Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:59

“Алай ханышасы” балетте


“Алай ханышасы – Курманжан датка” балетинен. Бишкек, 18-декабрь.
“Алай ханышасы – Курманжан датка” балетинен. Бишкек, 18-декабрь.

17-18-декабрда “Алай ханышасы – Курманжан датка” балетинин бет ачары өттү. Музыка адистеринин баамында, композитор Сталбек Бактыгуловдун чыгармасы балеттин ажарын ачып берди.

Улуттук опера жана балет театрынын сахнасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Сталбек Бактыгуловдун музыкасынын негизинде жазылган “Алай ханышасы - Курманжан датка” балетинин бет ачары өттү. Бул чыгарма спектаклге келген көрөрмандарды кайдыгер калтырган жок.

- Курманжан датканын идеологиясы, кыргыз элин биримдикке, ынтымакка чакырган идеология болуп жатат. Музыкасын Сталбек Бактыгулов абдан күчтүү жазыптыр. Анын көөдөнү музыкага жык толгон адам экен. Анан сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов дагы ошол доорду жакшы чагылдырып, жасалгасын көркөмдүк жактан мыкты чечиптир. Жалпысынан бул балет жакшы даярдалыптыр. Бугүнкү күнгө абдан актуалдуу чыгарма, -деди көрүүчү Гүлмира Кулумбаева.

Кыргызстан композиторлор биримдигинин төрагасы Турдубек Чокиев дагы балеттин музыкасы жогорку деңгээлде жазылганын белгилеп, мамлекет тарабынан колдоо болсо башка таланттуу композиторлорго дем берип, анын изденүүсүнө, чыгармачылыгына шарт түзүлөт деп эсептейт.

- Сталбек Бактыгулов музыкасын жазган ушул балеттин коюлушу кайсы бир деңгээлде Кыргызстандын искусствосундагы чоң жаңылык болуп эсептелет. Менин оюмча балет, операга мамлекет тарабынан заказ берилип жазылса. Себеби мындай классикалык өңүттөгү чоң чыгармаларды жазуу бир обонду жазып коюу эмес, көп түйшүктү талап кылат. Бул балетке өкмөт атайын акча каражатын бөлүп, койдуруп жаткандан кийин башка композиторлор да “бизди колдой турган мамлекетибиз бар экен” деп шыктанып, мыкты чыгармаларды жаратат деген ишенимдемин.

Турдубек Чокиев белгилегендей, классикалык өнөргө көп көңүл бурулбай калгандан улам отуз жылдан бери кыргыз композиторлору балетке музыка жазбай калышкан.

“Алай ханышасы - Курманжан датка” балетинде окуя Курманжанды секелек кезинде куда түшүп койгон жерге узатуу менен башталып, анын төркүнүнө качып келиши, башын бошотуп Алымбек даткага жар болушу, даткалык даражага жетиши, хан ордосундагы такты талашуу, уулдарынын падышалык орус аскерлери тарабынан жазаланышы, уулу Камчыбектин даргага асылышы күчтүү музыканын коштоосунда, бий кыймылдары аркылуу чебер чечилген. Ошондой эле драмалык бөлүк катары кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырган, эл жерди коргоо чакырыгы Курманжандын монологу аркылуу берилген.

“Алай ханышасы” тууралуу балетти атайын жаздырган Курманжан датка корунун төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева негизинен спектакль ойдогудай чыгарылганын белгилеп, каармандардын кийимдери жупуну болуп калганын айтат:

- Кийимдери кичине жупуну болуп калган. Ал мезгилде Алымбек датка накта суусардан тебетей кийген. Алай аркылуу жибек жолу менен Кытайга соода-сатык жүргүзүп турган учур болгондуктан кыздар да нукура шайыдан, чыттан саймаланган кооз кийимдерди кийишип, шөкүлө, топулары мыкты болгон. Анан Алымбек датканын ролунда бийлеген балерон жигит образды түзүүдө дагы жакшылап изденип, иштеши керек экен.

Жылдыз Жолдошева “Алай ханышасы” тууралуу балетти чет мамлекеттерге алып чыгып, Курманжан датканын ишмердүүлүгүн таанытуу ниети бар экенин кошумчалады.

Ал эми Мээрим деп өзүн тааныштырган көрөрман спектаклде балет менен драмалык жанр бири-бирин толуктабай калганын, бий кыймылдары абдан жупуну даярдалганын белгилеп, балетмейстр жана режиссер балетти жакшылап иштеп чыкса мыкты болмок деген тилегин айтты.
XS
SM
MD
LG