү жагынан үлгү боло алат" деген тезисин дагы бир сыйра белгиледи.

- Биз сиздер менен тарыхый шайлоо алдында турабыз. Ушул шайлоонун өткөнү менен биздин өткөөл заман да өтөт. Демек бул шайлоонун мааниси, ролу өтө зор.

Орто Азияда президенттик шайлоо тынчтык, ачык түрүндө кандайча өтө турганын үлгү катары дагы бир жолу көрсөтүп койсок биздин демократиянын, өнүгүүнүн дагы бир жогорку тепкичине жеткендигибизди далилдейт.

Бизде талапкерлер көп болот, шайлоо кызуу болот. Силердин регламент, календардык планыңар абдан так, кынтыксыз болуш керек. Эч бир талаш-тартыш жаратпаш керек. Болочок президенттин тагдыры, кандай президент болот, шайлоонун ачык өткөнүн элге канчалык ынандыра аласыңар - баары силердин колуңарда.


Өз кезегинде БШКнын жаңы шайланган төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоону мыйзамдын негизинде таза өткөрүп берүүгө күч үрөөрүн убада кылды.

- Ушул шайлоону таза өткөрүп бергенге колдон келген күчүбүздү жумшайбыз деп ишендире алам. Азыр мөөнөттүн кыскалыгына байланыштуу көп иштегенге туура келүүдө. Шайлоо кыска убакытта өтө турган болуп калды. Календардык планды, болгон жолдомолордун бардыгын кабыл алып койдук. Аймактык шайлоо округдардын бардыгын түздүк.

Жаңы Борбордук шайлоо комиссиясы президент жана парламент ортосунда кызыл чеке болгон талаштардан кийин куралган болчу. Серепчилер болочок шайлоо БШК ишине көз каранды болгон менен чечүүчү күч шайлоочулардын гана колунда экенин айтышууда.

Көнгөн адат калабы?

Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда ачыктык камсыз кылганы менен адамдар добушун өз ыктыяры менен акчага алмаштырып жибергени мисалга тартылууда. Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев бир жыл ичинде чоң деле өзгөрүү болгон жок деп эсептейт.

- Бизде шайлоо ушул убакка чейин ачык өткөн жок. Эми мындан ары ачык өтөт деген үмүт бар, бирок негиз жок. Интригалар болот, себеби дайыма болуп келген.

Тарых жана тажрыйбадан улам бул шайлоо да ошондой болот деп ойлойм. Анткени кырдаал, саясий маданият тез өзгөрүп кетиши мүмкүн эмес.

Өзгөрүп атканынын белгилери да көрүнгөн жок. Ошондуктан шайлоодо коопсуздукту катуурак кармап, ар бир катышкан адам жоопкерчиликти сезип, көбүрөөк агитация кылыш керек деп ойлойм. Бул шайлоодо аябай көп күчтүү талапкерлер болот. Азыр парламенттик өлкөнү калыптандыруу аракети болууда. Бирок шайлоодон кийин парламенттик башкаруу жок болот окшойт деген коркунуч бар.


Былтыр 7-апрелде элдик козголоң менен бийлик оошкондон кийин өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эл аралык уюмдар мурдагылардан алга жылыш катары баалашкан. Ал шайлоого 29 партия катышкан эле.

Быйылкы президенттик жарышка да атаандаштар көп чыгары, таймаш өтө кызуу жүрөрү азыртадан эле божомолдонууда.

Шайлоо кандай маанайда өткөнүнө карабастан, Борбор Азияда Кыргызстан биринчи жолу президентин тынчтык жана шайлоо жолу менен алмаштырган өлкө болуп калчу сыягы бар.

XS
SM
MD
LG