Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Кыргызстанды башка өлкөгө чаташтырган окуучулар


Оштогу окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн №15 мектеп.
Оштогу окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн №15 мектеп.

Кыргызстандагы өзбек тилдүү мектептер окуу китептери жетишпегендиктен Өзбекстандан басылган китептерди колдонушууда.

Окуучулардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстанды чаташтырган учурлар да жок эмес. Адистер бул көйгөйдү алдын алуу керек деп, коңгуроо кагышууда.

Китеп тартыштыгы көп жылдык көйгөй

Билим берүү министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин мүчөсү Абубакир Жураевдин айтымында, түштүк аймагындагы айрым окуучулар Кыргызстанга караганда, кошуна өлкөлөр тууралуу көбүрөөк билишет.

- Бул көйгөйдүн пайда болгонуна көп болду. 1995-жылы муну биринчи жолу Араван районундагы мектептерден уккам. Мектептин окуучуларынан "президентиң ким" деп сураса, "Ислам Каримов" деп жооп кайтарышкан. Мындай окуялар азыр да кайталанууда. Баткен облусунун Лейлек районундагы бир мектептин окуучуларынан "президентиң ким" десе, "Каримов" деп жооп беришиптир. Биз окуучулардын улуттук атрибуттарды жана Кыргызстандын президентин башка өлкөнүн президенттери менен алмаштыруусуна каршыбыз.

Лейлек районундагы өзбек тилиндеги Кайрагач орто мектебинин окуучулары Өзбекстандын окуу куралдарын колдонгондуктан, кошуна өлкөнүн президенти Ислам Каримовду өз президенти катары аташаарын жергиликтүү сайт жазып чыккан эле.

Мындай көрүнүшкө жол бергендиги үчүн Билим берүү министрлиги мектептин деректири Ынтызар Халматовага сөгүш бергендигин да маалымдаган. Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Керез Жүкеева Халматовага сөгүш берилди деген маалыматты четке какты.

Ал эми Кайрагач өзбек мектебинин деректири Ынтызар Халматова болсо окуянын чоо-жайын “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Баткенге келгенде “мектептерде окуу куралдары жетишпейт. Ошондон улам Өзбекстандын китептерин колдонобуз. Кээ бир мектептерде окуучулардан “президентиң ким деп сураса, Каримов деп жооп берген учурлар болгон” деп айткан болчум. Муну кабарчылар туура эмес түшүнүп алганбы билбейм, Кайрагач мектеби ушундай экен деп, бизге жармаштырып, жазып жиберишиптир.

Аны менен катар Ынтызар Халматова өзү жетектеген мектеп окуу китептери менен болгону 25 пайыздын тегерегинде гана камсыздалганын айтты. Ошондон улам окуучулар Өзбекстандан басылган китептерди колдонууга аргасыз.

- Биздин мектеп боюнча 7-класска чейин окуу китептери бар. Андан жогору окуу китептер жок деп айтсак болот. Кыргызстандын өзүнүн окуу китептери жок.

Алакан жайган министрлик

Билим берүү министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн адиси Кенжекан Усупованын айтышынча, өлкө боюнча кыргыз мектептери 61, орус мектептери 59, өзбек мектептери 62, ал эми тажик мектептери 64 пайызга гана окуу куралдары менен камсыз болгон.

- Бүгүнкү күндө өзбек мектептеринин 1-6-класстары үчүн Кыргызстандын программасына шайкеш келген окуу куралдары которулуп, басылып жана жеткирилген. Ал эми 7-11-класстагы окуу китептеринин кээ бирин, чындыгында эле Өзбекстандан алынган окуу куралдары менен окуп жатабыз.

Ошондой эле Усупова жыл сайын окуу куралдары үчүн казынадан 100 млн. сом бөлүнүп келсе, быйыл 200 млн сом каралганын кошумчалады. Бирок бул каражат деле китеп тартыштыгын азайтууга жетпейт экен.

Билим берүү министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңештин мүчөсү Абубакир Жураев кыргыз эмес мектептердеги окуу куралдарынын мазмуну жөнүндөгү маселени Байкоочу кеңеш кезектеги жыйында караганы жатканын маалымдады.

- Кээ бир мектептерде чет мамлекеттердин китептерин окуп, ошолордун президентин жана борборлорун таанып, ошол эле кезде биздин гимнди билбегендерди тарбиялоого каршыбыз. Бул абдан кылдат карай турган маселе болуп жатат. Ошон үчүн Байкоочу кеңеш бул маселени көтөрөлү деп чечтик.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 2191 мектеп бар, алардын 1380и кыргыз тилиндеги мектептер. Таза орус тилиндеги мектептердин саны 152 болсо, кыргыз-орус аралаш мектептердин саны 512ни түзөт. Мындан тышкары 139 өзбек жана аз сандагы тажик тилиндеги мектептер бар.

XS
SM
MD
LG