Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Мамбетов: Кумтөрдүн кезектеги оюну


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, тоо-кен тармагы боюнча адис Шергазы Мамбетов кендин бир бөлүгүндө иш токтотулушун комиссия ишине тоскоолдук катары баалайт.

- Кумтөрдө алтын казууга даярдалып жаткан бөлүктө иш токтогонун тоо-кенчилердин кесиптик кошууну билдирип, жүздөн ашык адам жумушсуз калышы мүмкүн деп айтып чыкты. Бул боюнча “Кумтөр оперейтинг компани” азырынча түшүндүрмө бере элек. Иштин токтошун сиз эмне менен байланыштырат элеңиз?

- Мен бул компаниянын кезектеги оюну го деп ойлойм. Себеби тоо-кен ишинин эрежеси боюнча байытуучу фабрика эч качан бир нече айга токтобошу керек. Болбосо жүздөгөн кишилер жумушсуз калып, иштин өзү токтоп калып жатпайбы. Кенди бөлүп алып жаткан жер – байытуучу фабрика да.

- Бирок айрым маалыматтарга караганда, компания иш планга ылайык эле токтотулганын билдирип жатыптыр. Алтын бөлүгүндөгү иштин токтошу алдын ала эле пландаштырылышы мүмкүнбү?

- Эми планга ылайык да болуп калышы мүмкүн. Бирок алар ишти мамлекеттик комиссия текшерип жатканда токтотуп коюшу туура эмес эле болду. Себеби экологиялык маселелерди тактоо үчүн фабрика иштеп турушу керек эле. Фабрикадан чыккан зат кандай кетип жатканын, канчалык таза экенин комиссия анализдеш керек болчу.

Анан иштебей турган жерден эмнени алат? Менин жеке оюмда, булардын ошол анализдерге тоскоолдук болуу үчүн жасап жаткан эле жумушу.

- Ошол мамлекеттик комиссия жакында кендеги иликтөөсүн баштады. Алгачкы байкоолор кандай?

- Мен бул долбоор менен алпурушканыма чындыгында 20 жыл болду. Депутаттык алтын комиссиясынан бери билем да. Негизи көп маселелер бар. Юридикалык жагынан, экономикалык, техникалык жагынан көп эле каталар бар. Дале ката кетирип жатышат.

Азыркы жагдай биздин Акаев, Бакиев баштаган качкын президенттерибиздин ишинин көрсөткүчү. Алар тигилердин авантюраларына бара беришти. Азыркы жетекчилер тигил жетекчилерге караганда тазараак тургандыктан эмне кылаарды билбегендиктен бир амалы – ошол фабриканы токтотуп коюу. Мен ушундай деп ойлойм.

- Кендеги абал боюнча компаниянын жетекчилиги менен ачык сүйлөшүп, мунаса табууга мүмкүнбү? Сиз оюн жүрүп жатат деп жатасыз...

- Менин оюмча, биздин азыркы жетекчилерибиз саясий туруктуулук кылып, алданбай, дагы эле айтам, алданбай туруп берсе, оңдоого болот. Эмне үчүн? Кен биздики да. Мына 260 тонна казылып алынды. Дагы кыйла кен бар.

- Кендеги абалды жөнгө салууда мамлекеттик комиссиянын корутундусу өбөлгө түзө алабы? Комиссиянын иши менен кендеги экологиялык, экономикалык маселелер чечилет деп ишенүүгө болобу?

- Болот... Эмнеге дегенде азыркы мамлекеттин башында тургандар таза кишилер. Алар таза бойдон туруп берсе, баары болот. Себеби мурунку комиссиялардын ишинин баары жетекчиликке барып такалчу. Мурдагы башчылар алданган да.

P.S. Алтын кендеги соңку кырдаал боюнча “Кумтөр оперейтинг компани” азырынча түшүндүрмө бере элек. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев “Кумтөрдө” иш өз нугу менен жүрүп жатканын, болгону бир бөлүктөгү пландалган иш акырына чыкканын “Азаттыкка” билдирди.
XS
SM
MD
LG