Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Шамбесай: кимге алтын, кимге жашоо?..


Майдан айыл өкмөтүнө кире бериштеги жазуу. Кадамжай району, 19-октябрь, 2013.
Майдан айыл өкмөтүнө кире бериштеги жазуу. Кадамжай району, 19-октябрь, 2013.

Баткендин Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенине байланышкан маселе Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду.

18-октябрда Майдан айыл өкмөтүнүн тургундары “Зет-Эксплорер” компаниясынын өкүлдөрүн кенге жолотпой, күч менен сүрүп чыгаргандан кийин кырдаал курчуп кеткен. Кадамжай райондук милициясы ал окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Элдин сүрүнөн токтогон сурак


"Зет-Эксплорердин" талкаланган техникасы, 19-октябрь, 2013.
"Зет-Эксплорердин" талкаланган техникасы, 19-октябрь, 2013.
Австралиялык “Зет-Эксплорер” компаниясы Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында 2005-жылдан бери геологиялык-чалгындоо ишин жүргүзүп, Шамбесай алтын кенин ачкан. 2012-жылы декабрь айында кенди иштетүүгө лицензия алган. Бирок жергиликтүү калк экологиялык себептерге байланыштуу кендин ачылышына каршы чыгып келатат.

Быйыл сентябрь айында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев, район бийлиги жана “Зет-Эксплорердин” өкүлдөрү жергиликтүү калк менен жолугушуп, кенди иштетүү маселесин коюшкан.

Айнектери талкаланган трактор.
Айнектери талкаланган трактор.
Бирок жергиликтүү калк кенди иштетүүгө толук каршылыгын билдирген. Ага карабай 18-октябрда компания техникаларын кен жайгашкан жерге алып кирүүгө аракет жасаганда, ага жергиликтүү калк мүмкүнчүлүк берген эмес. Натыйжада компаниянын тракторунун айнектери сындырылган, кагаздары өрттөлгөн.

Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, “Зет-Эксплорер” компаниясынын мыйзамдуу лицензиясы бар. Мына ошого байланыштуу техникаларын киргизген. Ал эми 18-октябрдагы окуя боюнча кылмыш иши козголду:

- Бейбаштык боюнча, тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуу жана өрттөө боюнча деп, үч берене боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Азыркы күндө ошол боюнча оперативдик кылмыш ишин иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Мадумаровдун айтымында, эл ичиндеги толкундоолорго байланыштуу жергиликтүү калкты суракка чакыруу токтотулду.

Майдан айылдык кеңешинин төрагасы Боркош Жамшитовдун билдирүүсүнө караганда, Майдан айыл өкмөтүнүн кырк тургунуна милициядан чакыруу келген. Бирок эл кырк жаран эмес, баарыбыз бирге барып жооп беребиз деп жөнөп калганда, бийлик суракты токтотууга аргасыз болгон.

Маселе Жогорку Кеңеште каралууда

Жергиликтүү калк жана Майдан айылдык кеңешинин депутаттары кен иштетилсе анда боло турган жардыруулар, уу калдыктары сакталган жайлар Исфайрам дарыясына, ошол аймактын экологиясына коркунуч алып келет деп чочулоодо. Алар Исфайрам дарыясынан 150 миң адам суу ичерин да эске салышууда. Анткени Шамбесай алтын кени Исфайрам дарыясына жана Майдан айылына өтө жакын жерге жайгашкан.

Исфайрам дарыясы
Исфайрам дарыясы
Майдан айыл өкмөтү эле эмес, ага кошуналаш башка айылдардын калкынын да тынчын алган алтын кендин тагдыры Жогорку Кеңеште карала баштады. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев буларды айтат:

- Бул маселе кечээ күнү Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана кен байлыктар боюнча комитетинде каралды. Бардык тиешелүү органдар чакырылды. Мамлекеттик геология, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция, Кадамжай районунун акими болду. Ошол жерде бул маселе талкууланды. Анан кандайдыр бир чечимге келиш үчүн 29-октябрда дагы карала турган болду.

Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, 29-октябрдагы жыйында Геология агенттиги да кенге байланыштуу өз позициясын билдирет.

Шамбесай алтын кенинде 10 тоннага жакын алтын бар экени тастыкталган. Австралиялык “Зет-Эксплорер” компаниясы кенди ачык жол менен казып алууну пландаштырып жатышат. Бирок бийлик структураларынын ичинен Майдан айылдык кеңешинин депутаттары кенди иштетүүгө каршы чыгууда. Аларды айыл өкмөттүн калкы колдоп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG