Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Экономикада өсүш бар, өркүндөө болобу?


Кумтөр сентябрдагы дурус иштөөсү менен жалпы өнөр жайдын өсүүсүн 24.5% жеткирген.
Кумтөр сентябрдагы дурус иштөөсү менен жалпы өнөр жайдын өсүүсүн 24.5% жеткирген.

Кыргызстан экономикасынын тогуз айдагы көрсөткүчтөрү жарыяланды. Ага ылайык ички дүң продукция тогуз айда 9.2% өсүп, өткөн жылдагы төмөндөөнүн залакасын жокко чыгарганы байкалууда. Кумтөр, курулуш, айыл чарба тармактары дурус өсүш берген менен тамак-аш, текстиль, тигүү тармактарынын көрсөткүчтөрү начарлап кеткен.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында турат. Бул биримдиктин ичинде Бишкек тигүү жана кайра иштетүү тармагы менен өз ордун табууну көздөп келатканы маалым.

Бирок үмүт арткан бул тармактар жыл башынан бери аксап келатат. Мамлекеттик чиновниктер андагы төмөндөөнү сезондук фактор менен түшүндүрүүгө аракет жасап келди. Маселен, жергиликтүү тигүү компаниялары жаз жана жай мезгилиндеги кийимдерди тигүүгө ыкташкан, ошондуктан жыл ортосунда мыкты иштеп, көрсөткүчтөр сөзсүз оңолот калат деп келишкен. Анткен менен тогуз айдын жыйынтыгы боюнча тигүү тармагы 12.3% төмөндөп, тескерисинче абалы начарлоо жолунда кала бергени байкалат. Бирок текстиль буюмдарын импорттоо өсүп кеткен.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, текстиль жана текстиль буюмдарынын импорту тогуз айда өсүп, ал жалпы импорттун өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 13% өсүүсүнө салымын кошкон. Бул Кыргызстан экономикасындагы талылуу маселелердин бири болгон импорттун экспорттон төрт эселеп көп болуусуна алып келүүдө.

Кыргызстан экономикасындагы көңүл жубаткан жагдай, Кумтөрдүн дурус иштөөсү жана курулуш тармагындагы өсүштөр менен шартталат. Өлкөнүн жалпы өнөр жайынын 39% түзгөн Кумтөр сентябрдагы дурус иштөөсү менен жалпы өнөр жайдын өсүүсүн 24.5% жеткирген. Кумтөрдү кошпогондо өнөр жайы болгону 1.7% өскөн.

Дурус көрсөткүчтөргө жетишип жаткан дагы бир тармак - бул курулуш. Бул тармакка тогуз айда капиталдык салым дээрлик 14% өсүп, жалпы көлөмү 41 млрд. сомдон ашкан. Ал эми курулуш продукцияларын өндүрүү 20% ашып, жалпы көлөмү 40 млрд. сомдон ашкан. Капиталдык салым негизинен тоо-кен, кайра иштетүү, энергетика объекттерине жана үй салууга жумшалган.

Экономика министрлигинин макроэкономика башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы дурус көрсөткүчтөр негизинен эки-үч тармактагы өсүштөр менен аныкталып турарын тастыктайт. Ошол эле мезгилде бул өсүштөр жалпы экономикада бурулуш мезгил башталды дегенге негиз бербейт дейт Шамшиев:

- Эми антип айтканга азыр кичине эртерээк. Себеби быйылкы жылы негизги өсүштү Кумтөр камсыз кылып жатат. Анан айыл чарбасында аба ырайынын жакшылыгына байланыштуу түшүмдүүлүк дурус болду. Экономикада бул жакшы көрүнүш. Бирок аны бурулуш деп айтканга болбойт. Мындай туруктуу өнүгүү башталды десек болот.

Насирдин Шамшиевдин эсебинде, Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдун жакында ишке кириши, Токмоктогу айнек заводдун толук кандуу ишке кирүүсү жана Кант, Кызыл-Кыядагы цемент заводдордун жакшы иштеп жатышы эмки жылы да өсүш дурус болот дегенге негиз берет.


Көз карандысыз экономист Сапар Орозбаков Кыргызстан экономикасы өйдө-ылдый болуу көйгөйүнөн арыла элек деп, аны мындай негиздеди:

- Бурулуш деген түшүнүк бар го. Андай болбойт. Жакын арада да болбойт. Ал үчүн тийиштүү экономикалык саясат жүргүзүш керек да. Булардын (өкмөт) андай саясаты байкалбайт. Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү стратегиясында мурункудай эле жалпы сөздөр. Инвестиция келсе эле экономика өнүгүп кетет дегендей. Инвестиция келбейт да. Анын келбей жатышын саясатка байлап, туруктуулук жок, ошондуктан келбей жатат дешүүдө. Негизи андан деле эмес. Инвестиция келиш үчүн бизде мыйзамдар катуу сакталуусу шарт. Мыйзамдардын сакталбашы, сот реформасынын аягына чыкпаганы маселе бойдон турат.

Сапар Орозбаковдун пикиринде, курулуш тармагындагы өсүштөр жалпы көрсөткүчтөргө кошумча болот. Бирок элиталык үй курулуштары, алтын өндүрүшү, мигранттардын акчасы Кыргызстан экономикасында “голланд” дартын пайда кылып жатат. Ал жалпы акча-насыя саясатына да терс таасирин тийгизип, Улуттук банктын ставкаларды көтөрүүсүнө, анын натыйжасында насыялардын кымбат болушуна алып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG