Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Телетаймаштар талкууга түштү


КТРКдагы телетаймаштын алып баруучулары Кубат Оторбаев жана Динара Сүймалиева, 17-октябрь 2011-жыл.
КТРКдагы телетаймаштын алып баруучулары Кубат Оторбаев жана Динара Сүймалиева, 17-октябрь 2011-жыл.

Коомдук телеканалда башталган талапкерлердин теледебаттары коомчулукта жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда.

Теледебатта бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасоо талабы менен бүгүн Кыргызстандагы бир катар жаштар уюмдары да билдирүү таратышты.

Мындан тышкары жарандык уюмдардын айрым өкүлдөрү КТРКдагы 17-октябрдагы дебатта талапкерлердин программасы толук ачылбай калды деп сындап чыгышты.

Дебатка күбө болгон “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов өз пикирин ортого салды:

- Дебаттар түзүк эле өттү деген ойдомун. Бирок, албетте, талапкерлер бири-бирине чогуу суроо бергенде гана чыныгы дебат десек болот. Жалаң эле алып баруучулар талапкерлерге суроолорду бербей, бири-бири менен айтышып, бири-бирине керек болсо асылып, курч суроолорду берсе дагы кызыгыраак, шайлоочулар үчүн маанилүүрөк болмок.

Ал арада президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиев Нариман Түлеев талапкерлигин алып салгандан кийин теледебатта атаандашсыз калган Алмазбек Атамбаевди таймашка чакырып жаткан маалым болду. Азырынча Атамбаевдин жообу белгисиз.

Бүгүн кечинде (18-октябрда) президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу жана Алмаз Каримов телетаймашка чыгышмакчы.

Үгүт иштерине 108 млн. сом сарпталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча үгүт иштери башталган 25-сентябрдан бери эң көп акча сарптагандардын алдыңкы сабында Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев келе жатат. Андан соң Кубатбек Байболов менен Анарбек Калматов турат.

Алмазбек Атамбаев үгүт жүргүзүүгө 34 миллион 21 миң сом коротсо, Адахан Мадумаров 21 миллион 143 миң сом сарптаган. Ал эми Камчыбек Ташиев 13 миллион 137 миң сомду чыгымдаганга жетишкен.

"Талапкерлер акчасынын көпчүлүгүн жарнамага жумшаган" дейт БШК мүчөсү, талапкерлердин банктагы эсептерин көзөмөлдөп, текшерүү тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев:

- Негизинен акчасынын көпчүлүгү көрнөк-жарнак, рекламага кетет экен. Андан кийин үгүттөөчүлөргө айлык акы үчүн берилиптир. Мыйзамга ылайык, ар бир талапкер 50 миллион сомдон көп акча коротушу мүмкүн эмес. Талапкерлер шайлоого бир күн калганга чейин банктагы эсептерине 50 миллион сомго чейин акча салып, коротууга мүмкүн.

БШК билдиргендей, президенттикке ат салышкан жыйырмадай талапкердин ичинен үгүт иштерине 100 миң сомдун тегерегинде гана каражат сарптагандары бар. Ушул тапта кээ бир талапкерлердин эсебинде 50 миң сомго жетпеген каражат калса, айрымдарында дале болсо миллион сомдун тегерегинде акча бар.

Тизме тактоого бөлүнгөн убакыт аз

Президенттик шайлоого он күндөй убакыт калганда шайлоочулардын тизмеси дале коомчулуктун көңүл борборунда турат.

Тизме тактоо иштери уланууда
Тизме тактоо иштери уланууда
20-октябрга чейин тизмелерди үймө-үй кыдырып тактоо жана тизмеге кирүү иши аяктайт. Андан соң БШК тизмелерди ирээттеп, шайлоого үч күн калганга чейин жаңыланган тизмесин жарыяламакчы.

Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов алдын ала маалыматтар менен бөлүшүп, чет өлкөдө добуш бере турган жарандардын саны айтылгандан кыйла аз экендигин кабарлады:

- Акыркы маалымат боюнча шайлоочулардын саны 2 миллион 842 миң 411 киши болду. Биз "миллион киши Орусияда жүрөт, жарым миллион жүрөт" деп айта беребиз го. Бирок чет өлкөдө консулдуктарда тизмеге кирген 36 миң киши болду.

Президенттик жарыштан баш тарткан Акылбек Жапаровдун арызы БШКга түштү. Эми БШК бул арызды канааттандырса, президенттикке ат салышчу 19 талапкер калмакчы.

XS
SM
MD
LG