Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Түмөнбай Байзаков. Өмүр соңундагы кубаныч


Сүрөт Интернеттен алынды.
Сүрөт Интернеттен алынды.

Эч кимге окшобогон акын жана адам Түмөнбай Байзаков... Качан болсо тамашасы даяр, аскиясы белен, чын-чынында ички күйүтүн тышкы күлкү менен баскан кайран Түмөке!

Атактуу “Паризатты” жазган, ондон ашык ыр китептерин чыгарган, Барпы Алыкуловдун чыгармаларын чыпчыргасын коротпой топтоп, китеп кылып басып, акыры аны кыргыз адабиятынын классиги катары тааныткан инсан.

Нечен чет өлкөлүк авторлорду кыргызчага которуп, анын ичинде Муса Жалилдин ырларын классикалык деңгээлде кыргызчалаган устат котормочу. Эң негизгиси - мекенчил, Байдылда акын айткандай, "кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн" акын.

Түмөкенин көп ырларынын ичинен бир ыры мындай деп башталат эмеспи:

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Бул сапты билбеген же укпаган кыргыз баласы бар бекен? Жок болсо керек.

Бирок жаңы муун, айрыкча жаштар биз атайылап сөз кылганы отурган акын Түмөнбай Байзаковдун ким экенин, кандай акын болгонун, не деген инсан болгонун билеби? Жок, баары эле биле бербейт.

Түмөнбай акын жаш курагы согуш маалына туш келип, өлүм, өмүр эмне экенин, нака кызыл кыргын, кара сүргүн эмне экенин эрте түшүнгөн жана билген муундун өкүлү эле.

1923-жылы Сузакта, азыркы Барпы айылында туулган Байзаков согуш башталгандын биринчи жылы эле кан майданга аттанган. Ленинград багытындагы салгылашууларга катышып, бирок бактысы бар экен, андан аман-эсен кайткан.

Ыр жазганды, адабият менен шугулданганды да ошол согуш жылдары баштаган. Акын жана котормочу катары негизинен согуштан кийин таанылып, жогоруда айтылгандай, ондон ашык ыр китеп жазып, котормочулук кылып, айтор, бүт өмүрү эмгек менен, чыгармачылык менен жүрүп өткөн адам болгон.

Түмөнбай Байзаков. Эскирбеген элестер
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:01 0:00

Адамдык мүнөзү жөнөкөй, жердигинен иштерман, адам менен бат тил табышкан Байзаков ар кандай кызматтын өтөсүнө чыга турган киши эле. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгү Жазуучулар союзу менен китеп чыгаруу тармагынын айланасында жүрүп өттү.

Анткени ал үчүн чыгармачылык, жазуучулук ар кандай кесиптердин мыктысы да, бийиги да эле. Ошон үчүн жаштарга чыгармачылык жактан жардам көрсөткөн устаттын, кеңешчинин ишин аткарып, дээрлик бүт өмүрү китеп чыгаруу иши менен, басмаканалар менен алек болуп жүрүп өттү.

Байзаковдун акындык, чыгармачылык тагдыры абдан кызык, эч кимдикине окшошпогон тагдыр болду десек туура болот го. Биринчиден, Түмөнбай Байзаков акын катары көп жазбаган, аз жазса да, саз жазган акын эле.

Кээлердей жыл сайын бирден китеп чыгарганга умтулбаган, милдеттенме алгансып күн сайын ыр жазбаган ток пейил акын эле. Ошол эле Түмөкенин катарлаштары, курбалдаштары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев жыл сайын болбосо да, эки жылда бирден ыр китебин пландуу түрдө чыгарышса, Түмөке ал жол менен кеткен жок.

Көп жылын атактуу Барпы акындын адабий мурасын топтогонго кетирди. Ушул жагынан алганда Түмөнбай Байзаков Токтогулду Жоомарт Бөкөнбаев кандай кылып көтөрсө, Барпы Алыкуловду так ошондой кылып көтөрдү, сактады жана элге жеткирди. Байзаков болбогондо, анын Барпы акынга болгон астейдил мамилеси болбогондо биз билген классик акын Барпы Алыкулов болот беле же болбойт беле – аны бир кудайдын өзү билет. Түмөкени ушул эмгеги үчүн да кыргыз адабиятынын тарыхына алтын тамга менен жазсак адилеттик болоор эле.

Түмөнбай Байзаковдун чыгармачылыгына түздөн-түз болбосо да, кыйыр таасирин тийгизген бир маанилүү учурду айта кетпесек болбойт го.

Байзаков кадимки Исхак Раззаковдун жакын бажасы эле. Анын зайыбы Софья Султановна Байзакова Исхак Раззаковдун бир тууган балдызы болчу. Бирок Исхак Раззаков кызматынан кеткенден кийин Түмөнбай ага да ачык болбосо да, кыйыр түрдө «кара тизмеде» калып, өмүрү өткөнчө талантына татыктуу наам алган жок, орден же медаль деген нерсе жакасында жаркырабады.

Анын катарындагы Сооронбай Жусуев менен Сүйүнбай Эралиев «Эл акыны» деген наамды 1970-жылдары эле алса, Түмөнбай Байзаков ал тизмеге эч качан кирген жок жана кириши да мүмкүн эмес эле. Анткени бийлик башында ошол Исхак Раззаковдун оппоненти отурган эле. Балким ошол себептен Түмөнбай Байзаков да чыгармаларында өкмөт менен партияны анча деле асман-айга жеткире мактап, наам алганга, сыйлык алганга умтулган жок. Ошол себептен ордендүү, медалдуу, наамдуу курбалдаштарынан бир аз болсо да кичирейгенсип, төмөнүрөөк сезилгенсип жүрдү. Бирок турмушта адилеттик деген нерсе баары бир ордун табат го. Көзү өтөөргө бир жыл калганда Байзаковдун да жылдызы биринчи жолу жаркырап жангандай болду. Анын себеби Кыргызстандын шаарлары менен айылдарын, тоолору менен талааларын түп көтөрө аралаган легендарлуу «Кыргыз жери» деген ыр болду.

Бул атактуу ырдын тексти Түмөнбай Байзаковдуку, ал эми музыкасы Апас Жайнаковдуку эле. Аны обого алып чыккан атактуу ырчы кызыбыз Саламат Садыкова болчу. Тагдырдын тамашасы же тагдырдын илме кайыптыгы деген ушул болсо керек - Түмөке так өмүрүнүн соңку жылында зор ийгилик, массанын оозуна алынган ыр, хит деген эмне болоорун биринчи жолу билди. Биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун Гүлсарысындай даңканын сапыра алдыга көздөй чуркады; популярдуулук жагынан ага ар дайым өйдөсүнүп караган ордендүү, наамдуу калемдештеринен алдыга озду.

Ырас, адабият деген нерсени спорттук термин же түшүнүктөр менен баалаган эч туура эмес. Бирок Түмөнбай Байзаковдун өлөөр алдындагы чыгармачыл ийгилиги чынында да кубана турган ийгилик эле. Анткени анын ыры - кыргыз элинин маанайын көтөрүп, демине керектүү кезде дем кошкон ыр болду.

«Кыргыз жери» кеминде он беш жыл бою жаңы мамлекет түптөп, анын азабы менен тозогун тартып аткан кыргыз эли үчүн өзүнчө эле бир гимн болду. Кудайдын буйругу менен ошол ырдын биринчи бет ачарында дал Түмөнбай Байзаков өзү да катышып, чекеси нымшып кубанып, Филармониянын чоң залында аты зор сыймык менен аталды. Тилекке каршы, бул кубаныч кечигип келген кубаныч болду. Арадан бир жыл өтпөй кайран Түмөке арабыздан узады.

Түмөнбай Байзаков агабыз көзү тирүү болсо быйыл туура 95 жашка чыкмак экен. Демек, атактуу акын арабыздан кеткенине быйыл туура чейрек кылым убакыт өтүптур. Минтип, азыркы китеп окубаган, китеп эмес, компьютер менен айфон, смартфондорду кадала тиктеген заманга жетиппиз. Көптөгөн окуялар баштан өтүп, нечен суу агыптыр. Ошондой болсо да акындын ысымы аздап унутулуп баратат деп айтканга анча деле негиз жок. Себеби кереметтүү «Кыргыз жери» ошол Түмөке биринчи жолу укканда кандай шаңдуу жаңырса, азыр да ошондой тоолор менен талааларды, шаарлар менен айылдарды токтоосуз жаңыртып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG