Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Талашта - Америкалык университеттин имараты


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Борбор Азиядагы Америкалык университет имарат үчүн ижара акысын төлөбөй жатат деп билдирүүдө. Бирок университет жетекчилиги учурунда кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, окуу жай мындай төлөмдөн бошотулганын жана бул келишим дагы эле күчүндө деген жүйөнү карманып турушат. Ал арада өкмөт талаштын чоо-жайын аныктап жатат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ноябрь айында Бишкекте орун алган Борбор Азиядагы Америка университети имараты үчүн үч жылдан бери ижара акысын төлөбөй келатканын жарыялаган. Алар университет менен өкмөттүн ортосунда 1998-жылы түзүлгөн келишимдин күчү 2009-жылы кеткенин негиз кармап, андан бери окуу жай бюджетке жылына 6 миллион сомдон төлөшү керек деген позицияны карманууда.

Фондго караштуу мүлк мамилелери боюнча департаменттин жетекчиси Экмат Байпакбаев окуу жай коммерциялык мекеме болгондон кийин мамлекеттин балансындагы имарат үчүн акы төлөөгө милдеттүү дейт:

- Университетке эч кандай каршылыгыбыз жок. Бирок алар коммерциялык мекеме болуп, өкмөттүн имаратын ижарага алып, пайдаланып жаткандан кийин акысын төлөш керек эле. Студенттер акча төлөп окуп жаткандан кийин коммерциялык мекеме да. Биз азыр бюджет таңкыстыгы болуп турган кезде бардык имараттардын ижара акыларын, өкмөттүн мүлкү аркылуу каражаттарды кантип бюджетке түшүрүү керектигин карап жатабыз. Бизде "келишимдери бүттү" деген буйрук бар.

Окуу жайдын жетекчилиги, тескерисинче, келишим дагы эле күчүндө жана имарат узак, чектелбеген мөөнөткө берилген деп ырастады.

Окуу жайдын каржы маселелери боюнча вице-президенти Талант Султанов ижара акысы жок эле окуу жайдан Кыргызстандын бюджетине жылына 1 миллион сомго чукул каражат салык иретинде түшүп турганын белгилейт. Мекеменин киреше табуу кызыкчылыгы жок болгондуктан, колдо бар документтерге ылайык ал коммерциялык болуп эсептелбейт.

- Биздин юристтер карап көрүп, келишим күчүндө экенин аныкташты. Бизге бир жыл мурун Мамлекеттик мүлк фондунан кат келип, жооп берген элек. Андан бери расмий эч кандай байланыштар болгон жок. Биз интернет, сыналгыга чыккан жаңылыктарды гана көрүп жатабыз. Бул имарат Мамлекеттик мүлк фондуна эмес, президенттин аппаратына карайт. Бирок ошентсе да биз ушундай бир юридикалык жактарын карап чыгууга, кызматташууга даярбыз. Бирок азыр диалог бир тараптуу болуп жатат.

Талаш өкмөттүн көңүлүн бурду

Америкалык университеттин айланасындагы талаш акыркы айларда интернетте гана эмес, парламентте да депутаттардын кызыгуусун жаратып, "эмне үчүн кымбат окуу жай ижара акысын төлөбөшү керек?" деген суроолорду жаратып жатат.

Ушул тапта өкмөт иштин чоо-жайын иликтөөнү Тышкы иштер министрлиги менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырган.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева "имарат мөөнөтсүз убакытка берилбеши керек, келишимде ал канча жылга, кандай шартта берилери такталышы керек" деген ойдо:

- Биз тапшырма бердик. Бул имарат өкмөттүн балансында турат. Алар өздөрүнүн сунуштарын айтып жатышат. Келишим керек, анда так мөөнөтү көрсөтүлүп, акчасы болсо акчасы көрсөтүлүшү керек дегендей бир укуктук макулдашууга келели деп сунуш кылып жатышат. Азыр биздин колдо келишим жок. Аны карап көрөлү дедик. Эмне деген келишим? Эгер ал чет өлкөлүк келишим болсо, ал парламенттен ратификацияланышы керек. Кыскасы, анын статусун карап чыгып, ага жараша калган иштер аныкталат.

2010-жылы да Америка университетинин тарыхый мааниси бар имаратка жайгашуусу ар кандай сын пикирлерди жараткан. Ошол учурдагы депутат Исхак Масалиев кыргыз мамлекетинин символу болгон бул имаратта окуу жайдын орун алышы орунсуз деп айтып чыкканы маалым.
Университетке эч кандай каршылыгыбыз жок. Бирок алар коммерциялык мекеме болуп, өкмөттүн имаратын ижарага алып, пайдаланып жаткандан кийин акысын төлөш керек эле.

Серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин көз карашында университет өкмөттөн уруксат алып, бул имаратка жайгашып, орун алып калганда аны кетирүү туура эмес. Ал эми анын мөөнөтү, акысына байланыштуу маселе келишимдин гана шарты менен чечилиши керек.

- Келишим боюнча иштөө керек. Анда мөөнөт бүтсө, акы төлөө керек, бүтө элек болсо, анда ошол шарт менен иштөө керек. Бизнесте, башка нерседе тактык болбосо иш жүрбөйт. Эгер имаратты бербей турган болсо, башында эле ошондой чечиш керек эле. Эми окуу жай өздөштүрүп алгандан кийин ар кандай шылтоону айтканы туура эмес.

Бишкекте жайгашкан Америкалык университет 1998-жылы ачылган. Ушул тапта анда 360 киши иштейт. Университетте окуган 1 миң 100 студенттин 81 пайызын жергиликтүү жаштар түзөт. Азыр окуу жайдын жаңы кампусу курулганы жатат. Талант Султановдун айтымында, эгер 2013-жылы студенттер жаңы кампуска көчүп кала турган болсо, анда имарат талашына чекит коюлмакчы.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG