Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Алгачкы жыйынтык: бийлик партиясы алдыда


Бишкектеги бир добушканада шайлоочуну тизмеден издеп жатышат. 25-ноябрь, 2012.
Бишкектеги бир добушканада шайлоочуну тизмеден издеп жатышат. 25-ноябрь, 2012.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча Бишкекте жана айрым аймактарда КСДП алдыда келатат

Бүгүн эртең мененкиге чейин Бишкекте добуштардын 58,62% саналып бүттү.
Ага ылайык, бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясы алдыга чыкты. Бул партия азырынча борбор калаадагы шайлоочулардын 32,02% добушуна ээ, андан кийин 17,98% менен “Республика”, 10,12% добуш менен “Замандаш”, 9,91% менен “Ата Мекен” партиялары келатат. “Ар-намыс” партиясына шайлоочулардын 4,8%, “Ак шумкар” партиясына 4,78% добуш берген. Бүгүн таңга карай Бишкектеги 203 шайлоо участогунун 119 участогунда жыйынтык чыгарылганы кабарланды.

БШКнын алгачкы маалыматтары боюнча, КСДП мындан сырткары Шопоков шаарында 57,76%, Айдаркенде 53,82%, Кара-Суу шаарында 56,45% добуш алып, жеңишке жетишти.

Оппозициядагы “Республика” партиясы Таласта 41,88%, Ноокат шаарында 41,55%, Орловкада 35,3%, Чолпон-Атада 18,65% добуш менен алдыга чыкты. Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Сүлүктүдө 35,33%, Кадамжайда 32,18% добуш менен алдыда, “Ата-Журт” партиясы Майлуу-Суу шаарында 43,54%, Кочкор-Ата шаарында 18,36% добуш менен атаандаштарынан алдыга чыкты.

Жаңы куралган “Өнүгүү” партиясы Жалал-Абад шаарында 35,19%, Кара-Көл шаарында 29,07%, менен озуп чыкса, “Замандаш” партиясы Баткенде 21,57%, Кербен шаарында 23,78% менен добуштардын көпчүлүгүн алды. Коммунисттер партиясы Көк-Жаңгак шаарында 40,712%, “Ак шумкар” партиясы Кара-Балта шаарында 26,06% добуш менен алдыга чыгышты.

25-ноябрда Кыргызстанда 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бул шайлоонун расмий жыйынтыгы качан чыгарылары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG