Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

"Бир дүйнө" жыйынтыкталды


Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” фестивалы соңуна чыкты. Борбор калаада бир жума бою өткөн сынакка дүйнөнүн 12 өлкөсүнө таандык 32 тасма катышкан эле. Алардын арасынан мыкты деген баага “Азаттыктын” “Москвада калган ый” тасмасы да арзыды.

Баш байге Австрияга кетти

Борбор калаада алтынчы жолу өткөн “Бир дүйнө” фестивалынын акыркы күнүн чыр коштоду. Бул күнү голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы белгилүү себептер менен көргөзүлбөй калды. Бирок фестивалдын жабылышы үзгүлтүккө учураган жок. Өз убагында башталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Уюштуруучулардын чечимине ылайык, чет өлкөлүк тасмалар менен улуттук тасмалар эки башка ат салышкан экен. Чет элдик тасмаларды баалаган эл аралык калыстар тобу австриялык режиссер Эд Мошицтин “Мыйзамсыздыкка кабылган эне” тасмасына Гран-прини ыйгарды. Молдовалык үч мигрант аялдын турмушун баяндаган тасма, адамча жашоого умтулууну кылдат ачып бергени үчүн калыстар сынына толгон.

Мыкты улуттук тасмалар

Ал эми жергиликтүү тасмалардын бири да Гран-приге илинбеди. Улуттук тасмаларды баалаган калыстар тобу мунун себебин: “бири да көркөмдүк талапка жооп берген жок” деп түшүндүрдү.

Жаш режиссер Абдулалим Мамадалиев (оңдо)
Жаш режиссер Абдулалим Мамадалиев (оңдо)
Анткен менен алдыңкы орунга татыктууларын иргешкен экен. Жаш режиссер Абдулалим Мамадалиевдин “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмнең бар?” даректүү тасмасын “мыкты” деп табышты. Ошол эле маалда “Азаттыктын” “Москвада калган ый” тасмасы “фестивалдын ачылышы” номинациясын жеңип алды.

Калыстар тобунун мүчөсү Садыр Жумагазы уулу “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмнең бар?” тасмасына адамга жылуу пикир калтырган, оптимисттик тасма деп баа берди:

- Ошол жерде адамдар өз ааламын түзүп алыптыр. Керек болсо аларды мамлекет тааныбай да калыптыр. Жарык жок, машине да барбайт экен. Бирок эч кимге догун артпай жашап атышат. Ушундай адамдар аркылуу жаш режиссер “эй, туугандар, качанкыга чейин бирөөлөргө таянабыз, өз тагдырыбызды өзүбүз чечели” деген ойду бергиси келиптир.

Жарыкка үндөгөн тасма

“Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмнең бар?” даректүү тасмасы жаш режиссер Абдулалим Мамадалиевдин дипломдук иши. Учурда ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 5-курста окуйт. Тасма аркылуу адам менен табияттын эриш-аркагын бергиси келгенин айтат:

- Зардалы электр энергиясы, инфраструктурасы жок айыл. Эски кылымдын бир көрүнүшү деп койсок туура болот. Бул тасма аркылуу табият менен адамдын эриш-аркагын, ички байланышын бергим келген. Ошол жерде бир кадр бар: электр араасы менен дөңгөчтү таарый баштаганда канаттуулар чочуп, уча баштайт. Муну менен ааламдаштыруу келгенде жашообуз кыйындай баштайт дегенди айткым келген. Албетте заманбап жашоо жакшы. Бирок анын терс жактары да бар. Азыр адамдар бири-бири менен интернет аркылуу гана сүйлөшүп, чыныгы мамиле, байланыш үзүлүп бараткансыйт.

Абдулалимдин айтымында, тасманын экинчи мааниси бул - мекенге болгон сүйүү:

- Азыр жаштар желек көтөрүп көчөдө басканы үчүн “патриотпуз” деп төш кагышат. Бирок чыныгы патриоттор өз жерин сүйүп, бардык кыйынчылыктарына чыдап жашайт. Зардалыда ошондой эл, патриоттор жашайт. Эч кандай шарты жок болсо да, киндик кан тамган жерин таштап кетишкен жок.

“Бир дүйнө” адам укугун тасма менен коргойт

“Бир дүйнө” фестивалынын быйылкы катышуучуларынын басымдуу бөлүгү жаштар. Белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, мындай маданий иш-чаранын жыл сайын өтүшү бир жагынан жаштардын киного болгон кызыгуусун ойготсо, экинчи жагынан мамлекетке аброй алып келет.

"Азаттыктын" кабарчылары (солдон оңго карай): Кубат Касымбеков, Аида Касымалиева, Мирлан Токталиев
"Азаттыктын" кабарчылары (солдон оңго карай): Кубат Касымбеков, Аида Касымалиева, Мирлан Токталиев
- Фестивалдын өсүп келе жаткан муун үчүн мааниси зор. Себеби адам укугу бизде көп бузулат. Аны кинонун тили менен айтуу мурда болгон эмес да. Азыр жаш режиссерлордо адам укугун кино менен коргосо болот деген ой калыптанып калды. Экинчи жагынан бул фестивалдын бизде өтүшү мамлекеттин аброюн көтөрөт. Демек бизде сөз эркиндиги бар. Адам укугуна көңүл бурабыз дегенди билдирет.

Ошентип борбор калаада адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” фестивалы соңуна чыкты. Эми тасмалар облустарда көргөзүлүп, андан соң Тажикстанга барат.

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” даректүү тасмалар фестивалынын жыйынтыгы

Улуттук конкурстун жеңүүчүлөрү:

1.“Эң мыкты улуттук тасма”: “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмнең бар?” (реж. Абдулалим Мамадалиев)
2.“Фестивалдын ачылышы” номинациясы: “Москвада калган ый” (реж. Аида Касымалиева, “Азаттык”)
3.“Озуп чыгуу” номинациясы: “Тагдырлар күндөлүгү” (реж. Чынара Сыдыкова)
4. “Калыстар тобунун сыйлыгы”: “Тузак” (реж. Эрнест Абдыжапаров)

Эл аралык конкурстун жеңүүчүлөрү:
  1. Гран-при: “Мыйзамсыздыкка кабылган эне” (реж. Эд Мошиц, Австрия)
  2. Режиссура үчүн сыйлык: “Экзотикалык фото” (реж. Вильям Тиммерс, Ильзе Кок, Голландия)
  3. Калыстар тобунун тандоосу: “Наташаны ким өлтүрдү?” (реж. Милен Соле, Франция)
Балдар жана жаштар конкурсунун жеңүүчүлөрү:
“Төө айдоочулар”, (реж. Вик Сарин, Канада)
Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма:
“Жаңы конуштун балдары” (реж. Гүлжамал Султаналиева)
Кыргызстан кинематографисттер союзу жана кинематография департаментинин атайын сыйлыгы:
“Кичинекей кайра куруу” (реж. Бернхард Петчер, Австрия )
XS
SM
MD
LG