Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:19

Аркадий Дубнов: Кыргыз элитасынан көңүлүм калды


Аркадий Дубнов, "Время новостей" гезитинин кабарчысы.
Аркадий Дубнов, "Время новостей" гезитинин кабарчысы.

Орусиялык журналист Аркадий Дубнов Кыргызстанда коалиция боюнча сүйлөшүүлөр, партиялардын лидерлеринин чет-өлкөлөргө сапары тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Дубновдун ишениминде, Атамбаев Москвага келгени чын болсо, ал Кремль менен алдыдагы коалиция жөнүндө сүйлөшүүгө гана келет.

Аркадий Дубнов: Мен Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирбейм. Ошон үчүн ал эмне кылып жүргөнү жөнүндө так маалыматым жок. Бирок шайлоо алдынан Атамбаев улам эле Москвага каттап, орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүгө аракет кылганын, кийин көрүшүп, Путин анда Кыргызстанга жардам иретинде 10 млн.доллар акча бөлүп, күйүүчү майдан, күзгү себүү үчүн уруктан колдоо кылаарын айткан болчу. Аны Атамбаев шайлоодо да дурус эле колдонду. Эми ал ошол аткарган иши жөнүндө отчет бергени келген болушу мүмкүн. Андан сырткары, непада ал “Ата Мекен” менен, анын лидери Өмүрбек Текебаев менен коалицияга барса, Москва Атамбаевден жүзүн буруп калбай турганына ынаныш үчүн келсе керек. Жалпысынан алганда, коалицияны куруу боюнча азыркы биринчи жолку аракет майнапсыз болот деген айрым байкоочулардын сөзүнө кошулам.

Төрөкул Дооров: Президент Роза Отунбаева деле “Эгерде социал-демократтар коалиция кура алышпаса, бул үчүн мандат “Ата Мекенге” берилет” дебеди беле?

Аркадий Дубнов: Менимче, Отунбаева минтип айтканынын себеби – ал башынан эле коалиция түзчү тараптар мунасага келишсин деп коркутканы болсо керек. Анткени кыргыз элитасында баары эле Өмүрбек Текебаев өкмөттүн башына келишин каалай беришпейт.

Төрөкул Дооров: Аркадий, азыр эми Атамбаевден сырткары, Өмүрбек Текебаев Парижде жүрөт. Феликс Кулов Украинада экени айтылууда. Сиздин оюңузда, коалиция курчу негизги лидерлердин азыркыдай иш кызып турган кезде баары бир учурда чар тарапта жүрүшкөнү кокустукпу же мунун артында бирдеме болушу мүмкүнбү?

Аркадий Дубнов: Текебаевдин Парижге азыр барып калганы чын эле кокустук болушу мүмкүн. Бирок аны Кремлге жаман көрсөтөм дегендер, балким, анын Францияга сапарын “Мынакей, Текебаев дагы бир жолу өзүнүн батышчыл экенин далилдеп жатат” деши да ажеп эмес. Ал эми Кулов расмий түрдө Украинага кетти деп айтылды. Чынында каякта жүргөнүн ким билсин...

Төрөкул Дооров: Эгерде Алмазбек Атамбаев Москвага коалиция боюнча сүйлөшүүгө барганы чын болсо, азыр орус жетекчилиги негизи кандай коалиция болушун каалайт деп ойлойсуз?

Аркадий Дубнов: Мен Кремлдин кызыкчылыгын коргобойм. Бирок бул маселеде “Кыргызстанда стабилдүү бийликке, туруктуулукка алып келчү коалицияны колдойбуз” деген айрым орусиялык жетекчилердин оюна кошулат элем. Менимче, Орусия Кыргызстанга өзүнүн атынан же өзү жетекчилик кылган, негизги добушка ээ болгон уюмдардын, маселен, ЕврАзЭШтин атынан барып жаткан инвестициянын корголушун камсыз кылганга аракет кылат.

Төрөкул Дооров: Сиз азыр коалиция биринчи аракеттен эле түзүлүп калбашы мүмкүн дедиңиз. Жаңы жылга Кыргызстан жаңы өкмөт менен кирет деп ойлойсузбу?

Аркадий Дубнов: Мен эч кандай жоромол кылгым келбейт. Бирок өкмөт жаңы жылга чейин түзүлөт деп ойлойм. Антпесе, азыр сууктан тоңуп, ачкачылыктын, бөлүнүп-жарылуунун кырында турган Кыргызстан үчүн эки ай бою өкмөттү түзүүнүн үстүндө тартыша берген өтө эле узак болуп кетмек.

Чынын айтсам, мен азыркы кыргыз элитасынын көпчүлүк өкүлдөрүнөн аябай көңүлүм калып турат. Аларда өлкөнүн келечеги үчүн жоопкердик сезими деген нерсе такыр жок окшойт. Азыр кыргызстандык карапайым эл мына ушул кишилердин жеке бири-бирине болгон көралбастыгын тамаша кылганга аргасыз болуп калды. Маселен “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов “Биздин экономикалык программаны кабыл алсаңар гана коалицияга кошулам” дегени өзүн көтөргөндүк, өзүнүн маанисин, аброюн көтөрмөлөп көрсөткөнү деп баалайм. Бул – жоопкерсиз кадам. Азыр көп нерсени сүйлөшүп, мунаса табуу менен чечиш керек. Шайлоодо бир да партия 10% ашык добуш топтой албады. Анан кантип булар кескин талаптарды кое алышат? Анан “Ата-Журттун” төрагасы Камчыбек Ташиев да партиялашына таарынып, парламентке келбей койгону такыр акылга сыйгыс нерсе болду. Мунун артында эмне тураарын билбейбиз, биз сыртын гана көрө алабыз. Ал эми сырттан караганда, бул аябай уятсыз, адепсиз жана жоопкерсиз аракет катары көрүнөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG