Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Темиралиев: Сомдун кунун жасалма кармоо узакка созулбайт


ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы
ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы

АКШ доллары бир нече сааттын ичинде үч сомго кымбаттады. Кыска убакытта долларга суроо-талаптын күч алуусуна эмне себеп? Бул суроого ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы, каржы боюнча эксперт Умбриэл Темиралиев жооп берди.

“Азаттык”: Умбриэл мырза, доллардын чукул кымбаттап кетүүсүнүн негизги себеби эмнеде болушу мүмкүн?

Темиралиев: Мунун ички жана сырткы көп себептери бар. Ички себептер: Кыргызстанга сырттан доллардын кирүүсү аябай төмөндөдү. Анткени, биз реэкспорт менен иштебей калдык. "Кара-Суу", "Дордой" базарларында соода токтоп калды. Андан тышкары, сыртта жүргөн мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы азайды, доллар мурдагыдай келбей калды. Анткени, Орусия кризиске кептелип атат. Ошол эле учурда импорттолуп келип жаткан товарларга талап ошол бойдон эле. 6 млрд. доллардын тегерегиндеги акчаны биз импорттук товарларга сарптайбыз. Бирок доллар мамлекетке келбей жатат.

“Азаттык”: Шайлоо алдында тескерисинче доллар арзандайт деп күтүлүп жаткан. Анткени, шайлоого бара жаткан партиялар, андагы талапкерлер катып жаткан акчаларын чыгарат деген божомолдор бар эле?..

Шайлоо бүткөндөн кийин кыш келет. Күзүндө, кышында кыйынчылык башталат. Буга негизги ролду сырткы факторлор ойнойт.

Темиралиев: Кыргызстанда доллар баасы аздыр-көптүр кармалып турду. Анын бир себеби шайлоо. Экинчиси, азыр Кыргызстанда доллардын кармалып турушуна жайкы мезгилдеги туристтердин көп келиши. Орусия менен Казакстандан туристтик агым көп болуп жатканы да сомдун кунун бир аз кармап турат. Анткени алар менен кошо акча да келип жатат. Туристтер акчаларын бул жерде коротуп жатышат. Туристтик сезон бүтөрү менен шайлоо келет. Баарыбыз эле билебиз да, шайлоодо көп акча коротуларын. Ошондуктан, шайлоо алдында доллар кымбаттабайт деген ишеним элде бекем орногон.

“Азаттык”: Шайлоо бүткөндөн кийин акыбалыбыз кандай болот анда?

Темиралиев: Шайлоо бүткөндөн кийин кыш келет. Күзүндө, кышында кыйынчылык башталат. Буга негизги ролду сырткы факторлор ойнойт. Себеби, Кыргызстан, Казакстан, Орусия реалдуу, экономикасын көтөрө турган чыныгы курсту кармаган эмес. Жасалма кармалып турган. Анткени, Орусия менен Казакстан мунай сатып аткан, мунайдын баасы кымбат болчу. Бирок экономикасы атаандаштыкта иштеген эмес. Булар менен кошо Кыргызстан да жыргап келген. Анткени, реэкспорт болуп жаткан, өлкөгө доллар кирип турган, мигранттардан миллиарддаган акча келип турган. Бирок азыр Орусия менен Казакстанда мунайдын арзандаганына байланыштуу кризис өкүм сүрүүдө. Орусия санкциялардын азабын тартууда. Кытайда да улуттук валюта арзандап, юанды кытай өкмөтү девальвация кылды. Дагы бир себеп: АКШда федералдык резерв фонду пайыздык көрсөткүчтү көтөргөнү жатат. Эгер ал ишке ашса, доллардын баасы дагы өсөт. Ушул себептердин натыйжасында Кыргызстандын улуттук валютасына өтө чоң басым келе жатат. Ошондуктан, Улуттук банк сомдун долларга карата курсун 62-65 сомдун айланасында кармоосу өтө оор болуп калат.

“Азаттык”: Улуттук банк шайлоо фонунда дейлиби, деги эле сомдун азыркы курсун канчалык деңгээлде кармап тура алат?

Кыргызстандын улуттук валютасына өтө чоң басым келе жатат. Ошондуктан, Улуттук банк сомдун долларга карата курсун 62-65 сомдун айланасында кармоосу өтө оор болуп калат.

Темиралиев: Биздин Улуттук банктын саясаты боюнча сомдун курсу эркин, базар аныктайт. Эркин делгени менен Улуттук банк кээде интервенция кылып турат. Интервенция кылбаса, жасалма механизмдерди колдонот. Бул деген, банктардагы сакталып туруучу тиешелүү акчанын көлөмүн көбөйтөт деген. Ошондой эле үстөк пайызын көтөрөт. Бул акча базарында сом аз болуп калат да, анын курсу кармалып турат. Бирок, мындай жол менен кечке кармай берген болбойт. Анткени, көп убакытка чейин кармоого мүмкүн эмес. Дагы бир чоң жагымсыз учур – экономиканын өсүшү да токтойт. Өзүңүздөр деле ойлосоңуздар, эгер сом көп болсо, эл сом менен соода кылат. Бирок сомду Улуттук банк базардан алып салса, анда эл алмашуу жолу менен соодалашууга өтөт. Ансыз деле элдин баары кыйналып жатат, бул ансайын кыйынчылыкка кептейт.

Андан көрө мамлекет, өкмөт элге ачык айтышы керек. “Кыйын кырдаал келе жатат” деп, айтып, ошого ылайыктап, кыска мөөнөттүүбү же узак мөөнөттүүбү стратегия даярдоого тийиш.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG