Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Эгемендиктин 20 жылы: ким элек, ким болдук?


"Эгемендиктин 20 жылы: ким элек, ким болдук?" аттуу талкууну баштадык. "Азаттык" үналгысына кат же блог жазыңыздар, чалыңыздар, үн кошуңуздар!

Талкууга бардык окурмандар менен угармандар катыша алат жана анын алкагында "Кыргызстан азыр толук көз карандысызбы?", "1991-жылдын 31-августун эстейсизби?", "Эгемендик Сизге эмне берди?" деген ж.б. суроолорго жооп күтөбүз.

Өткөн-кеткен менен тагдырлаш болуп, көкүрөгүңүздө көктөгөн ойлор бар болсо, интернет шеринебизге катышыңыз, же болбосо "Миңсанат: блог дүйнөсүнө" 1-2 беттик ой толгооңузду жазып бериңиз.

Эң мыкты баян, ой толгоо жазган, же ошол доор алмашкан кезди күтүлбөгөн өңүттөн чагылдырган видео жана сүрөттөрдү жиберген окурмандарыбызга "Азаттык"үналгысынын атайын сыйлыктары тапшырылмакчы.

Биз менен ырааттуу байланышып туруңуз!
XS
SM
MD
LG