Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:21

Таштанды чыгарган жигитти ажал тооруп турат


Жеңишбек Касымов
Жеңишбек Касымов

Оор илдетке чалдыккан Жеңишбек Касымовдун кесиби айдоочу. Ал операцияга жана ипотекага карызын төлөш үчүн күн сайын жумушка барат. Ага кесиптештери: Бишкектеги көчө шыпыргандар менен жүк ташыгандар айлыгынын жарымын беришкен. Бирок учурда керектүү сумманын төрттөн бир бөлүгү гана чогулду.

Жеңишбек Касымов – Бишкектеги таштанды чыгарган муниципалдык ишкананын айдоочусу. Мамлекетке таандык машинени ал өзүнүн буюмундай аздектейт. Жүк ташыган автоунаа да ээсине ак кызмат өтөп келет.

“Бул машине мени багып жатат. Ошол себептүү аны убагында жууп, майын алмаштырып турам. Муну жаңы алып келишкенде жетекчилик дароо эле мага берген”,- деди ал.

Бирок Жеңишбек азыр мурдагыдай иштей албай калды. Оор дарт менен алышкан жигит дарыгерлердин божомолунда, жарым жыл гана жашайт.

Жеңишбек Касымов
Жеңишбек Касымов

“2014-жылы өтүмдү алдыргам. Ошондо жакшы болуп калгам. Бирок жарым жылдан кийин приступ боло баштадым. Мага альвеококкоз деген оору жармашыптыр. Догдурлар операция кылабыз дешти. Бирок боордогу мите кан тамырларга да өтүп кеткен экен. Кан тамырды кескенге болбойт дешти. Жарым жылдык гана жашоом калды. Андан кийин тери менен көзүм саргая баштайт”, - деди жигит.

Ооруга карабай, Жеңишбек күн сайын ишке чыгууга аргасыз. Үйүндө аны үч баласы күтүп отурат. Ипотекага да карызы бар. Өткөн жайда Жеңишбек шаар четиндеги чакан үйгө ээ болуу үчүн насыя алган. Эми 15 жыл бою ай сайын 120 доллардан төлөп турушу керек. Үй-бүлө мындан башка Жеңишбектин боорун алмаштыруу үчүн 45 миң долларды табууга аргасыз.

“Башында башкалардан жардам сурагым келди. Бирок уялдым. Мага керектүү акчанын суммасы да чоң. Туугандарыма керектүү акчаны чогулта албасымды айттым. Бирок балдарың турганда чыйралат экенсиң. Бул сыноодон да өтүш керек”, - деди Жеңишбек.

Анын кесиптештери кайгысы тууралуу билгенде жардам беришкен. Көчө шыпыргандар, ар кандай чарбалык ишти аркалагандар 6 миң доллардай чогултушкан. Мисалы, жүк ташуучу Жаныбек менен Капар ага 5 миң сомдон карматышкан. Бул алардын айлыгынын үчтөн бир бөлүгү.

Жеңишбек кесиптеши менен
Жеңишбек кесиптеши менен

“Муниципалдык өндүрүштүн жетекчилеринен баштап катардагы жумушчуга чейин акча беришти. Башка кызматтарга, мэрге да кайрылдык. Азыр жооп күтүп жатабыз”, - дешти Жеңишбек менен чогуу иштегендер.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири. Бирок андан азырынча жооп жок. Жеңишбектин дарысы үчүн учурда капчыктуулар эмес, шаардын карапайым тургундары акча берип жатат. Бирок Жеңишбек операция үчүн керектүү 45 миң доллардын 10 миңин гана чогулта алды.

Жеңишбек айдаган машине
Жеңишбек айдаган машине

Таштанды ташыган айдоочу машинесинин салонуна мультфильмдеги айтылуу чычканды илип койгон. Аны бир кезде үйүнөн таштанды чыгарткан аял белекке берген экен. Эскирип, чаң басып калган оюнчукту Жеңишбек ыргыткысы келбейт. “Бакыт алып келет" деп ырым кылган жигит бишкектиктер аны ажалдан куткарып каларына ишенет.

“Диета кармайм. Өзүмдү колго алып, ооруну ойлобогонго аракет кылам. Ырас, ойлорум чаржайыт, ошентсе да баары жакшы болоруна үмүт кылам”,- дейт жашоо үчүн күрөшкөн жигит.

P/S Жеңишбекке жардам берүүнү кааласаңыз, төмөндөгү даректерге акча которсоңуз болот:
Optima Bank: 41780001377 Касымов Женишбек Асылбекович
Мобилдик капчык Элсом: 0550615155

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жибек Бегалиева

    2014-жылдын апрель айынан бери "Учур" ("Настоящее время") долбоорунун кабарчысы. Кыргызстандын коомдук каналдарында төрт жылдай иштеген. Кыргыз мигранттары тууралуу бир нече берүүнүн автору. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

XS
SM
MD
LG