Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Молдошева: Бааны жөнгөрүүгө утурумдук чара керек


Монополияга каршы мамлекетттик агенттиктин деректиринин орун басары Динара Молдошева азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сиздердин агенттик эң керектүү товарлардын баасын жөнгө салып, көтөрбөй кармап туруу үчүн утурумдук чара киргизүүнү сунуштап чыккан экен. Токтомдун долбоорун даярдап өкмөткө да жөнөткөн экенсиздер. Айтсаңыз, бул утурумдук деген кандай чара, кантип ишке ашат?
Динара Молдошева: Чынын айтканда Кыргызстан 20 жылдан бери базар шарттарында жашап жатат. Бул жерде сөзсүз түрдө мамлекет тарабынан бааны жөнгө салуу принциптери аз болушу керек. Анткени мурунку системадан базар системасына өтүп кеттик. Бирок момундай учурларда, азыр дүйнө боюнча кризис учурунда утурумдук чаралар керек. Биздин экономикабыздын өнүгүү темпин көрүп атабыз. Эң керектүү азык-түлүккө баа күндөн күнгө көтөрүлүп жатат. Менимче, ушундай учурда мамлекет тарабынан убактылуу механизмдерди киргизиш керек.

“Азаттык”: Ал кандай механизмдер?

Динара Молдошева: Биз өкмөткө үч нерсени сунуштадык. Биринчиси, бул – силер айткандай токтомдун долбоору. Бул долбоор боюнча убактылуу механизм катары мисалы, бир айгабы, же үч айгабы бул эми өкмөттүн чечими менен болот, эң керектелген азык-түлүк бааларын жөнгө салуу механизмдери кирет.

Экинчиси, бул – атаандаштык тууралуу мыйзам долбоор. Биз өкмөт менен макулдашып долбоорду буюрса Жогорку Кеңешке киргизебиз. Бул мыйзам долбоордо бир жакшынакай нерсе бар, биз аны КМШга кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарынан алдык. Эгерде мисалы Кыргызстанда эң керектелген азык-түлүккө баа 30 пайызга көтөрүлсө, анда 90 күнгө чейин мамлекет тарабынан азык-түлүк бааларын жөнгө салуу механизмдери кирет.

Үчүнчүсү, бизде 2008-жылы биз азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Бул мыйзам иштеп жатат. Ошол мыйзамдын биринчи принцибине ылайык, эгерде мамлекетте азык-түлүк кризиси боло турган учурда өзүнүн чечими менен ага каршы азык-түлүк бааларын убактылуу жөнгө салуу механизмдерин киргизе алат. Бул жерде мисалы кээ бир товарларга максималдуу баа коюлат, же өндүрүүчүлөргө, же сатып алып келгендерге бааны 15 пайыздан ашык көтөрбөйсүңөр деген талапты коёт.

“Азаттык”: Өкмөткө жөнөткөн токтомдун долбоорунда бааларды жөнгө салуу механизмдери Орусия, Казакстан жана Молдованын тажрыйбасынан алынды деп айтылды. Бул мамлекеттерде мындай ыкмалар ийгиликтүү натыйжа берип жатыптырбы?

Динара Молдошева: Мындай тажрыйба эми аларда жаңы эле кириптир. Мисалы Орусия мындай мыйзамды былтыр кабыл алган. Бирок бул убактылуу норма. Жаз айларында бизде гана эмес, Орусия, Казакстан же башка өлкөлөрдө деле экономикалык жактан абдан кыйын болуп жатат.

“Азаттык”: Базар эми өзүнүн мыйзамы менен өнүгөт эмеспи, сатуучулар эч качан товарын өзү алчу пайдадан кемитип сатпайт, сатып алгандар чөнтөгүнө карап иш кылат дегендей. Мындай шартта бааларды жөнгөрүү үчүн киргизген утурумдук ыкмалар натыйжа береби?

Динара Молдошева: Эми чынында биздин агенттиктин эң негизги функциясы бул эмес. Эң негизги функциясы - бул монополияга каршы мыйзамдын чегинде иш алып баруу. Биз керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча иштеп жатабыз. Азыркы учурда көрүп жатасыздар, элдин баары, жарандарыбыздын баары эле кыйналып жатат. Ошондуктан бизге, өкмөткө кайрылып жатат. Убактылуу болсо да ушундай механизмдерди киргизбейсиңерби деп атышат. Чынында азыр экономикалык жагдайдан улам биз убактылуу нормаларды, убактылуу эрежелерди киргизебиз го, бул бизге керек. Эми нормаларды ишке киргизип көрөлү, анан калса деле Казакстан, Орусиянын мыйзамдарында деле бар. Алар деле колдонот деп ойлоймун.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG