Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Айдаркен сымабы – дүйнөдө үчтүн бири


Толубай Салиев, Айдаркен сымап комбинатынын башкы директору.
Толубай Салиев, Айдаркен сымап комбинатынын башкы директору.

Баткендеги Айдаркен сымап комбинаты сымап өндүрүү боюнча дүйнөдөгү ири өндүрүштөрдүн бири жана Кыргызстан үчүн өтө маанилүү стратегиялык ишкана катары бааланып келет.

Британияда жайгашкан “Merchant Research & Consulting Ltd” химия өнөр жайын, анын ичинде сымап өндүрүшүн жана рыногун изилдеген дүйнөдөгү абройлуу инвестициялык компания. Анын маалыматы боюнча, өткөн 2010-жылы дүйнөдө сымаптын 71 проценти Кытайда, 13 проценти Кыргызстанда, 8 проценти Чилиде, калган сегиз проценти Перуда жана башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн. Бул Айдаркен сымап комбинаты дүйнөлүк рыноктогу экинчи чоң оюнчу экенин жана ал Кыргызстан үчүн өтө маанилүү стратегиялык ишкана экенин күбөлөйт.

Биздеги маалымат боюнча, АСК өндүрүштүк жактан өтө оор жыл болгон 2010-жылы 100 тоннага чукул сымап өндүрсө, быйыл алты айда 63, 6 тонна сымап чыгарган. Ал эми соңку беш жылдагы эң мыкты делген 2007-жылы өндүрүш 332 тоннага жеткен.

Баткен дубанындагы Айдаркен сымап комбинаты Совет заманында СССРдин түстүү металлургия тармагында белгилүү ишканалардан болгон. Ал кезде комбинат түздөн-түз Москванын камсыздоосунда болуп, чыгарган продукциясын сатуу жөнүндө жетекчиликтин башы ооручу эмес. Кыргызстан төбөлсүздүк алганы узак жылдар калыптанган тышкы өндүрүштүк байланышы үзүлүп, ишкана оор жылдарды баштан кечирди.

Комбинаттын бүгүнкү абалы, ички-тышкы өндүрүштүк проблемалары тууралуу анын башкы директору Толубай Салиевди кепке тарттык.

«Азаттык»: Толубай мырза, Айдаркен сымап комбинатында жылдын алгачкы жети айы боюнча товардык продукциянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге жакын өсүптүр, натыйжада 24 млн. сомго жакын киреше алынган экен. Совет заманындагы көзгө көрүнөрлүк тоо кен ишканалары дале мурдагы ыраатында иштебей турганда мындай ийгиликке кантип жетиштиңиздер?

Толубай Салиев: Мындай ийгиликке биздин инженердик-техникалык курам кыйынчылыктарга карабастан жакшы иштегенинин натыйжасында жеттик.

«Азаттык»: Сиздердин комбинатта эң биринчи кыйынчылыктар кайсы эле, кайсы кыйынчылыктарды жеңдиңиздер?

Толубай Салиев: Эң биринчи кыйынчылык - шатыларды суу басып калган болчу, күндүр-түндүр иштеп атып суунун деңгээлин токтотуп, бир горизонтту сактап ошону иштетип атабыз азыр. 2-3 айдын ичинде 40 метрдей сууну сордурсак биз көрсөткүчтөрдү мындан дагы жакшы деңгээлге жеткиребиз.

«Азаттык»: Ошондо жыл соңуна чейин канча тонна сымап өндүрөсүздөр?

Толубай Салиев: Жылдын аягына чейин 200 млн. сомго сымап чыгарабыз деп атабыз.

«Азаттык»: Азыр дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өсүп жатат, 1 унций, же 28,35 грамм алтын бүгүн Лондондун биржасында 1786 доллар экен. Ал эми сымаптын баасы кандай болууда дүйнөлүк базарда?

Толубай Салиев: Дүйнөлүк базарда Роттердамдын баасы боюнча бүгүн максималдуу баа 1650 бир фляга.

«Азаттык»: Бир флягада канча сымап бар?

Толубай Салиев: 34 жарым кг. Бул дүйнөлүк стандарт. Дүйнөлүк рынокто 1650гө чыккан бир фляга, биз болсо 2 миң долларга сатып атабыз Бишкекте азыр.

«Азаттык»: Кайсы кардарларга, же өлкөлөргө сатып жатасыздар?

Толубай Салиев: Кореяга, Орусияга, Индияга, Түркияга сатып жатабыз.

«Азаттык»: Товардык продукциянын өсүшү албетте эмгек акыга да таасир этти. Ошондо бүгүн жумушчулардын маянасы өткөн жылга салыштырмалуу канчага өстү?

Толубай Салиев: Өткөн жылы бир адамга 5600 болсо, бул жылы 9700 сомго чыкты.

«Азаттык»: Кенчилерде демейде айлыкты бургулоочулар көп алчу эле. Сиздерде азыр бургулоочулардын айлыгы канчага жетип калды?

Толубай Салиев: Бир айда 30-40 миң сомго чейин алышат.

«Азаттык»: Демек айлык көтөрүлүп атса сиздерде жумушчуларга, инженердик-техникалык кызматкерлерге тартыштык жок болсо керек. Анткени түштүктөн өтө көп адамдар Орусияга миграциялап кетип атпайбы?

Толубай Салиев: 2009-10-жылдары кыйынчылыктар бар эле. 2011-жылы айлык акыны көтөрүп, убагында бергендин негизинде бизде инженер, техник, жумушчулар толук болуп калды.

«Азаттык»: Совет доорунда Айдаркен сымап комбинатынын, ошондой эле Кадамжайдагы сурма комбинатынын Фергана шаарында темир жолдон келген керектүү заттар сакталчу килейген кампалары бар эле. Ошолордун тагдыры азыр эмне болгон?

Толубай Салиев: Ал жакка азыр техниканы, адамдарды да өткөрбөйт, проблема абдан чоң.

«Азаттык»: Кампалар ошол бойдон калып кеттиби?

Толубай Салиев: Камапалар ошол жерде калып, биз азыр которуп алдык.

«Азаттык»: Темир жолдон жүк ташууга мүмкүндүк жок экен. Анда сиздер керектүү темир тезектерди унаа мененби, же учактар менен ташыйсыздарбы?

Толубай Салиев: Биз автомашина менен Бишкекке жеткирип, андан ары темир жол менен, же учактар менен жөнөтүп жатабыз. Ташып келгенде дагы темир-тезектерди Бишкектен биз машина менен алып келип жатабыз.

«Азаттык»: Кадамжайдын жанында, Вадилдин тушунда бир чакырымга жетпеген жол Өзбекстан аркылуу өтөт. Ал жерден жардыргыч заттарды ташып жатканда кыйынчылыктар, кооптонуулар жокпу?

Толубай Салиев: Бир кайрылыш жерден торго түшүп калсаң абдан чоң проблема болот. Ошон үчүн биздин жолдорубуз жаман болсо дагы айланма жолдор менен өтөбүз.

«Азаттык»: Өндүрүштүн өнүгүшү үчүн эң маанилүү нерсе эркин каражаттын, же акчанын болушу. Сиздердеги жабдуулар Совет заманынан калган жабдуулар экен. Жаңы жабдууларды, техниканы сатып алыш үчүн арзан кредит болуш керек. Сиздерде бул жагынан маселе кандай чечилген?

Толубай Салиев: Азырынча маселе чечилген жок. Эски техникалардын үчөөсүнөн бирди чыгарып, капремонт жасап иштеп жатабыз. Жаңы товардан алдын ала алган суммага техникаларды сатып алып жатабыз.

«Азаттык»: Маегиңизге рахмат, ишиңиздерге ийгилик.

XS
SM
MD
LG