Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

Билимдин наркы канча?


Оштогу студенттердин митинги, 26-октябрь, 2009
Оштогу студенттердин митинги, 26-октябрь, 2009
Азыр билим кандайча алынып жатат, анын сапатын, деңгээлин кантип жогорулатуу мүмкүн, окутуу акысын эмне менен өлчөп, ким төлөөгө тийиш, бааларды соодалап, диплом базарына айланып кеткен ЖОЖдор канткенде кайрадан чыныгы кесипкөй адистерди, жетик инсандарды даярдап өстүрүүчү таалим очогу болот – ушул суроолордун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.

Арыз жаза албаган «жогорку билимдүүлөр»

Үчүнчү курсту бүтүргөн айылдык жигит жаңы эле окууга тапшырган инисин ээрчитип келиптир: «Университетке өткөн, бирок студенттердин тизмесине кирбей калыптыр, териштиргенге жардам бериңиз», - деп. Ректордун наамына арыз жаздырдым. Инисинин каталарын оңдоп, студентке кайра көчүртсөм, ар сүйлөмүнөн эки-үчтөн жаңы ката пайда болуптур… Дагы бир ирет юрфакты бүтүргөн бирөө өзүнүн атынан жумушка орношуу жөнүндө арыз жазып бериңиз деп келген эле…

Мындайлар азыр жогорку окуу жайлардын көбүндө бар. Экономика факультетин бүтүргөндөрдөн менеджмент менен маркетингдин айырмасын билбегендер четтен чыгат. Беш жыл бою университеттин эшигин аттабаса да, зачеттук китепчесине баа коюлуп жүргөндөр жөнүндө Билим берүү министрлигинде да айтылып келет.

Диплом алып арасат калгандан көрө, диплому жок фермер же коммерсант эле болгон оң экенин түшүнгөндөр аз.

Өзүн-өзү алдагандар

- Кызым мектепти мыкты бүтүрдү. Душанбедеги медицина университетине тапшырып, кабыл алуу комиссиясындагыларга негизги предметтерден тышкары да көп окугандыгын, а түгүл беш тилде (эне тилинде, тажикче, өзбекче, орусча жана англисче) сүйлөшө билерин далилдей алды, - деп сыймыктанган эле менин бир жердешим. – Бирок кышкы сессиядан кийин каникулга келгенде, маанайы чөгүңкү экенин байкадым. Себебин сурасам: «Канчалык жакшы окусам да, экзамендерде баамды төмөндөтүп коюшат. Ошол эле учурда эч нерсени билбесе да акча берип «4», «5» алып кеткендер бар», - деди. Кызыма мындай насаат айттым: «Зачеткаңа жалаң «3» коюшса деле жакшы окуй бер. Ата-энесинин акчасын коротуп баа сатып алгандар – өзүн-өзү алдагандар. Муну алар эртең диплом алып, ооруканага орношкондон кийин чоң кызматтагы же бай адамдын тууганын дарылаганда диагнозун жаңылыш коюп, майып кылганда же өлтүрүп алганда түшүнөт. Мыкты дарыгер болсоң, сага ишенгендер, сени сыйлагандар көбөйө берет. Демек, баа алууга эмес, өз кесибиңдин чыныгы кесипкөйү, чыгаан адис болууга кызык».

Мителерди баккан ким?

Мына ушул кишидей узагын ойлогондор көбөйсө, эптеп эле диплом алууга болгон суроо-талап өзүнөн-өзү басаңдап, нукура билимдин баркы жогоруламак. Университеттерге, мектептерге карата коомдогу мамиле өзгөрсө, чыныгы устат мугалимдердин, окутуучулардын жашоосу оңолуп, баа сатуучулар азаймак. Билим сапаты жогоруламак.

Азырынча биздеги жагдай такыр башкача, буга ата-энелер жана студенттер өздөрү да күнөөлү. Экономисттер суроо-талап сунушту аныктаарын, өз кезегинде сунуш да суроо-талапка таасир этээрин айтат эмеспи. Жогорку билим чөйрөсүндө бул эки жактуу процесс абдан даана көрүнөт. Калктын кыйла зор бөлүгү жалган диплом алууга умтулуп жатса, университеттер мындан пайда көрүү үчүн өздөрүнүн шектүү товарын сунуш кылат да. Өз кезегинде «жогорку билимдүү» болуунун оңой жолун ЖОЖдор сунуштап жатса, жеңил ойлуулар алданат, азгырылат. Ортодо жарнамачылар, ар кандай деңгээлдердеги бюрократтар да пайдага туйтунат. Чындыгында «эптеп дипломго жетүүгө» кызыккандар дал ушул арам тамак паракорлордун катарына кошулууга үмүттөнөт. Мителерди өзүбүз багып, семиртип, кутуртуп алып, анан митингдерге чыкканыбыз кызык…

Бекер билим болобу?

Ыраматылык Салижан Жигитов «коомдук башталышта» сөз айкашы орусчадан калька түрүндө, такыр туура эмес которулгандыктан көпчүлүк түшүнбөйт, андан көрө «коомдук негизде» же жөн эле «бекер» деп койсо, дөдөй кыргыз да түшүнмөк деп сындаган эле. Муну эстегенибиздин жөнү бар. Конституцияда негизги билим акысыз берилери белгиленген. Бирок ошол акысыздын (бекердин) наркы жөнүндө ойлобойбуз. Социализм доорунда билим берүүгө жумшалуучу каражат толугу менен мамлекеттин, т.а. салык төлөөчүлөрдүн эсебинен камсыздалчу. Демек, такыр бекер нерсе болбойт экен. Азыр деле мамлекет орто мектептерди, ЖОЖдордогу бюджеттик бөлүмдөрдү каржылайт, бирок мунун деңгээли мурункуга дегеле жетпейт. Андыктан ата-энелерден аргасыз жардам сураган мугалимдерди жалаң акча чогултмайга өтүп алгандар менен бир катарга коюп, коррупционер атаганыбыз калыстыкка жатпайт.

Лейлектик чыгаан педагог Гапыр Мадаминов мектептеги коррупция жөнүндөгү суроого мындай жооп берген эле: «Шайлоо жакындаганда кайсы бир талапкер карыларга же колу жукаларга анча-мынча белек тартууласа, ошону мактап жатып калышат соопчулук иш кылды деп. Чындыгында эң зор соопчулукту мугалимдер аркалап келет эч кимге догун артпай – алган айлыгы түйшүгү оор эмгегинин жарымына арзыбаганына карабастан, мектептен кетпей бала окутуп жаткан агай-эжейлерге таазим гана кылыш керек!»

Бирок шаардык мектептерде кошумча сабак, ремонт ж.б. үчүн деп жыйналып жаткан акчанын канчасы мектептин муктаждыгына, мугалимдин кошумча эмгек акысына жумшалып, канчасы такыр башка жакка кетип жатканын жалпы текшерип, ар бир тыйындын натыйжалуу сарпталышы коомчулукка көрүнүп тургандай шарт түзүү зарыл.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист
XS
SM
MD
LG