Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Мамыров: Күчү 8 баллга жеткен зилзала болушу мүмкүн


Жер титирөөдөн кийин Кажы-Сайдагы китепкананын абалы.
Жер титирөөдөн кийин Кажы-Сайдагы китепкананын абалы.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 7 баллга жеткен зилзала катталды. Силкинүүнүн очогу Кажы-Сайда 6 балл болуп сезилди. Сейсмология институтунун директорунун орун басары Эрнес Мамыров “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бүгүн жердин силкиниши көптөрдү бир топ эле чочутуп койгонсуду. Биринчи эле сураганы – дагы силкиниши мүмкүнбү? Кайра кайталанбайбы?

Эрнес Мамыров: Күчтүү, жер үстүнө чыкпаса да жердин астында болуп кетти. Менимче автошоктор башталат. Ушул убакытка чейин биз алтоону каттадык. Жердин титирегени улам азайып отуруп, айдын этегине чейин майда силкинүүлөр гана күтүлүүдө. Аларды адамдар сезбейт деле.

“Азаттык”: 2012-жылдан баштап Кыргызстан сейсмоактивдүү зонага киргени буга чейин айтылды эле. Ушул канчага чейин созулат?

Эрнес Мамыров
Эрнес Мамыров

Эрнес Мамыров: Маалыматтарга караганда сейсмологиялык активдүү зонага 2008-жылы эле киргенбиз. Мындай абал 2024-2025-жылдарга чейин созулушу мүмкүн. Бирок аба ырайында деле күн бирде ысып, бирде муздап кеткендей эле, жер титирөө да толкун-толкун менен келип турат.

Өзүбүздүн маалыматтарыбыз боюнча, 2014-2015-жылдары майда жер титирөөлөр да болуп турат, күчтүүлөрү да көбөйүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргызстандын кайсы облустарында жер титирөө көп катталып турат?

Эрнес Мамыров: Жер титирөөлөрдүн 60-70% түштүктө болот. Баткен, Ош облустары, Кытай жана Тажикстан чек араларында көбүрөөк катталат. Памир тоолору түндүккө жылып, биздин тоолорду сүзгөнсүп, ошондон майда жана күчтүү жер титирөөлөр болуп турушу мүмкүн.

“Азаттык”: Майда жер титирөөлөрдүн болуп турганы жакшы деп уктум эле...

1911-жылы Кеминде 9 баллдык жер титирөө катталган
1911-жылы Кеминде 9 баллдык жер титирөө катталган

Эрнес Мамыров: Бир жагынан жер астындагы катмарлардын күчү улам кетип турса жакшы эле. Бирок кээде, майдасы да, чоңу да жоголуп калат. Күн күркүрөөрдүн алдында мемиреген жымжырттык өкүм сүрүп, анан катуу жамгыр жаайт эмеспи. Ошондой эле жер катуу титиреши мүмкүн. Биздин жүрөгүбүздү өйүтүп, коркутуп жаткан аймак – түштүк.

“Азаттык”: Азыр сейсмологиялык абалды жалпысынан кандай деп бааласа болот?

Эрнес Мамыров: Ушул жылдын аягы жана кийинки жылы жер титирөөлөр көбөйөт. Бул маалыматты биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бергенбиз. Алар менен тыгыз иштешип жатабыз. Жакында эле кайсы жерде күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн деп картаны даярдадык. Бүгүн болгон жер титирөөнү биз 2011-жылы бөлүп чыгарганбыз. Ошол жерде Кажы-Сай аймагында 6-7 балл жер титирөө болот деген маалыматты бергенбиз.

“Азаттык”: Ошол карта боюнча жакын арада кайсы жерде жер титирөө болот деп күтүлүп жатат?

Эрнес Мамыров: Биринчи кезекте түштүктө, тоолордун этегинде күтүлүүдө. Буга чейин Казакстандын аймагында жер титирөөлөр болду эле. Ошол улам бизге жылып келатат. 15-августта Ысык-Көлдүн түндүгүндө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Эми ошолор көбөйүүдө. Бул жалгыз гана биздин маалыматыбыз эмес. Кытай жана Казакстандын сейсмологдорунун маалыматы боюнча, Ысык-Көлдүн түндүгүндө 1-2 жылдын ичинде 6-7, балким 8 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Ушул 8 баллдык жер титирөөнүн кесепеттерин алдын алуу үчүн кандайдыр бир чаралар көрүлүп жатабы?

Эрнес Мамыров: Кыргызстандын көпчүлүк калкы айылда жашайт. Ал жактагы үйлөрдүн көбү саман кыштан тургузулган. Бул үйлөр 7 баллга гана туруштук берет. Мына бүгүнкү жер титирөөдөн кийин көп үйлөрдөн жарака кетти. Курулуш маселеси биринчи орунда турат. Кайсы жерге үй салбайлы, бардык аймагыбыз жер титирөөнүн таасиринде болгондон кийин бир бөлмөлүү үй курсак да бекем үй куруш керек. Ушул өтө көйгөйлүү маселе болуп турат.

2008-жылы октябрь айында Алай районунун Нура айылында күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн айыл тыптыйпыл болуп, 75 киши каза тапкан.
2008-жылы октябрь айында Алай районунун Нура айылында күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн айыл тыптыйпыл болуп, 75 киши каза тапкан.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын, студенттердин колунда кайсы жерде күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн деген маалымат болуш керек.

Мисалы, 12 айдын ичинде Тянь-Шань тоолорунан үч жолу толкун келет. Биринчиси – март-апрелде. Андан кийин бир аз тынчып калабыз. Экинчиси – майда ойгонуп, июль-августта күчөп, үчүнчү толкун октябрда башталат, ноябрь менен декабрда күч алат. Ошол маалыматты ар бир киши билиши керек.

“Азаттык”: Жаныбарлар жер титирөө болоорун алдын ала сезишет эмеспи. Учурда жок дегенде канча бир мүнөт мурда жер титирөө болот деп болжолдоп айта аласыздарбы?

Кара-Суунун Савай-Арык айылындагы мектеп 2008-жылдагы жер титирөөдөн жапа чеккен
Кара-Суунун Савай-Арык айылындагы мектеп 2008-жылдагы жер титирөөдөн жапа чеккен

Эрнес Мамыров: Борбор Азия аймагы боюнча мындай лаборатория, жаныбарларды, чычкандарды, жыланды караган жалгыз лаборатория Алматыда гана бар. Жаныбарлар 1-2 күн мурда сезе баштайт. Мунун баарын изилдеш үчүн атайын лаборатория керек.

“Азаттык”: Кыргызстан сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарга кирет эмеспи. Негизи мындай учурда калк жердин силкинүүсүнө даяр болуш керек. Бирок бүгүн жер титиреп жатканда жеке мен өзүмдү жоготуп койдум. Мага окшоп эмне кылаарын билбей, алдастап калгандар көп эле болсо керек...

Эрнес Мамыров: Бул жагынан жапон элинен үлгү алышыбыз керек. Алар жыл сайын кайсы бир учурда мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын кызматкерелери атайын даярдыктан өтөт. Өрт өчүргүчтөн баштап, суу ташыганга чейин баары өз милдетин өз маалында аткарышы керек.

XS
SM
MD
LG