Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Эржигитов: Газ маселеси чечилди


Бишкек жана Чүйдү газ менен тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу маселеси чечилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Мелис Эржигитов билдирди.

- 18-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, газ маселесин талкуулады. Премьер Сатыбалдиев 13-декабрдан бери Бишкек менен Чүйдө газ басымы төмөндөп кеткенин айтып, мурдагы деңгээлдегидей берүүнү суранды. Казак тарап макул болду. Жыйынтыгында күндүн экинчи жарымынан баштап газдын басымы мурдагы деңгээлге жетет.

- Декабр ортолоп калганы менен кыш дале алдыда. Мындан ары ушундай кырдаал түзүлбөйт деп өкмөт кепилдик бере алабы?

- Газ боюнча келишим ушул жылдын аягына чейин түзүлгөн. Ал эми 2013-жылга карата сүйлөшүү эми гана башталып жатат. Жыйынтыгы ийгиликтүү болот деп үмүттөнүүдөбүз.

Ошондой эле премьер-министр элге кайрылып, жылытуунун альтернативалык түрлөрү да болуусу керек деп айтты. Бул жеке сектордо жашагандарга тиешелүү. Көмүр жана суютулган газ сатып алса, анын эч зыяны жок. Тилекке каршы Кыргызстан газды 100 пайыз сырттан сатып алат. Ошондуктан өкмөт газдын басымы төмөндөп кетпейт деп кепилдик берүүдөн алыс.

XS
SM
MD
LG