Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Эмендерге эмне болду?


Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында айрым дарактар саргайып, жалбырактары күбүлүүдө.

Мындай жагдайды шаардын чар тарабынан байкоого болот. Жай эми гана башталганына карабастан дарактар эмне үчүн жашыл өңүнөн азып жатат?

Жайдын келгенине жарым айдын гана жүзү болду. Табият мыйзамына ылайык, бул мезгилде баары көктөп, айлана жашылга бөлөнүп турары маалым. Бирок Бишкектеги бак-дарактар эртелеп эле өңдөн азып, сары түскө көчө баштады.

Бишкекте баш-аягы 15 бак-дарактуу аймак бар. Мындан тышкары жол жээктерине да дарактар тигилгени белгилүү. Аларда эмен дарагы басымдуулук кылат. Мына ошол эмен жалбырактары дээрлик саргайып, азыртадан күбүлүүдө.

Бишкектеги муниципалдык “Жашылдандыруу курулушу” ишканасынын жетекчиси Закир Коомбаев эмендерге күбө курту түшүп, ошондон ооруп жатышканын билдирди.

- Болгон лабораториялардын баарына кайрылып, алардын жыйынтыктарын алдык. Бул эменге түшкөн күбө куртунун айынан болуп жатыптыр. Азыр илим изилдөөчүлөр муну кантип дарылоонун жолун издеп жатышат.

Дарыны дарактардын үстүнөн дельтоплан менен чача турган жолу бар. Бирок мындай учурда ал көчөдөгү элге зыянын тийгизет.


Коомбаев абадагы нымдуулуктун жогору болгону курттарга ыңгайлуу болуп, мындай көрүнүш бир эле Бишкекте эмес, башка да аймактарда орун алып жатканын билдирип, жетиштүү деңгээлде сугарылып жатканын да кошумчалады.

Ал эми "Жашылдар" партиясынын лидери Наргиза Абдылдаева саргаюунун себебин башкадан көрөт. Анын айтымында, буга адамдар өздөрү себепкер болууда.

- Биринчиден, атайын жасалып жатат. Атайын куурап калгандан кийин кыйып, ири имараттарды, кафелерди салыш үчүн. Экинчиден, бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик арыктарды тазалабай, дарактарга суу жетпей жатат.

Эгерде мэриянын кызыкчылыгы болуп, буга көңүл бурса арыктар тазаланып, бактарга суулар жетмек. Үчүнчүдөн, кеч киргенде байкайбыз, шаар ичинде бактарга көптөгөн жалтырак-жултурактарды, лампочкаларды жайгаштырып коюшкан. Ошолор да бактарга абдан чоң зыян келтирет.


“Бир кезде Бишкек куштар конгон шаар эле” деген көз карандысыз эколог Рүстөм Кабылбековдун оюнча, саргаюуга эки себеп бар. Биринчиси, тийиштүү санитардык иштердин жүргүзүлбөгөнү. Экинчиси, тыйын чычкандар.

- Бир убакта бизге жасалма атайын тыйын чычкандарды алып келишкен. Тыйын чычкан чымчыктын жумурткасы менен азыктанат да. Ошондуктан чымчык калбай кетти шаарда. Чымчыктар ошол бак-дарактардагы курттарды жечү.

Адамдарга тийгизген зыяны

Эколог Болот Молдобеков адатта эмен жалбырактары сентябрды этектей гана саргарып күбүлүп түшөрүн эске салды. Ал эми минтип табият режиминин бузулушу адамдарга, дегеле жандууларга зыян алып келерин белгилейт.

- Мына бактардын баары саргарып атат, жерге түшүп атат. Булар жайында бир канчалаган кычкылтек иштеп чыгышы керек эле да. Ал эми саргайып атса кычкылтек иштеп чыгуусу да азаят.

Демек тазалануу айлампасы, аба алмашуу анча болбой калып атпайбы. Андан башка аллергиялык оорулар пайда болот мындан улам.


Бул арада дарактар тездик менен саргайып, алтурсун куурай баштады. Шаардык жашылдандыруу кызматы болсо чукул чараларды азырынча көрө алчудай эмес.

Жашылдандыруу кызматынын жетекчиси керектүү изилдөө иштери жүргүзүлгүчө убакыт өтөрүн, андыктан күбө куртка каршы чараны күзүндө көрө турганын айтып жатат.

Ал эми шаардыктар жай али быша электе бак-шактар саргайып жатканына бир чети сарсанаа болуп карашууда.

XS
SM
MD
LG