Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Чоң-Алайда "Кайдини" иштетпей жатышат


Кыргыз-кытай "Кайди" компаниясынын имараттары. Чоң-Алай, 17-август, 2012.
Кыргыз-кытай "Кайди" компаниясынын имараттары. Чоң-Алай, 17-август, 2012.

Чон-Алайдагы «Кайди» компаниясынын ишине нааразы болгондор премьер-министрдин келишин талап кылууда.

Нааразы болгон жергиликтүү тургундардын тобу бул завод экологияга зыян алып келет, анын айынан аймакта оорулар көбөйүшү мүмкүн деп чочулап жатат. Андан сырткары, заводдо иштеп жаткандардын арасында кыргызстандыктардын аз экендиги да элдин нааразылыгына себеп болууда. Ишкананын жетекчилиги мындай нааразылыктар орунсуз экенин айтып келет.


"Кайдиден" кандай пайда?


«Кайди» кыргыз-кытай тоо-кен инвестициялык компаниясы Кыргызстанга 2009-жылы келген. Компания Чон-Алай районунун борбору Дароот-Коргонго жакын жерге завод куруп, бардык жабдыктарды алып келгени менен ушул убакытка чейин толук иш баштай албай турат.

Жергиликтүү эл кытай компаниясы Кыргызстанга пайда алып келбейт жана аймактын экологиясын бузат деген негизди карманышып, кенчилердин иштешине тоскоолдук кылууда.

"Кайди" компаниясы, Чоң-Алай.
"Кайди" компаниясы, Чоң-Алай.
Алардын бири Чак айылынын тургуну Ырыскул Каримбеков:

- Кендин калдыктары сууга агат. Андан биз ичебиз. Оорулар пайда болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу булар бизге таза суу чыгарып беришти, бирок анысы деле маал-маал эле иштейт...

Дагы бир тургун Жамалдин Беков болсо “Кайди” компаниясында мамлекеттер аралык эки тараптуу келишим да жок болсо керек деп эсептейт:

- Буларда эч кандай документ жок болсо керек деп ойлойм. Келишимди көрсөт десең, калп эле бир кагазды көрсөтүп коюшат. Лицензия алганбыз деп алдашат. Биздин Кыргызстанда калп эле буларга документ даярдап берчүлөр бар... Эгер чын эле мыйзамдуу болсо, биз нааразылыкка чыккан убакта милиция келип, неге мыйзамды бузуп жатасын деп бизди камап коюш керек болчу да. Андай кыла алышпай атат го...

Жергиликтүүлөрдүн нааразылык себептеринин дагы бири -компанияда кытайлык жумушчулардын көптүгү. Буга ишкананын алтын улоочу фабрикасынын директору Жунус Сейдановдун жообу төмөнкүчө:

- Бул баары адис маселесине келип такалат. Бизде кенчи адистер жетишпейт. Жергиликтүү кишилердин арасында инженер-металлургдар жок. Айласыздан Кытайдан алып келип иштетебиз.

Жунус Сейдановдун айтымында, кытайлык жарандарга карата нааразылыктар күчөп жатканына байланыштуу ишкананын жетекчилиги аларды Чоң-Алайдан кетирүүгө да аргасыз болгон:

- Эки-үч күн мурда эле тоодо кен казып жаткан кытайлыктарды тургундар барып, кууп түшүштү. Жетекчилик айласыздан аларды Ошко кетирди. Кайра келип иштешеби же жокпу, чечиле элек.

Компания ачылгандан бери кен ташуучу болуп иштеп жаткан Дамир Батыркулов да нааразы болуп жаткандардын талаптары негизсиз деп эсептейт:

Эл айтып жатат – зыяндуулугу көп деп. Ооба, зыяны бар, жыттанат, чаңыйт. Бирок мындай абал бардык эле ишканада болот да. Ал эми кытайлар көп иштеп жатат дегени туура. Жергиликтүү жарандардан көбүрөөк жумушка тартышса жакшы болмок. Андай дейин десек, бизде адистер жок да. Кыргызстандыктар азыр өзүбүз муну эптей албайбыз...

Чон-Алайдагы бардык эле жашоочулар “Кайди” компаниясынын иштешине каршы эмес. 70 жаштагы Сайдылла Пазылов бул айрым кишилердин гана кызыкчылыгы деген пикирде:

- Бул эми беш-алты эле кишинин кызыкчылыгы. Алар Ош же Бишкекте отуруп алышып, элди күүлөп атышкан болушу мүмкүн. Кандай максаттары бар экенин билбейм...

Райондун акими Абдылазиз Аширалиевдин айтымында, эл айтып жаткан зыяндуулук боюнча атайын комиссия түзүлүп, жакында лабароториялык текшерүүлөр жүргүзүлгөн:

- Комиссиянын курамында экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан, айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен адистер келишип, абадан, казылган кенден, суудан, топурактан анализдерди алышып, нурданууну да текшеришип, зыяндуулугу жок деген чечим чыгарышкан.

Нааразылыктын себеби эмнеде?

Жогорудагыдагыдай чечимге карабай, эл арасында нааразы пикирлер токтой элек.

“Кайди” компаниясынын жетекчилеринен бири Ван Кун Мухэнин оюнча, буга адамдар арасындагы туура эмес көз караш себеп болууда:

- “Кайди” компаниясы Кыргызстанга аябай чоң пайда алып келет. Ал үчүн аны иштетүү зарыл. Тилекке каршы, бизге андай мүмкүнчүлүктү бербей жатышат. Азыр биз бул ишти баштасак, убагы келгенде ишкана толугу менен Кыргызстанга калат. Ага чейин биз мыкты жергиликтүү адистерди даярдап беребиз... Биз зыянсыз иштейбиз. Чыгындыларды көмүү үчүн, элге залакасын тийгизбөө үчүн бардык шарттарды түзгөнбүз.

Ван Кун Мухэ мырзанын айтымында, Чоң-Алайда кен казуу иштерин жүргүзүүнү каалаган бул компания казылмаларды тазалоодо эч кандай уулуу заттарды колдонбойт.

Табылган пайданын канча бөлүгү Кытайга, канчасы Кыргызстанга тиешелүү болот деген суроого жооп ала албадык. Бирок компаниядан мамлекетке жыл сайын түшчү салык 28 миллион сомду түзөөрүн “Кайдинин” Чоң-Алайдагы алтын улоочу фабрикасынын директору Жунус Сейданов айтты:

- Алтын үчүн төлөнгөн салык толугу менен мамлекеттик бюджетке түшөт. Күмүш жана жез үчүн төлөнгөн салыктын жарымы жергиликтүү бюджетке, жарымы мамлекеттик бюджетке түшөт.

- Табылган пайданын канча бөлүгү аларга, канчасы Кыргызстанга калат?

- Табылган пайда Кытайга эмес, компаниянын өзүнө гана таандык болот. Ишкана Кыргызстанда каттоодон өткөндөн соң, пайданын баары ушул жерде калат.

- Кытай ишканасы болуп жаткандан соң, аларга да пайда алып келиши керек го?

- Жок, пайда компаниянын өзүнө гана тиешелүү болот. Негизи, бул эки мамлекеттин ортосунда чечиле турган маселе, чоңдор өздөрү чечип алышсын.

Чак айылына асфальт төшөө.
Чак айылына асфальт төшөө.
“Кайди” компаниясы Кытайдын мамлекеттик ишканаларынын бири болуп саналат. Ушул тапта бул ишкана Чоң-Алайдын Чак жана Алтын-Мазар айылдарынын жолуна дагы бир Кытай компаниясы аркылуу асфальт төшөөдө. Өткөн жылы түтүк тартып, таза суу да чыгарып бериптир. Эгер жумушка тоскоолдуктар болбосо айылдарды аралап аккан Кызыл-Суу каналына көпүрө салууну убада кылышууда.

17-август күнү жергиликтүү калк “Кайди” компаниясына иштеп туруу үчүн 10 күн убакыт берди. Бул аралыкта өкмөт башчы келип, зыяндуулуктун жок экенине, компаниянын Кыргызстанга тийчү пайдасы жөнүндө элге өзү айтсын деген талаптарын коюшту. Болбосо 10 күндөн кийин кайра нааразылыктарын улай турганын билдирүүдө.

Чоң-Алайда бул компанияга нааразылык былтыр да чыккан. Жергиликтүү элдин тобу мындан бир жумадай мурда, 11-августта болсо компаниянын кыргыз-кытай чек арасын көздөй бет алып бараткан жүк ташуучу унааларын Кытайга алтын кошулмаларын мыйзамсыз ташып баратат деген негизде кармап, укук коргоо органдарына тапшырган.

XS
SM
MD
LG