Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Тигүү тармагы аксап турат


Бишкектеги Дордой базарында сатылып жаткан кийим-кечелер.
Бишкектеги Дордой базарында сатылып жаткан кийим-кечелер.

Экономика беш айдын ичинде 8.4% өстү. Бирок тигүү тармагы төмөндөөдөн чыгалбай келатат. Анын себептери эмнеде?

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8.4% өсүп, жалпы суммасы дээрлик 107 млрд. сомду түздү.

Кумтөрдү кошпогондо өсүш бир аз ылдыйраак болуп, 5.6% түзгөн. Тармактар ичинен курулуш 16%, кызмат көрсөтүү 7.2% өскөн. Негизги капиталга инвестиция 7.2% көтөрүлгөн. Инвестиция негизинен кайра иштетүү, мейманкана жана ресторан, транспорт жана байланыш тармактарынын негизги капиталына салынган.

Кыргызстан экономикасында тескери көрүнүштөр да сакталууда. Маселен, жыл башынан бери текстиль жана тигүү тармагы төмөндөөдөн чыга албай келатат. Беш айдын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 19% түшүп кеткен.

Энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Сапар Асанов бул тармактагы төмөндөөнүн себебин мындай түшүндүрдү:

- Жай кеч келип, Орусиянын базарында талап бир аз ылдыйлап калды. Биздин тигүүчүлөр негизинен жайкы кийимдерди тигишет. Жайында жакшы эле болот деп турабыз. Сезон эми эле башталды. Июнь, июль, август - жакшы мезгил. Ушул мезгилдерде көрсөткүчтөр көбөйүшү мүмкүн.

Асан Сапаровдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө тигүү тармагында 150 миңден ашуун киши иштейт. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн Ново-Павловка айылында тигүү технополисин куруу пландаштырылууда. Бул долбоорго жер бөлүү иши өкмөттө макулдашылууда.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев Кыргызстандын тигүү тармагынын төмөндөөсүн кеңирирээк себептерден көрөт. Анын айтымында, буга Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү таасир этти:

- Орусия ДСУга киргенден кийин Кытай товарларынын тоскоолдуксуз өтүүсүнө бир аз жеңилдиктер пайда болду. Ошондуктан бизге жаңы атаандаштар пайда болду. Эми биз Made in China менен Орусия жана Казакстан аймагында күрөшүүбүз керек.

Пономаревдун маалыматы боюнча, Орусия 2017-жылга чейин бажы төлөмдөрүн 5.6% төмөндөтөт. Бизде азыр 5.1%. Ошондуктан келечекте Кыргызстан үчүн атаандаштык дагы күчөйт. Мындай шартта Бажы биримдигине кирүү абалды жакшыртат. Азыркы кезде кыргызстандык тигүүчүлөр жана текстиль тармагы Бажы биримдигине киргенден кийин фурнитура, кездемеге беш жыл жеңилдик берүүнү сурап жатат. Бул мезгил ичинде тармак бир топ тыңып, конкуренцияга жөндөмдүү болуп калат деген ишенич бар,-дейт Пономарев.

Кыргызстан экономикасындагы дагы бир терс көрүнүш тышкы соодада сакталууда. Тактап айтканда, тышкы соодадагы тескери сальдо улам көбөйүп баратат. Төрт айдын жыйынтыгында экспорт 411 млн. доллар болсо, импорт 1 млрд. 700 млн. долларга жетип барган. Демек, тескери сальдо төрт эседен ашып кеткен. Өкмөт бул тенденцияны алтын экспортунун азайышы, текстиль жана кийим-кечелердин сыртка аз сатылышы менен байланыштырууда. Экспорт менен импорттун ортосунда өтө чоң айырманы Кара-Балта мунай кайра иштетүүчү заводдун ишке кирүүсү менен кыскартууну өкмөт караштырып келатканы маалым. Белгилүү болгондой Кыргызстан мунай затын дээрлик толугу менен сырттан алып келет.

Кыргызстанда жумушсуздук жогору бойдон калууда. Расмий маалымат боюнча, 63 миңден ашуун киши жумушсуз, ал эми иш жүзүндө андан көптүгү белгилүү. Кеминде 500 миң кыргызстандык эмгек миграциясында жүргөнү эле аны тастыктап турат. Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 10 миң 700 сом. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдөн экени маалым. Маселен, доллар менен эсептегенде Кыргызстандагы орточо айлык 220 доллар, Казакстанда 640, Орусияда 900 доллар экени маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG