Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Коомдук уюмдар Ниязалиевага каршы


Дамира Ниязалиева, Жогорку Кеңештин депутаты
Дамира Ниязалиева, Жогорку Кеңештин депутаты

Бир катар бейөкмөт уюмдар Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева ЖКдагы социалдык саясат комитетин жетектебесин деп чыгышты.

Алар Ниязалиева комитет башында туруп, өз бизнес кызыкчылыктарын жакташы мүмкүн дешет. Бирок депутат Дамира Ниязалиева мындай дооматтарга макул эмес.

Депутат кызыкчылыктар тогошкон жердеби?

Өткөн жумада парламенттеги тармактык комитеттерди кайрадан талкуулап, бекиткен Жогорку Кеңеш эми анын жетекчилерин да жаңыдан дайындайт. Ушуга утурлай бир катар бейөкмөт уюмдар Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева парламенттеги социалдык саясат комитетинин башчылыгында калбашы керектигин айтып чыгышты.

“Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун башчысы Бурул Макенбаеванын айтымында, анткени депутат Дамира Ниязалиеванын жакындарынын бир катар дары-дармек саткан ишканалары бар.

- Социалдык тармакта дары-дармектерди чоң көлөмдө сатып алуучу мекемелер бар. Мисалы, ооруканалар, интернаттар. Ал эми Дамира Ниязалиеванын үй-бүлө мүчөлөрү же туугандары дары-дармек алып-саткан тармакта иштешет. Бул жерде түздөн-түз кызыкчылыктар кагылышы болот. Анткени Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө укуктары бар да. Депутат өзүнүн ал укугун бизнес кызыкчылыктарына колдонушу мүмкүн, мындай коркунуч жок эмес.

Макенбаева депутаттын бизнес кызыкчылыгы аралашпаган башка комитетти жетектөөсүнө эч кандай каршы эместиктерин кошумчалады. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” төрайымы Назгүл Турдубекова болсо, буга чейин депутатка жакын фирмалар туура эмес дары-дармектерди алып келгени боюнча чыр-чатактар болгонун да эске салды.

- Бизде чоң окуя болуп, атайын инсулин шприцтердин ордуна жөнөкөй шприцтер келген. Мында коррупциялык элементтер болгон.

Ниязалиева: дооматтар чындыкка коошпойт

Бирок мындай пикирлерге депутат Дамира Ниязалиева макул эмес. Анын белгилешинче, коюлуп жаткан дооматтардын бири да чындыкка коошпойт. Ал Социал-демократтар партиясы өлкөдөгү социалдык тармактын жоопкерчилигин өз мойнуна алып, ага жараша иш алып барып жатышканын айтты.

- Мен бул орунга умтулуп, же жармашкан эмесмин. Анан бул жерде менин туугандарымдыкы делген дары-дармек ишканалар жөнүндө сөз болуп жатат. Алар дагы Кыргызстандын жараны. Алар өз укугун пайдаланып, ачык-айкын ишкердик жүргүзүп жатышат. Эгер алар мыйзам бузуп жатса, бул башка сөз эле. Анда фактылар менен айтышсын. Эгер мен ушул жерде отуруп, өз жакындарымдын фирмаларын коргоп жатсам, эл турат, эл да айтсын. Эч бир андай көрүнүштөр жок. Азыр дарылоочу мекемелерге дары-дармектерди алуу тендер аркылуу жүргүзүлөт. Ага 20-30 ишкана катышат. Кимдин баасы ылайыктуу болсо, ошол утат.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлү. Андыктан Ниязалиева менен бирге анын атына да кинелер коюлууда. Министр Динара Сагынбаев өзүн да, депутатты да актап, буларга токтолду:

- "Ниязалиева социалдык комитет башчысы, министр да ушул партиядан, бул экөө дары-дармектер жаатында бир нерсе будамайлап жатышат” деген сөздөрдү мен да угуп жатам. Бирок андай болгонго эч шарт жок. Бул фирманын дарысын ал, тигил фирманын дарысын алба деп айтканга менин укугум да, мүмкүнчүлүгүм да жок.

Анткен менен Кыргызстанда депутаттар өздөрүнүн же ишкер шериктеринин кызыкчылыгын коргоп, же аларды жактаган мыйзамдарды сунуштаган учурлар бар деген пикирлер да айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG